Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Евреям 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Байыркылардын ишеним жолу

    11:1 Ишеним – бул эмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү.

    11:2 Ушундай ишеними үчүн байыркылар жакшы күбөлөндүрүүгө эү болушкан.

    11:3 Аалам Кудайдын сөзү менен жаратылганын ишеним аркылуу таанып билебиз. Демек, көрүнбөгөн нерседен көрүнгөн нерсе жаралган.

    11:4 Ишеним менен Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Ишеними аркылуу анын адил деп табылгандыгы жөнүндө жана анын тартуулары жөнүндө Кудай күбөлөндүргөн. Ишеними менен ал азыркыга чейин сүйлөп жатат.

    11:5 Ишенгендиги үчүн энох асманга алынды, ал өлгөн жок. Аны таппай калышты, анткени аны Кудай алып кетти. Алынып кетерден мурун ал Кудайга жаккандыгы жөнүндөгү күбөлөндүрүүгө эү болгон эле.

    11:6 Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек.

    11:7 Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз эй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган. өз ишеними менен ал бүткүл дүйнөнү айыптады, ишенимдин негизинде адилеттиктин мурасчысы болду.

    11:8 Ишеними аркылуу Ыбрайым мураска ала турган өлкөгө кетүү жөнүндөгү чакырыкка баш ийип, кайда барарын билбесе да, жолго чыккан.

    11:9 Ишеними аркылуу ал убадаланган жерге келгин сыяктуу отурукташып, ошол эле убаданын мурасчылары болгон Ыскак жана Жакып менен чатырда жашаган.

    11:10 Анткени ал архитектору жана куруучусу Кудай болгон, пайдубалы бекем шаарды күтүп жүргөн эле.

    11:11 Саара төрөбөс болгонуна, жашы өтүп калганына карабай, ишеними аркылуу кош бойлуу болууга Кудайдан күч алган, анткени убада берген Кудайдын ишенимдүү экенин билген.

    11:12 Ошентип, бир адамдан, анан калса, карып калган адамдан асмандагы жылдыздардай сансыз, деңиз кумундай көп урпак тарады.

    11:13 Булардын баары ишенип жүрүп өлүшкөн, убадаланганды алышкан эмес, бирок аны алыстан гана көрүп кубанышкан, алар өздөрүн бул дүйнөдө келгинбиз жана жолоочубуз деп эсептешкен.

    11:14 Алардын бул айтканы чыныгы мекенин эңсеп жүргөндүктөрүн билдирет.

    11:15 өздөрүнүн чыккан жерин өз мекенибиз деп эсептешсе, анда ал жерге кайтууга убакыт табышмак.

    11:16 Бирок алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан. Ошондуктан Кудай алардын Кудайымын дегенден уялбайт. Кудай алар үчүн шаар даярдап койгон.

    11:17 Ыбрайым сыналганда, ишеними аркылуу Ыскакты Кудайга курмандык катары алып келди. Убада алганына карабастан, жалгыз уулун курмандыкка чалуу үчүн алып келди.

    11:18 Бирок ага уулу жөнүндө: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт», – деп айтылган эле.

    11:19 Анткени ал: «өлгөндөрдү тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет», – деп ойлоду, ошондуктан келечектеги тирилүүнүн белгиси катары уулун кайра алды.

    11:20 Келечекке болгон ишеним менен Ыскак Жакып менен эйсапка батасын берген.

    11:21 Жакып өлөр алдында, ишеними аркылуу Жусуптун эки уулуна батасын берген, таягына сүйөнө туруп, Кудайга табынган.

    11:22 Жусуп өлөр алдында, Ысрайыл уулдарынын Мисирден чыгары жөнүндө ишеним менен айтып, өзүнүн сөөгүн алып кетүүнү осуят кылган.

    11:23 Муса төрөлгөндө, анын жакшынакай экенин көргөн ата-энеси аны ишеним менен үч ай бою жашырган. Алар падышанын буйругунан коркушкан эмес.

    11:24 Муса эр жеткенде, ишеними аркылуу фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тарткан.

    11:25 Ал күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгынан Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн.

    11:26 Машайак үчүн кордук көрүүнү ал Мисирдин байлыгынан артык байлык эсептеген, себеби келечектеги сыйлыкты караган.

    11:27 Ал падышанын каарынан коркпостон, ишеним менен Мисир жеринен кетип калган. Анткени ал көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем эле.

    11:28 Тун уулдарды өлтүргөн периште ысрайылдыктарга тийбесин деп, Муса ишеним менен Пасах курмандыгын союп, кашектерге кан сүрткөн.

    11:29 Ишеним аркылуу ысрайылдыктар Кызыл деңизден кургак жерден өткөндөй өтүшкөн. Аларды туураган мисирликтер болсо чөгүп өлүшкөн.

    11:30 Ысрайылдыктар Жерихо шаарынын дубалдарын жети күн айланып чыгышканда, ишенимдери аркылуу Жерихо дубалдары кулаган.

    11:31 Чалгынчыларды тынчтык менен кабыл алган сойку аял Рахап ишенгендиги үчүн моюн сунбагандар менен бирге өлгөн эмес.

    11:32 Дагы эмнени айтайын? Гидон, Барак, Шимшон, Иптах, Дөөт, Шемуел жана башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт.

    11:33 Алар ишенимдери менен падышачылыктарды жеңишкен, адилеттикти орнотушкан, убадаланганды алышкан, арстандардын азуусунан аман калышкан.

    11:34 Жалындаган өрттү өчүрүшкөн, жалаңдаган кылычтан аман калышкан, алсыраганда бекемделишкен, согушта тайманбас болушкан, бөтөн аскерлерди кууп чыгышкан.

    11:35 Аялдар өлгөн адамдарынын тирилгенин көрүшкөн. Күү бирөөлөрдү кыйнашканда, эң жакшы тирилүүгө жетүү үчүн, эркиндикке чыгуудан баш тартышкан.

    11:36 Күү бирөөлөр кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан.

    11:37 Күү бирөөлөрдү ишенгендиги үчүн таш бараңга алышкан, араалашкан, кыйнашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; күү бирөөлөр кой-үчкинин терисин жамынып, тентип күн өткөрүшкөн, жокчулуктун каарын тартышкан, кысымга алынышкан, азап тартышкан.

    11:38 Алар бул дүйнөнүн бүт адамдарынан жогору эле. Бирок алар чөлдөрдө, тоолордо, үңкүрлөрдө, капчыгайларда каңгып жүрүшкөн.

    11:39 Ишенимдери жөнүндө жакшы күбөлөндүрүүгө эү болгон алардын баары убадаланганды алышкан эмес.

    11:40 Алар асмандагы жеткилеңдикке биз менен бирге жетиши үчүн, Кудай бизге жакшы нерсени даярдап койгон.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск