Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    үки үстелик

    4:1 Бүткүл эл Иордандан өткөн соң, Теңир Жашыяга мындай деди:

    4:2 «үлдин арасынан он эки киши: ар бир уруудан бирден киши тандап алгыла.

    4:3 Анан аларга мындай деп буйрук бергиле: “Силер бул жерден, Иордандын ортосунан, ыйык кызмат кылуучулардын буттары бекем турган жерден, он эки таш алып, өзүңөр менен кошо алып өткүлө да, түнөй турган жериңерге алып барып койгула”».

    4:4 Жашыя Ысрайыл уулдарынан дайындаган он эки кишини: ар бир уруудан бирден кишини чакырып алды.

    4:5 Анан аларга мындай деди: «Кудай-Теңириңердин келишим сандыгынын алдына түшүп, Иордандын ортосуна баргыла да, Ысрайыл урууларынын санына жараша ар бириңер бирден таш алып, он эки ташты ийиниңерге коюп, көтөрүп келгиле.

    4:6 Алар силер үчүн белги болсун. Кийин балдарыңар силерден: “Бул таштар эмнени билдирет?” – деп сурай турган болсо,

    4:7 аларга мындай деп айтасыңар: “Теңирдин келишим сандыгынын алдында Иордан суусу тең бөлүнгөн. эл Иордандан өтүп бара жатканда, Иордан суусу экиге бөлүнгөн”. Ошентип, бул таштар Ысрайыл уулдары үчүн түбөлүккө үстелик болот».

    4:8 Жашыя кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Алар Теңир Жашыяга кандай айтса, ошондой кылып, Ысрайыл урууларынын санына жараша Иордандын ортосунан он эки таш алып, аларды көтөрүп келип, түнөй турган жерине коюшту.

    4:9 Жашыя дагы башка он эки таш алып, келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буттары турган жерге – Иордандын ортосуна койду. Алар ушул күнгө чейин бар.

    4:10 Муса Жашыяга айткандай, Теңирдин Жашыяга элге айт деп буйругандарынын баары аткарылып бүтмөйүнчө, сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандын ортосунда турушту. эл болсо ошол учурда шашылыш түрдө өтүп жатты.

    4:11 Бүткүл эл Иордандан өтүп бүткөндө гана Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр, эл алдында жүргөн ыйык кызмат кылуучулар өтүштү.

    4:12 Анан Муса айткандай, куралданган Рубейин, Гат уулдары, Менашенин жарым уруусу Ысрайыл уулдарынын алдына өтүштү.

    4:13 Куралданган кырк миңге жакын киши салгылашуу үчүн, Теңирдин алдында Жерихо түздүгүнө өттү.

    4:14 Ошол күнү Теңир бүткүл Ысрайыл элинин алдында Жашыяны даңазалады. Ошондон тартып, Ысрайыл эли Мусадан анын өмүрү өткөнчө корккондой, Жашыядан да коркуп калды.

    4:15 Анан Теңир Жашыяга мындай деп айтты:

    4:16 «Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучуларга: “Иордандан чыккыла”, – деп буйрук бер».

    4:17 Жашыя ыйык кызмат кылуучуларга: «Иордандан чыккыла», – деп буйрук берди.

    4:18 Ошондо Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандан чыгып, тамандары жерге тиери менен, Иордан суусу өз нугуна түшүп, жүүктеринен ашып-ташып, мурункудай ага баштады.

    4:19 Биринчи айдын онунчу күнү эл Иордандан чыгып, Жерихонун чыгыш тарабындагы Гилгалга чатырларын тикти.

    4:20 Алар Иордандан алган он эки ташты Жашыя Гилгалга койду.

    4:21 Анан Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Кийин балдарыңар аталарынан: “Бул таштар эмнени билдирет?” – деп сурап калышса,

    4:22 балдарыңарга: “Ысрайыл эли ушул Иордан дарыясынан, кургак жер менен өткөн”, – деп айткыла.

    4:23 Биз өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер Кызыл деңиздин ортосун биздин көз алдыбызда кургаткандай эле, силер өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер силер үчүн Иордан суусунун ортосун кургаткан.

    4:24 Жер жүзүндөгү бардык эл Теңирдин колу күчтүү экенин билиши үчүн жана силер өмүрүңөр өткөнчө Теңирден коркушуңар үчүн ошенткен».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск