Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ездра 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Бөтөн элден аял алуу жөнүндөгү суроонун чечилиши

    10:1 үзра Кудай үйүнүн алдында жыгылып, күнөөлөрүн мойнуна алып ыйлап, ушинтип сыйынып жатканда, жанына Ысрайыл элинен эң көп эл – эркектер, аялдар, балдар чогулуп калды, анткени эл да катуу ыйлап турган эле.

    10:2 Ошондо эйлам уулдарынан Жехиелдин баласы Шехания эзрага мындай деп айтты: «Биз башка элдердин кыздарынан аял алып, Кудайыбыздын алдында күнөө кылганбыз, бирок Ысрайылдын бул ишти оңдойбуз деген эмүтү бар.

    10:3 үми Кудайыбыз менен келишим түзөлү, мырзамдын жана Кудайыбыздын осуяттарынан корккондордун кеңеши боюнча аялдарыбызды алардан туулган балдарыбыз менен кошо коё берели, бул мыйзам боюнча болсун!

    10:4 Тур, анткени бул сенин ишиң, биз сени мененбиз, кайраттан, ишке кириш!»

    10:5 Ошондо эзра турду да, бардык ыйык кызмат кылуучуларды, лебилерди жана бүткүл Ысрайыл элин башкаргандарды ошондой кылабыз деп ант берүүгө чакырды. Алар ант беришти.

    10:6 Анан эзра туруп, Кудай үйүнөн кетти да, элийашип уулу Жоханандын үйүнө келди. Нан жебей, суу ичпей койду, анткени туткундан кайткандардын кылмышы үчүн кайгырып турду.

    10:7 Анан мурдагы туткундардын бардыгын Иерусалимге чогултуш үчүн, Жүйүт аймагы менен Иерусалимге жарлык жарыялашты.

    10:8 Yч күндүн ичинде ким келбей турган болсо, ал башкаруучулардын жана уруу аксакалдарынын чечими менен турак жайынан ажырайт, өзү болсо туткундан келгендердин жамаатынан четтетилет.

    10:9 Ошондо Жүйүт менен Бенжемин жеринде жашаган бардык эл үч күн ичинде Иерусалимге чогулду. Бул тогузунчу айдын жыйырманчы күнү болду. Бардык эл Кудай үйүнүн алдындагы аянтта ушул иштен улам жана жамгырдан титиреп отурду.

    10:10 Анан ыйык кызмат кылуучу эзра ордунан туруп, аларга мындай деди: «Силер бөтөн элдерден аял алып, кылмыш кылдыңар, ошону менен Ысрайылдын күнөөсүн көбөйтүп жибердиңер.

    10:11 Ошондуктан ата-бабаларыңардын Кудай-Теңиринин алдында ушул үчүн өкүнүп, кечирим сурагыла да, Анын эркин аткаргыла. Бөтөн элдерден, башка уруулардан алган аялдарыңардан бөлүнгүлө».

    10:12 Ошондо бүт эл катуу эн менен мындай деп жооп берди: «Сен кандай десең, биз ошондой кылабыз.

    10:13 Бирок эл көп, жамгыр да жаап турат, сыртта турганга мүмкүн эмес. Анын үстүнө, бул иш бир же эки күндүк иш эмес, анткени биз бул иште өтө көп күнөөгө баттык.

    10:14 Биздин башчылар бүт жамаат үчүн чечим чыгарышсын, биздин шаарлардагы бөтөн элдерден аял алгандардын баары өз шаарларынын башкаруучулары, аксакалдары менен бул жерге белгиленген убакта келип турсун, ошондо Кудай бул иш үчүн каарданганын токтотот».

    10:15 Ошондо Асаел уулу Жонатан, Тикпа уулу Жахзея бул иштин башында турду, аларга Мешулам менен леби Шаптай жардамчы болду.

    10:16 Туткундан кайткандар так ошондой кылышты. Буга ыйык кызмат кылуучу эзра, ар бир уруунун уруу башчылары бөлүнүп, аттары аталды. Бул ишти иликтеп-изилдеш үчүн, алар онунчу айдын биринчи күнү кеңешме курушту.

    10:17 Бөтөн элдерден аял алгандарды изилдөө иши биринчи айдын биринчи күнү бүттү.

    Бөтөн элдерден аял алган Жүйүт уулдары

    10:18 Ошондо бөтөн элдерден аял алган ыйык кызмат кылуучулардын уулдары булар деп табылды: Жотсадак уулу Жешуянын балдары менен бир туугандарынан: Маасея, элиезер, Жарип жана Гедалия.

    10:19 Алар аялдарын коё берүүгө, күнөөлөрү үчүн, айыптары үчүн курмандыкка кочкор чалууга кол берип убада кылышты.

    10:20 Имердин уулдарынан: Ханани менен Зебадия;

    10:21 Харимдин уулдарынан: Маасея, үйлия, Шемая, Жехиел жана Узия;

    10:22 Пашкурдун уулдарынан: элийойнай, Маасея, Ысмайыл, Натанаел, Жозабат, эласа;

    10:23 Лебилерден: Жозабат, Шимей, Кейлая (Келита), Петахия, Жүйүт, элиезер;

    10:24 Ырчылардан: элийашип; дарбазачылардан: Шалум, Телем, Ури;

    10:25 Ысрайылдыктардан: Пароштун уулдарынан: Рамия, Жизия, Малкия, Миямин, элазар, Малкия, Беная;

    10:26 эйламдын уулдарынан: Матания, Захария, Жехиел, Абды, Жереймот, үйлия;

    10:27 Затунун уулдарынан: элийойнай, элийашип, Матания, Жереймот, Забат, Азиза;

    10:28 Бейбайдын уулдарынан: Жоханан, Ханания, Забай, Аплай;

    10:29 Банинин уулдарынан: Мешулам, Малух, Адая, Жашуп, Шейал, Жереймот;

    10:30 Пахат-Мааптын уулдарынан: Адна, Келал, Беная, Маасея, Матания, Бетселел, Бинуй, Менаше;

    10:31 Харимдин уулдарынан: элиезер, Жишия, Малкия, Шемая, Шымон;

    10:32 Бенжемин, Малух, Шемария;

    10:33 Хашумдун уулдарынан: Матнай, Матата, Забат, элипелет, Жеремай, Менаше, Шимей.

    10:34 Банинин уулдарынан: Маадай, Амрам, Уел,

    10:35 Беная, Бейдей, Келуу,

    10:36 Беная, Меремот, элийашип,

    10:37 Матания, Матнай, Жишия,

    10:38 Бани, Бинуй, Шимей,

    10:39 Шелемия, Натан, Адая,

    10:40 Махнадбай, Шашай, Шарай,

    10:41 Азарел, Шелемия, Шемария,

    10:42 Шалум, Амария, Жусуп;

    10:43 Небонун уулдарынан: Жейел, Матития, Забат, Зебина, Жадай, Жоел, Беная.

    10:44 Мына ушулардын баары – бөтөн элдерден аял алгандар. Булардын айрымдарынын аялдары бала төрөп беришкен.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск