Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Ысрайылдын ишенимсиздиги

    3:1 Мындай деп айтышат: “үгерде күйөөсү аялын коё берсе, аялы андан кетип, башка күйөөгө тийип, кайра мурунку күйөөсүнө кайрылып келсе болобу?” Ушул үчүн ал өлкө булганбайт бекен? Сен болсо көп ойношторуң менен бузуктук кылдың, ошого карабастан Мага кайрылып кел, – дейт Теңир.

    3:2 Башыңды көтөрүп, бийик жерлерди кара, сени менен кайсы жерде гана бузуктук кылышкан жок? Чөлдө отурган аравиялыктай болуп, сен алар үчүн жолдун боюнда отурдуң, бузукулугуң жана анткорлугуң менен жерди булгадың.

    3:3 Ошон үчүн жамгыр кармалды, кеч жамгыр да болгон жок, бирок сенин чекең бузулган аялдын чекесиндей эле, сен уят-сыйытты таштап койдуң.

    3:4 Сен азыр эле Мага мындай деп кайрылбадыңбы: “Ата, Сен менин жаш кезимдеги жол көрсөтүүчүм элең!

    3:5 Ал кантип эле дайыма каардана берсин? Кантип эле каарын өзүндө түбөлүк кармап тура берсин?” Мына, сен ушинтип айтып жатасың, бирок күчүң жеткенче жамандык кылып жатасың».

    Кудайдын тобо кылууга чакырышы

    3:6 Жошия падышанын тушунда Теңир мага мындай деди: «Сен бузулган Ысрайылдын эмне кылганын көрдүңбү? Ал ар кайсы бийик тоолорго жана ар кандай бутактуу дарактардын түбүнө барып, ошол жерлерде бузуктук кылды.

    3:7 Ал ушунун бардыгын кылгандан кийин, Мен ага: “Мага кайрылып кел”, – дедим. Бирок ал кайрылып келген жок. Муну анын ишенимсиз эжеси Жүйүт көрдү.

    3:8 Мен бузулган Ысрайылды бардык бузуктук иштери үчүн коё берип, колуна ажырашуу катын бергенден кийин, анын ишенимсиз эжеси Жүйүттүн коркпогондугун, ал да барып, бузуктук кылганын көрдүм.

    3:9 Ал өзүнүн ачык бузуктук кылуусу менен жерди булгады, таш менен да, жыгач менен да ойноштук кылды.

    3:10 Бирок ушунун баарына карабастан, анын ишенимсиз эжеси Жүйүт Мага чын жүрөктөн кайрылган жок, анткорлук менен эле кайрылды», – дейт Теңир.

    3:11 Мага Теңир мындай деди: «Бузулган Ысрайыл ишенимсиз Жүйүткө караганда адилеттүүрөөк болуп чыкты.

    3:12 Бар, бул сөздөрдү түндүккө жарыяла, мындай деп айт: “Бузулган Ысрайыл, кайрылып кел, – дейт Теңир, – Мен силерге өз каарымды төкпөйм, анткени Мен ырайымдуумун, түбөлүк каарданбайм.

    3:13 Бирок өз күнөөңдү мойнуңа ал, анткени сен Кудай-Теңириңден четтеп, ар кайсы бутактуу дарактын түбүндө бөлөк буркандар менен бузуктук кылдың, Менин үнүмдү болсо укпай койдуңар”, – дейт Теңир.

    3:14 “Ишенимсиздер, кайрылып келгиле, – дейт Теңир, – анткени Мен силер менен никелешкем, силерден – ар бир шаардан бирден, ар бир уруудан экиден киши алам, анан силерди Сионго алып келем.

    3:15 Анан Мен силерге Менин жүрөгүмө жаккан койчуларды берем, алар силерди билим менен, акыл менен кайтарышат.

    3:16 Силер жер үстүндө укумдап-тукумдап көбөйгөндө, ошол күндөрү, – дейт Теңир, – “Теңирдин келишим сандыгы” деп айтпай калышат. Ал адамдын оюна да келбейт, аны үстеп да коюшпайт, ага барышпайт, анын өзү да болбойт.

    3:17 Ошол убакта Иерусалимди Теңирдин тагы деп аташат. Бардык элдер Теңирдин ысымы үчүн Иерусалимге чогулушат, ошондон кийин өздөрүнүн жаман жүрөгүнүн өжөрлүгү боюнча жүрүшпөйт.

    3:18 Ошол күндөрү Жүйүт тукуму Ысрайыл тукумуна келет, анан алар түндүктөн Мен силердин ата-бабаларыңарга мурас кылып берген жерге бирге келишет.

    Кудай элинин жалган кудайларга табынышы

    3:19 Бирок Мен мындай дедим: “Мен сени балдардын катарына кантип коём, Мен сага көп элдер эүлеген эң сонун, адам суктанарлык жерди кантип берем?” Дагы мындай деп айттым: “Сен Мени "Ата" дейсиң, Менден четтебейсиң”.

    3:20 Бирок, чынында эле, аялы өз жолдошуна жүзү каралык менен опаасыздык кылган сыңары, Ысрайыл, силер да Мага ошондой ишенимсиздик кылдыңар, – дейт Теңир.

    3:21 Бийик жерлерде эн угулат, Ысрайыл уулдарынын аянычтуу ыйы угулат, анткени алар өз жолдорун бузушту, өз Кудай-Теңирин унутушту.

    3:22 Кайрылгыла, ишенимсиз балдар, Мен силерди баш ийбестигиңерден айыктырам». «Мына, биз Сага келе жатабыз, анткени Сен биздин Кудай-Теңирибизсиң!

    3:23 Чындыгында, биз дөбөлөргө жана көп сандаган тоолорго бекер ишениптирбиз. Чындыгында, Ысрайылдын куткарылуусу Теңирден, биздин Кудайдан!

    3:24 Жаш чагыбыздан бери бул жийиркеничтүү нерсе биздин ата-бабаларыбыздын эмгегин, алардын койлорун жана өгүздөрүн, уулдарын жана кыздарын жеп келе жатат.

    3:25 Биз өз жийиркеничибизге батып жатабыз, бизди өз маскаралыгыбыз басып жатат, анткени биз Теңирдин алдында, өзүбүздүн Кудайыбыздын алдында күнөөгө баттык, биз да, биздин ата-бабаларыбыз да жаш чагыбыздан тартып ушул күнгө чейин Теңирдин, биздин Кудайыбыздын үнүн укпай келдик».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск