Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Иерусалим дубалынын калыбына келтирилиши

    3:1 Башкы ыйык кызмат кылуучу элийашип ыйык кызмат кылуучу бир туугандары менен ордунан туруп, Кой дарбазасын курду. Алар аны ыйыктап, эшиктерин орнотушту, аны Мея мунарасынан Хананел мунарасына чейин ыйыкташты.

    3:2 Анын жанында жерихолуктар куруп жатышты, алардын жанында Имри уулу Закур куруп жатты.

    3:3 Балык дарбазасын Сенаа тукуму тургузду, алар эшиктин кашектерин орнотуп, анын эшиктерин, кулпуларын, бекиткичтерин салышты.

    3:4 Алардын жанында дубалды Урийдин уулу Меремот оңдоп жатты. Урий Акостун уулу эле. Алардын жанында Берекиянын уулу Мешулам оңдоп жатты. Берекия Мешейзабелдин уулу эле. Алардын жанында Баананын уулу Садок оңдоп жатты.

    3:5 Алардын жанында текоялыктар иштеп жатышты. Бирок алардын атактуу адамдары өз мырзалары үчүн иштөөгө моюн сунушкан жок.

    3:6 үски дарбазаны Пасейах уулу Жойада жана Бесодия уулу Мешулам оңдоп жатты, алар эшиктин кашектерин орнотуп, анын эшиктерин, кулпуларын, бекиткичтерин салышты.

    3:7 Алардын жанында дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчынын бийлиги астындагы гибондук Мелатия, мейрондук Жадон Гибон жана Миспе тургундары менен бирге оңдоп жатты.

    3:8 Анын жанында Харая уулу Узиел зергер оңдоп жатты. Анын жанында Гарахаким уулу Ханания оңдоп жатты. Алар Иерусалимди жазы дубалга чейин калыбына келтиришти.

    3:9 Алардын жанында Иерусалимдин жарым аймагын башкарган Хур уулу Репая оңдоп жатты.

    3:10 Алардын жанында жана өз үйүнүн маңдайында Харумап уулу Жедая оңдоп жатты. Анын жанында Хашабнея уулу Хатуш оңдоп жатты.

    3:11 Кийинки бөлүгүн Харим уулу Малкия менен Пахат-Маап уулу Хашуп оңдоп жатты. Алар Меш мунарасын да оңдоп жатышты.

    3:12 Алардын жанында Иерусалимдин жарым дубанын башкарган Алокеш уулу Шалум кыздары менен оңдоп жатты.

    3:13 өрөөн дарбазасын Заноах тургундары менен Ханун оңдоп жатты. Алар дарбазаны орнотуп, эшиктерин коюп, кулпуларын салып, бекиткичтерин бекитишти. Алар дагы Кык дарбазасына чейин миң чыканак дубалды оңдошту.

    3:14 Ал эми Кык дарбазасын Бейт-Акерем дубанынын башчысы Рейхап уулу Малкия оңдоду. Ал аны орнотуп, эшиктерин коюп, кулпуларын салып, бекиткичтерин бекитти.

    3:15 Булак дарбазасын Миспе дубанынын башчысы Кол-Хозенин уулу Шалун оңдоп жатты. Ал дарбазаны орнотуп, үстүн жаап, эшиктерин коюп, кулпуларын салып, бекиткичтерин бекитти. Ал ошондой эле падыша багынын каршысындагы Селах көлмөсүнүн жанындагы дубалды Дөөттүн шаарынан ылдый түшкөн тепкичтерге чейин оңдоду.

    3:16 Андан кийинки бөлүктү Бейт-Сур жарым дубанынын башчысы Азбык уулу Некемия Дөөттүн мүрзөсүнө, казылган көлмөгө жана баатырлардын үйлөрүнө чейин оңдоду.

    Дубалды курууга катышкан лебилер

    3:17 Андан кийинки бөлүктү лебилер: Бани уулу Рехум оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү Кеила жарым дубанынын башчысы Хашабия өз дубаны үчүн оңдоп жатты.

    3:18 Андан кийинки бөлүктү алардын бир туугандары: Кеила жарым дубанынын башчысы Хейнадат уулу Бабай оңдоп жатты.

    3:19 Анын жанында, кийинки бөлүктү, бурчтагы курал кампага чыга бериштин каршысындагы дубалды Миспе башчысы Жешуя уулу эйзер оңдоп жатты.

    3:20 Андан кийинки бөлүктү, дубалдын кийинки бөлүгүн, бурчтан башкы ыйык кызмат кылуучу элийашиптин үйүнүн эшигине чейин Запкай уулу Барух тырышып оңдоп жатты.

    3:21 Андан кийинки бөлүктү, элийашиптин үйүнүн эшигинен үйүнүн аягына чейин Урий уулу Меремот оңдоп жатты. Урий – Акостун уулу.

    Дубалды курууга катышкан ыйык кызмат кылуучулар

    3:22 Андан кийинки бөлүктү Иордандын тегерегинде жашаган ыйык кызмат кылуучулар оңдоп жатышты.

    3:23 Андан кийинки бөлүктү, өз үйүнүн каршысында Хашуп менен Бенжемин оңдоп жатты, андан кийинки бөлүктү, өз үйүнүн каршысында Анания уулу, Маасея уулу Азария оңдоп жатты.

    3:24 Андан кийинки бөлүктү, Азариянын үйүнөн бурчка чейин, бурулушка чейин Хейнадат уулу Бинуй оңдоп жатты.

    3:25 Андан кийинки бөлүктү, зындан короосундагы падышанын үстүнкү үйүнөн чыгып турган мунара менен бурчтун каршысын Узай уулу Палал оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү Парош уулу Педая оңдоп жатты.

    3:26 Опелде турган нетиндер болсо Суу дарбазасынын чыгыш тарабынын каршысындагы дубалды дарбазанын жанындагы мунарага чейин оңдоп жатышты.

    Калган куруучулар

    3:27 Андан кийинки бөлүктү, чоң мунаранын каршысынан Опел дубалына чейин текоялыктар оңдоп жатышты.

    3:28 Жылкы дарбазасынан нары ыйык кызмат кылуучулардын ар бири өз үйүнүн тушун оңдоп жатты.

    3:29 Андан кийинки бөлүктү Имер уулу Садок өз үйүнүн тушун оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү чыгыш дарбазаларынын сакчысы Шехания уулу Шемая оңдоп жатты.

    3:30 Андан кийинки бөлүктү Шелемия уулу Ханания менен Салаптын алтынчы уулу Ханун оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү, Берекия уулу Мешулам өз бөлмөсүнүн тушун оңдоп жатты.

    3:31 Андан кийинки бөлүктү, Хамикат дарбазасынын каршысындагы нетиндер менен соодагерлердин үйүнө чейин жана бурчтагы турак жайга чейин Хатсорпий уулу Малкия оңдоп жатты.

    3:32 Ал эми бурчтагы турак жай менен Кой дарбазасына чейинки бөлүктү зергерлер менен соодагерлер оңдоп жатышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск