Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ездра 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    үзранын бөтөн элден аял алган жүйүттөр жөнүндө билиши

    9:1 Бул иштер бүткөндөн кийин, башчылар мага келип, мындай дешти: «Ысрайыл эли, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер бөтөн элдердин: канаандыктардын, хеттиктердин, периздиктердин, жебустуктардын, амондуктардын, мааптыктардын, мисирликтердин, аморлуктардын жийиркеничтүү иштеринен арыла элек.

    9:2 Анткени өздөрү да, уулдары да алардын кыздарынан алышты. Ыйык тукум бөтөн уруулар менен аралашып кетти. Кала берсе, эң атактууларынын, башчыларынын колдору биринчилерден болуп ушундай мыйзамсыз иштерге барды».

    9:3 Мен бул сөздөрдү укканда, ич кийимимди да, тыш кийимимди да айрып, башымдагы чачымды, эүгимдеги сакалымды жулуп, кайгырып отурдум.

    9:4 Ошондо туткундан кайткандардын кылмышынан улам Ысрайылдын Кудайынын сөзүнөн корккондордун баары мага чогулуп келишти. Мен кайгыга батып, кечки курмандык чалынуучу маалга чейин отурдум.

    9:5 Кечки курмандык чалынуучу маалда кайгырып отурган жеримен туруп, айрылган ички, тышкы кийимчен чөгөлөп, Кудай-Теңириме колумду сунуп,

    9:6 мындай деп жалындым: «Оо Кудайым! Сени карагандан уялып да, коркуп да жатам, Кудайым, анткени биздин мыйзамсыздыгыбыз башыбыздан ашты, биздин мыйзамсыз иштерибиз, кылган күнөөлөрүбүз асманга жетти.

    9:7 Ата-бабаларыбыз жашаган күндөрдөн тартып бүгүнкү күнгө чейин биз абдан айыптуубуз. Мыйзамсыз иштерибиз үчүн биз да, падышаларыбыз да, ыйык кызмат кылуучуларыбыз да ушул күнгө чейин башка элдердин падышаларынын колуна салынып берилип, кылыч мизине, туткунга, талоонго, кордоого алынып келе жатабыз.

    9:8 Мына, Кудай-Теңирибиз бизге бир азга ырайым көрсөттү, күү бирөөбүздү туткундан аман алып чыкты, Анын ыйык жеринде турууга ырайым кылды, Кудайыбыз көзүбүздү ачып, кулчулукта жүргөндө бир аз жанданууга мүмкүндүк берди.

    9:9 Биз кулдарбыз, бирок Кудайыбыз бизди кулдукта жүргөндө да калтырган жок. Ал бизге Персия падышаларынан ырайым таптырды, ошондо алар бизге жанданууга, кыйрап калган Кудайдын үйүн курууга, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк беришти, Жүйүт аймагы менен Иерусалимде жашап турганда бизге калканыч болушту.

    9:10 Кудайыбыз, эми биз Сага ушундан кийин эмне деп айта алабыз? Анткени биз Сенин кулдарың, пайгамбарларың аркылуу:

    9:11 “Силер эүлеш үчүн бара жаткан жер таза эмес, ал жер бөтөн элдердин таза эмес иштери менен булганып калган, алар өздөрүнүн жийиркеничтүү иштери менен ал жерди башынан аягына чейин толтуруп салышкан.

    9:12 Ошондуктан силер кыздарыңарды алардын уулдарына бербегиле, алардын кыздарын силердин уулдарыңар албасын, ал жерге отурукташыш үчүн, ал жердин түшүмү менен азыктаныш үчүн, укум-тукумуңарга түбөлүккө мурас калтырыш үчүн, аларга тынчтык да, ийгилик да каалабагыла”, – деп айткан осуятыңдан четтеп кеттик.

    9:13 өзүбүздүн жаман иштерибиз үчүн, көп күнөөбүз үчүн тарткан азабыбыздан кийин да, Сен, Кудайыбыз, бизди мыйзамсыз иштерибиздин өлчөмүнө карабай аядың, бизди ушинтип куткарып алдың.

    9:14 Биз кайра эле Сенин осуяттарыңды бузуп, бул жийиркеничтүү эл менен туугандаша беребизби? Анда Сен каарданып, бизди кырып саласың, ошондо бизден ким тирүү калат, бизди ким куткарып алат?

    9:15 Оо Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Бир өзүң адилетсиң! Анткени биз ушул күнгө чейин жашап келе жатабыз. Мыйзамсыз иштерибиз менен Сенин алдыңда турууга акыбыз жок болсо да, Сенин алдыңда турабыз».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск