Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Гилгалда сүннөткө отургузуу

    5:1 Иордандын ары жагында, деңиз тарапта жашаган аморлуктардын падышалары жана деңиз жүүгиндеги Канаан падышалары Ысрайыл уулдарынын алдында, алар өтүп кеткенче Теңир Иордан суусун агызбай тартып турганын угушканда, жүрөктөрү түшүп, Ысрайыл уулдарына каршы турууга кайраттары калбай калды.

    5:2 Ошол учурда Теңир Жашыяга мындай деди: «Таш бычактарды жасап, Ысрайыл уулдарын экинчи мертебе сүннөткө отургуз».

    5:3 Жашыя таш бычактарды жасап, «Сүннөт дөбөсү» деген жерде Ысрайыл уулдарын сүннөткө отургузду.

    5:4 Ысрайыл уулдарын Жашыя сүннөткө отургузганынын себеби бул: Мисирден чыккандан кийин, согушка жарактуу эркектер чөлдө келе жатканда кырылып калышкан.

    5:5 Мисирден чыккан эл сүннөткө отургузулган, бирок Мисирден келе жатканда, чөлдө төрөлгөндөр сүннөткө отургузулган эмес.

    5:6 Анткени Мисирден чыккандардын согушка жарактуулары, Теңирдин үнүн укпай койгондору кырылып бүткөнчө, Ысрайыл уулдары кырк жыл чөлдө жүрүштү. Теңир алардын ата-бабаларына, бизге берем деп ант берген сүт менен бал аккан жерди көрбөйсүңөр деп ант берген.

    5:7 Алардын ордун балдары басты. Жашыя аларды сүннөткө отургузду, анткени алар сүннөткө отургузула элек болчу, жолдо аларды сүннөткө отургузушкан эмес.

    5:8 үлдин баары сүннөткө отургузулгандан кийин, айыккыча өз станында, өз ордунда калды.

    5:9 Анан Теңир Жашыяга мындай деди: «Бүгүн Мен силерден Мисирдеги маскаралыгыңарды алып салдым». Ошол себептүү ал жер бүгүнкү күнгө чейин «Гилгал» деп аталат.

    5:10 Ысрайыл уулдары станы менен Гилгалда турушту да, айдын он төртүнчү күнү кечинде Жерихо түздүгүндө Пасах майрамын өткөрүштү.

    5:11 Пасахтын эртеси бул жердин жемиштеринен жей башташты, ачыткысыз нан менен куурулган данды дал ошол күндөн баштап жей башташты.

    5:12 Алар бул жердин жемиштеринен жей баштаган экинчи күндөн тартып, асмандан манна түшпөй калды, ошондон баштап Ысрайыл уулдарында манна болгон жок, бирок ошол жылы алар Канаан жеринин жемиштеринен жешти.

    Нундун уулу Жашыя жана периште

    5:13 Жашыя Жерихого жакын жерде турган эле. Анан ал башын көтөрүп караса, колунда жалаңдаган кылычы бар киши турган экен. Жашыя жанына келип: «Биздин кишисиңби же душмандарыбыздансыңбы?» – деп сурады.

    5:14 Ал мындай деп жооп берди: «Жок, мен Теңирдин кошуундарынын жол башчысымын, эми бул жерге келдим». Ошондо Жашыя жерге жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылып, андан: «Менин мырзам өз кулуна эмне дейт?» – деп сурады.

    5:15 Теңир кошуунунун жол башчысы Жашыяга мындай деди: «Бутуңдагы бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер ыйык». Жашыя ошондой кылды.

    5:16 Жерихонун эшиги жабылды, Ысрайыл уулдарынан корккондуктан, анын эшигин жаап коюшту. Андан үч ким чыккан да жок, ага үч ким кирген да жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск