Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Некемиянын Иерусалим үчүн кайгыруусу

    1:1 Ахалиянын уулу Некемиянын сөзү. Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, Кислеп айында мен борбор шаар Шушанда элем.

    1:2 Менин бир туугандарымдын бири Ханани бир топ киши менен Жүйүт аймагынан келди. Мен алардан туткундан аман калган жүйүт эли тууралуу, Иерусалим тууралуу сурадым.

    1:3 Алар мага: «Туткундан аман калгандар ошол жерде, өз жеринде жашап жатышат. Алардын башына өтө оор күн түшүп, кордук көрүп жатышат. Иерусалимдин дубалдары уратылган, дарбазалары өрттөлгөн», – дешти.

    1:4 Бул сөздөрдү укканда, отуруп алып ыйладым, бир нече күн кайгыга батып жүрдүм. Анан асмандагы Кудайдын алдында орозо кармап, сыйынып,

    1:5 мындай дедим: «Оо Теңир, асмандагы Кудай, өзүнүн келишимин бек сактаган, өзүн сүйгөндөргө жана осуяттарын аткаргандарга ырайым кылган улуу жана коркунучтуу Кудай!

    1:6 өзүңдүн кулуңдун сыйынуусун уга көр, көз кырыңды сала көр. Мен азыр Сенин алдыңда күнү-түнү Сенин кулдарың – Ысрайыл уулдары үчүн, Сенин алдыңда биздин, Ысрайыл уулдарынын кылган күнөөлөрү үчүн, өзүмдүн да, атамдын тукумунун да күнөөлөрү үчүн сыйынып жатам.

    1:7 Биз өз кулуң Мусага берген осуяттарыңды, мыйзамдарыңды, буйруктарыңды аткарбай, Сенин алдыңда кылмышкер болдук.

    1:8 Бирок өз кулуң Мусага: “үгерде силер ишенимсиз болсоңор, анда Мен силерди эл арасына чачыратып жиберем.

    1:9 үгерде Мага кайрылсаңар, Менин осуяттарымды сактап, аларды аткара турган болсоңор, анда жердин түбүнө чейин куулсаңар да, силерди ошол жактан чогултуп, өзүмдүн ысымымды орнотуш үчүн, өзүм тандап алган жерге алып келем”, – деп осуяттаган сөзүңдү үсте.

    1:10 Алар өзүңдүн улуу күч-кубатың, кудуреттүү колдоруң менен куткарган өз элиң, өз кулдарың эмеспи.

    1:11 Оо Теңир, жалынам Сага! өз кулуңдун сыйынуусуна жана Сенин атыңдын алдында коркуп турууну сүйгөн өз кулдарыңдын сыйынуусуна кулак сала көр, Теңир! эми өз кулуңду колдой көр, аны мына бул адамдын ырайымына эү кыла көр». Мен ошол убакта падышанын шарап сунуучусу элем.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск