Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Кудайга кайрылууга чакыруу

    4:1 «Ысрайыл, эгерде сен кайрылгың келсе, Мага кайрыл, – дейт Теңир. – эгерде Менин алдымдан өзүңдүн жийиркеничтүү нерселериңди жок кылсаң, анда тентибейсиң».

    4:2 Чындык менен, акыйкаттык менен, адилеттик менен: «Теңир тирүү!» – деп ант бересиң, элдер Теңирден бата алышат, Теңир менен мактанышат.

    4:3 Анткени Жүйүт менен Иерусалимдин адамдарына Теңир мындай дейт: «өзүңөргө жаңы эгин талааларды айдагыла, тикенектердин арасына сеппегиле.

    4:4 Жүйүттүн адамдары, Иерусалимдин тургундары, жамандык кылууга жөндөмдүү болгондугуңар үчүн, Менин каарым силерге оттой жалындап, өчпөй күйбөшү үчүн, өзүңөрдү Теңир үчүн сүннөткө отургузгула, жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула.

    4:5 Жүйүт аймагына кабарлагыла жана Иерусалимде жар салгыла, айткыла, жерди аралап сурнай тарткыла. Катуу кыйкырып: “Келгиле, чогулуп алып чептүү шаарларга баралы”, – деп айткыла.

    4:6 Сиондо туу көтөргүлө, чепке качкыла, токтобогула, анткени Мен түндүктөн кайгы жана чоң кыргын алып келем».

    4:7 өзүнүн чытырман токоюнан арстан чыгып келе жатат, элдерди кыруучу чыгып келе жатат: ал өзүнүн ордунан сенин жериңди чөлгө айландырыш үчүн чыгып келе жатат. Шаарларың талкаланып, тургундары жок калат.

    4:8 Ошондуктан зумбал курчанып алып ыйлагыла, өкүргүлө, анткени Теңирдин жалындаган каары бизден кайт болбойт.

    4:9 «Ошол күнү, – дейт Теңир, – падышанын жүрөгү жана төрөлөрдүн жүрөгү катып калат. Ыйык кызмат кылуучулардын эрөйлөрү учат, пайгамбарлар таң калышат».

    4:10 Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! “Силерде тынчтык болот” деп, Сен бул элди жана Иерусалимди кызыктырып эле койдуң беле? Бирок кылычтан кырылып жатабыз», – дедим.

    4:11 Ошол мезгилде бул элге жана Иерусалимге мындай деп айтылат: «Менин элимдин кызынын жолуна чөлдүн бийик адырларынан куйкалоочу шамал келет. Ал шамал эгин сапырыш үчүн эмес, эгин тазалаш үчүн да эмес.

    4:12 Ал жактан Мага мындан да катуу шамал келет, ошондо Мен аларга өз өкүмүмдү жарыялайм».

    Жүйүт аймагы душмандардын курчоосунда

    4:13 Мына, ал булуттардай болуп көтөрүлүп жатат, анын арабалары куюндай, анын аттары бүркүттөн да ыкчам. Бизге кайгы! Анткени биз талкаланабыз.

    4:14 Иерусалим, куткарылышың үчүн, жүрөгүңдөн жаман нерсени жууп сал. Качанга чейин сенде жаман ойлор уялайт?

    4:15 Анткени азыр эле Дандан эн угулуп жатат, эпрайым тоосунан өлүм кабары келе жатат:

    4:16 «үлдерге кабарлагыла, Иерусалимге билдиргиле: Алыскы өлкөдөн курчап алуучулар келе жатышат, өздөрүнүн кыйкырыктары менен Жүйүттүн шаарларын жаңыртып жатышат».

    4:17 «Алар Иерусалимди туш-туштан талаа сакчыларындай болуп курчап келе жатышат, анткени ал Мага каршы козголоң чыгарды, – дейт Теңир.

    4:18 Сенин жолдоруң менен кылган иштериң ушуга себепкер болду. Сен мыйзамсыздыгыңдан ушунчалык кыйналып жатасың, ал жүрөгүңдү жаралап жатат».

    үл үчүн кайгыруу

    4:19 Жаным! Жаным! Жүрөгүмдүн тереңинде кайгырып жатам, жүрөгүм толкунданып жатат, унчукпай коё албайм. Анткени сен, жаным менин, сурнай үнүн, согуш коркунучун угуп жатасың.

    4:20 Кайгы артынан кайгы! Бүт өлкө кыйрап жатат, күтүлбөгөн жерден менин үйлөрүм кыйрады, көз ирмегенче менин чатырларым кыйрады.

    4:21 Мен качанкыга чейин тууларды көрөм, сурнай үнүн угам?

    4:22 «Бул Менин элимдин акылсыздыгынан, Мени билбегендигинен болду. Алар – акылсыз балдар, аларда акыл жок. Алар жамандык кылганга акылдуу, бирок жакшылык кылууну билишпейт».

    Жеремиянын кыйроо жөнүндө көргөн көрүнүшү

    4:23 Жерди карасам, мына, ал кыйрап, эүн калды, асманды карасам, анын жарыгы жок.

    4:24 Тоолорду карасам, мына, алар титиреп жатат, бүт адырлар солкулдап жатат.

    4:25 Карасам, мына, адам жок, асмандагы куштардын баары туш-тушка учуп кетиптир.

    4:26 Карасам, мына, Кармел чөлгө айланыптыр, анын бүт шаарлары Теңирдин жүзүнөн, Анын катуу каарынан кыйраптыр.

    4:27 Анткени Теңир мындай деген: «Бардык жер эүн калат, бирок таптакыр кырып салбайм.

    4:28 Бул тууралуу жер ыйлайт, жогоруда асман түнөрөт, анткени Мен айттым, Мен белгиледим, ал үчүн өкүнбөйм, андан кайтпайм.

    4:29 Атчан аскерлердин жана жаа тарткан аткычтардын ызы-чуусунан бүт шаар эли туш-тушка качат: алар калың токойлорго кетишет, аскаларга чыгышат. Бардык шаарлар эүн калат, аларда бир да тургун болбойт.

    4:30 үэн калган, сен, эми эмне кыласың? Сенин ачык кызыл кийим кийгениң да, алтын жасалгалар менен жасанганың да, көзүңдү боёгонуң да бекер. Ойношторуң сени жек көрүп калышты, алар сени өлтүргөнү жатышат.

    4:31 Анткени мен төрөп жаткан аялдыкындай эндү, биринчи жолу төрөп жаткан аялдыкындай онтоону, Сион кызынын үнүн угуп жатам. Ал колун созуп онтоп жатат: “Оо, мага кайгы! Менин жаным киши өлтүрүүчүлөрдүн алдында кыйналып жатат!”

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск