Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Келе жаткан Падыша

    9:1 Мурунку мезгилде Забулун жери менен Напталы жери басынтылган. Бирок кийинки мезгилде деңиз жүүктеп кеткен жол, Иордандын аркы өйүзүндөгү өлкө, бутпарас эл жашаган Галилея көтөрүлөт.

    9:2 Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт.

    9:3 Сен элди көбөйтөсүң, кубанычын арттырасың, ал эл оруу-жыюу учурунда кубангандай, олжо бөлүшкөндө сүйүнгөндөй, Сенин алдыңда кубанат.

    9:4 Анткени Сен аны эзген моюнтурукту, аны урган таякты, анын эзүүчүсүнүн камчысын Мидианды талкалагандай талкалайсың.

    9:5 Анткени жоокердин согуш учурунда кийген бут кийими менен үстүндөгү канга чыланган кийими отко ыргытылып өрттөлөт.

    9:6 Анткени бизге наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметтүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат.

    9:7 Ал өзүнүн падышачылыгын адилеттик менен, чындык менен бүгүнкү күндөн тартып түбөлүккө бекитиши жана бекемдеши үчүн, Дөөттүн тагында жана анын падышачылыгында Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.

    Текебер Самариянын жазаланышы

    9:8 Теңир Жакыпка каршы сөз жиберди, ал сөз Ысрайылга түшөт.

    9:9 Бул жөнүндө бүт эл, эпрайым жана Самариянын тургундары билип калышат, алар текебердүүлүк менен, менменсинген жүрөк менен минтип айтып жатышат:

    9:10 «Кыштар кулап калды, бирок биз жылмаланган таштардан тургузабыз. Тыт дарактары кыйылып калды, бирок биз аларды кедр дарактарына алмаштырабыз».

    9:11 Бирок Теңир ага каршы Ретсиндин душмандарын көтөрөт, анын жоолорун куралдандырат:

    9:12 чыгыштан сириялыктарды, батыштан пелиштиликтерди көтөрөт, алар Ысрайылды ач көздүк менен жешет. Ошондо да Теңирдин каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

    9:13 Бирок эл өзүн Уруп Жатканга кайрылбай жатат, Теңир Себайотту издебей жатат.

    9:14 Ошон үчүн Теңир Ысрайылдын башы менен куйругун, пальма менен камышты бир күндө кесет:

    9:15 аксакал менен атактуу адам – башы, ал эми жалган пайгамбар – куйругу.

    9:16 Бул элдин жол башчылары аны тескери жолго салышат, алардын жетегинде жүргөндөр кыйрашат.

    9:17 Ошондуктан анын жаш уландарына Теңир кубанбайт, алардын жетимдерине да, жесирлерине да ырайым кылбайт, анткени алардын баары – эки жүздүү жана кылмышкер, бардыгы жийиркеничтүү сөздөрдү сүйлөшөт. Ошондо да Анын каары басылбайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

    9:18 Анткени мыйзамсыздык оттой жалындап күйүп, коко тикенди да, тикенектүү бадалды да жалмап жатат, чытырман токойдо от алоолонуп, уюлгуган түтүн асманга көтөрүлүп жатат.

    9:19 Себайот Теңирдин каары жерди куйкалайт, эл отко жем болот. Адам өз бир тууганын аябайт.

    9:20 Алар оң тарабындагысын да жутушат, бирок ачка бойдон калышат, сол тарабындагысын да жешет, бирок тоюшпайт. Ар кимиси өз булчуң этин жейт.

    9:21 Менаше эпрайымды жейт, эпрайым Менашени жейт, экөө биригип Жүйүттү жейт. Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск