Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Жеремиянын жашоосу тууралуу

    16:1 Мага Теңирден сөз болду:

    16:2 «Сен аял алба, бул жерде сенин уулдарың да, кыздарың да болбосун».

    16:3 Анткени бул жерде төрөлүп жаткан уулдар жана кыздар тууралуу, аларды төрөп жаткан энелер тууралуу, аларды төрөткөн аталар тууралуу Теңир мындай дейт:

    16:4 «Алар оор өлүм менен өлүшөт, аларды жоктоп ыйлашпайт, алар көмүлбөйт. Алар жер үстүндө кык болушат. Алар кылычтан жана ачкачылыктан кырылышат, алардын өлүктөрү асман канаттууларына, жердеги жырткычтарга азык болот».

    16:5 Анткени Теңир мындай дейт: «Кайгы тарткандардын үйүнө кирбе, ыйлаганы барба, аларды жоктоп ыйлаба. Анткени Мен бул элден өзүмдүн тынчтыгымды, ырайымымды жана аёомду тартып алдым, – дейт Теңир.

    16:6 Бул жерде улуулар да, кичүүлөр да өлүшөт. Алар көмүлбөйт, аларды жоктоп ыйлашпайт, өздөрүн тытышпайт, алар үчүн чачтарын кырдырышпайт.

    16:7 Алар үчүн кайгы учурунда, өлгөн киши жөнүндө көңүл айтып нан сындырышпайт. Алардын атасы жөнүндө, энеси жөнүндө көңүл айтып чөйчөк сунушпайт.

    16:8 Ошондой эле той болуп жаткан эйгө кирбе, алар менен отуруп жеп-ичпе».

    16:9 Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул жерде силердин көз алдыңарда, силердин бүт күндөрүңөрдө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөөнүн жана колуктунун үнүн токтотом.

    16:10 Сен бул сөздөрдүн баарын бул элге айтып бергениңде, алар сага: “үмне үчүн Теңир бизге каршы бул оор кайгынын баарын айтты, биздин айыбыбыз кайсы, Кудай-Теңирибиздин алдында кылган күнөөбүз кайсы?”, – дешсе,

    16:11 анда аларга мындай де: “Анткени силердин ата-бабаларыңар Мени таштап коюшту, – дейт Теңир, – башка кудайларды эүрчип кетишти, аларга кызмат кылышты, аларга табынышты, Мени болсо таштап коюшту, Менин мыйзамдарымды сакташкан жок.

    16:12 Силер болсо ата-бабаларыңардан да жаман кылып жатасыңар, Мени укпай, ар кимиңер жаман жүрөгүңөрдүн өжөрдүгү боюнча жашап жатасыңар.

    16:13 Бул үчүн Мен силерди бул жерден өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген жерге ыргытып жиберем, ошол жерде башка кудайларга күнү-түнү кызмат кыласыңар, анткени Мен силерге ырайым кылбайм”.

    Куулуп кеткен жерлерден кайра алып келүү жөнүндөгү убада

    16:14 Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү “Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Теңир тирүү!” деп айтпай калышат.

    16:15 Бирок “Ысрайыл уулдарын түндүк жеринен жана аларды кайсы жерлерге кууп жиберсе, ошол жерлердин баарынан алып чыккан Теңир тирүү”. Анткени Мен аларды ата-бабаларына берген жерге кайрадан алып келем.

    Келечекте боло турган жаза жана элдин кайтып келиши

    16:16 Мына, Мен көптөгөн балыкчыларды жиберем, – дейт Теңир, – ошол балыкчылар аларды кармашат. Андан кийин көп аңчыларды жиберем, ошол аңчылар аларды ар кайсы тоодон, ар кайсы адырдан жана аскалардын капчыгайларынан кармашат.

    16:17 Анткени Менин көздөрүм алардын бардык жолдорунда, алар Менин жүзүмдөн жашыруун эмес, алардын анткорлугу Менин көзүмдөн жашыруун эмес.

    16:18 Ошондуктан Мен аларды баарынан мурда анткорлугу үчүн, күнөөсү үчүн эки эсе жазалайм, анткени алар Менин жеримди булгашты. Менин мурасымды алар өздөрүнүн жийиркеничтүү өлүктөрүнө жана жийиркеничтүү нерселерине толтурушту».

    Теңирге таянуу сыйынуусу

    16:19 Теңир! Менин күчүм, кубатым, кайгы күнү баш паанам Сенсиң! Сага жер кыйырынан элдер келип, мындай дешет: «Биздин ата-бабаларыбыз жалганды, үч кандай пайдасы жок курулай кудайларды гана мурастап келишти».

    16:20 Адам өзүнө кудай эмес нерселерди кудай кыла алабы?

    16:21 «Ошондуктан мына, Мен азыр аларга көрсөтөм, Мен аларга өз колумду жана өзүмдүн кудуретимди көрсөтөм, ошондо алар Менин ысымым Теңир экенин билишет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск