Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Жүйүт аймагындагылардын күнөөсү жана алардын жазаланышы

    17:1 Жүйүттүн күнөөсү темир кескич менен, алмаздын мизи менен алардын жүрөк лоокторуна жана алардын курмандык чалынуучу жайларынын мүйүздөрүнө жазылды.

    17:2 Алар өз уулдарын үстегендей, өздөрүнүн курмандык чалынуучу жайлары тууралуу, бийик дөбөлөрдөгү, жашыл дарактардын түбүндөгү Ашейра мамылары тууралуу үстешет.

    17:3 Талаадагы өзүмдүн тоомду, сенин мал-мүлкүңдү, сенин бардык асыл буюмдарыңды талап-тоноого берем, сенин бардык бутканаларыңды бардык аймактарыңдагы күнөөлөрүң үчүн талап-тоноого берем.

    17:4 Мен берген мурастан ажыраганга сен өзүң себепкер болосуң, анан сени өзүң билбеген жердеги душмандарыңа кулчулукка берем, анткени силер Менин каарымдын отун жалындаттыңар, ал түбөлүккө күйө берет».

    Санат сөз

    17:5 Теңир мындай дейт: «Адамдан эмүттөнгөн, өз денесин тирек кылган, жүрөгү Теңирден алыстаган адамга каргыш!

    17:6 Ал адам чөлдөгү бадалдай болот, ал ырайымдын келгенин көрбөйт, чөлдөгү ысык жерлерге, түшүм бербеген, үч ким жашабаган жерге отурукташат.

    17:7 Теңирден эмүттөнгөн, Теңирге таянган адам баталуу.

    17:8 Анткени ал адам суу боюна тигилген, тамырын суу түбүнө жайган дарактай болот. Ал аптапты сезбейт. Анын жалбырактары жашыл бойдон турат, ал кургакчылык убагында да коркпойт, мөмө берүүсүн токтотпойт.

    17:9 Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?

    17:10 Мен, Теңир, ар бир адамга өзүнүн жолуна жана кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин берүү үчүн, жүрөккө чейин кирип, ички дүйнөнү сынап турам.

    17:11 Байлыкты жалган жол менен тапкан адам өзү туубаган жумурткаларды басып отурган кекиликтей: ал байлыкты өмүрүнүн жартысында калтырат, өмүрүнүн аягында акылсыз бойдон калат».

    17:12 Биздин ыйыктала турган жайыбыз – башынан эле жогору көтөрүлгөн даңк тагында.

    17:13 Сен, Теңир, Ысрайылдын эмүтүсүң. Сени таштаган адамдардын баары маскара болушат. «Менден четтегендердин бардыгы жерге жазылат, анткени өмүр суусунун булагы болгон Теңирди таштап коюшту».

    Жеремиянын сыйынуусу

    17:14 Мени айыктыр, Теңир, ошондо мен айыгам. Мени куткар, ошондо мен куткарылам. Анткени менин мактанычым Сенсиң.

    17:15 Алар мага: «Теңирдин сөзү кайда? Ал келсин!» – дешет.

    17:16 Мен Сенин койчуң болууга шашылган жокмун жана кайгы күнүн каалаган эмесмин, муну Сен билесиң. Менин оозумдан чыккан нерсе Сенин алдыңда ачык.

    17:17 Мен үчүн коркунучтуу болбо, кайгы күнү менин таянычым Сенсиң.

    17:18 Мени куугандар уятка калышсын, бирок мен уятка калбайын. Алар калтырашсын, бирок мен калтырабайын. Аларга кайгы күндү каптат, аларды өзгөчө кыйроо менен кыйрат.

    Ишемби күнүн сактоо жөнүндө

    17:19 Теңир мага мындай деди: «Бар, Жүйүт падышалары кире турган жана чыга турган, элдин уулдарынын дарбазаларынын алдында тур, Иерусалимдин бардык дарбазаларынын алдында тур.

    17:20 Анан аларга мындай де: “Жүйүт падышалары, бардык Жүйүт эли жана ушул дарбазалар менен кирген Иерусалимдин бардык тургундары, Теңирдин сөзүн уккула.

    17:21 Теңир мындай дейт: "өз жаныңарды сактагыла, ишемби күнү жүк көтөрбөгүлө, Иерусалимдин дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбегиле.

    17:22 Ишемби күнү үйүңөрдөн жүк көтөрүп чыкпагыла, үч кандай жумуш кылбагыла, бирок ишемби күндү Мен силердин ата-бабаларыңарга кандай буйрусам, ошондой кылып ыйык туткула.

    17:23 Бирок алар укпай коюшкан, кулак төшөбөй коюшкан, акыл-насаатты укпаш үчүн, аны кабыл албаш үчүн, тоң моюн болуп калышкан.

    17:24 үгерде силер Менин тилимди алып, – дейт Теңир, – ишемби күнү бул шаардын дарбазалары аркылуу жүк көтөрүп кирбесеңер, бул күнү үч кандай жумуш жасабай, аны ыйык тутсаңар,

    17:25 анда бул шаардын дарбазалары аркылуу Дөөттүн тагында отурган падышалар менен төрөлөр, араба менен жүргөндөр, атка минип жүргөндөр киришет. Алар жана алардын мырзалары, жүйүттөр жана Иерусалимдин тургундары киришет, ошентип, бул шаар түбөлүккө эл жашаган шаар болот.

    17:26 Ошондо Жүйүт шаарларынан да, Иерусалимдин айланасынан да, Бенжемин жеринен да, түздүктөрдөн да, тоолордон да, түштүктөн да келишет, Теңир үйүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды, нан курмандыктарын, жыпар жыттуу заттарды жана ыраазычылык курмандыктарын алып келишет.

    17:27 үгерде Менин тилимди албай, ишемби күнүн ыйык тутпай, ишемби күнү Иерусалимдин дарбазасы аркылуу жүк көтөрүп кирсеңер, анда анын дарбазасына от коём, ал Иерусалимдин чептерин жалмайт, өчпөйт"”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск