Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Некемиянын сыйынуулары

    4:1 Санбалат дубалды куруп жатканыбызды укканда, ачуусу келип, кыжырланып, жүйүттөрдү шылдыңдады.

    4:2 Ал өз бир туугандарынын алдында жана самариялык аскер адамдарынын алдында мындай деди: «Бул байкуш жүйүттөр эмне кылып жатышат? Аларга ушуну курганга жол берилмек беле? Алар курмандык чалабыз деп жатышабы? Бир күнү бүтүрөбүз деп жатышабы? Єйүлгөн топурактан таштарды кайра тургуза алышмак беле? Анан калса, күйүп калган таштарды кайра тургуза алышмак беле?»

    4:3 Жанында турган амондук Тобия болсо мындай деди: «Кура беришсин, түлкү секирип чыкса эле, булардын таш дубалдары талкаланат».

    4:4 «Оо Кудайыбыз, кандай жек көрүндү абалда турганыбызды уга көр! Булардын шылдыңын өз баштарына сал, буларды туткун болуп барган жеринде жек көрүндү кыл.

    4:5 Булардын мыйзамсыз иштерин жаап койбо, Сенин алдыңда булардын күнөөлөрү жуулбасын, анткени булар курулушта иштеп жаткандарды капа кылышты».

    4:6 Бирок биз дубалды тургуза бердик. Ошентип, дубалды жарымына чейин көтөрүп койдук. Анткени элдин иштегенге каалоосу бар эле.

    4:7 Иерусалимдин дубалы калыбына келтирилип жатканын, бузулган жерлери оңдолуп жатканын укканда, Санбалат да, Тобия да, аравиялыктар да, амондуктар да, азоттуктар да абдан ачууланышты.

    4:8 Анан алар Иерусалим менен согушууга, дубалдарын талкалап салууга бирге барууну макулдашышты.

    4:9 Биз болсо Кудайыбызга сыйындык. Булардан сактаныш үчүн, күнү-түнү күзөтчүлөрдү койдук.

    4:10 Бирок жүйүттөр: «Жүк ташуучулар чарчап калышты, ал эми урандылар өтө көп. Дубалды кура албайбыз», – дешти.

    4:11 Душмандарыбыз болсо: «Булардын ортосуна кирип барабыз да, талкалайбыз, иштерин токтотобуз, алар биздин капыстан киргенибизди билбей да, көрбөй да калышат», – деп ойлоп жатышты.

    4:12 Алардын жанында жашаган жүйүттөр келишип, бизге душмандар ар кайсы жактан кол саларын он жолу айтканда,

    4:13 мен дубалдын ары жагына, ойдуң жана ачык жерлерге элди кылыч, найза, жаа менен куралдантып, уруу-уруусу боюнча койдум.

    4:14 Анан мен аларды карап чыгып, атактуу адамдарга, башчыларга жана элге: «Душмандан коркпогула. Улуу, коркунучтуу Теңириңерди үстегиле, өз бир туугандарыңар үчүн, өз уулдарыңар үчүн, өз кыздарыңар үчүн, өз аялдарыңар үчүн, өз жайыңар үчүн салгылашкыла», – деп айттым.

    4:15 Душмандарыбыз өздөрүнүн арам ойлору бизге белгилүү болуп калганын угушту, Кудай алардын арам ниетин талкалады. Ошондо биз дубалга кайра келип, ар кимибиз өз жумушубузга кириштик.

    4:16 Ошол күндөн тартып менин жаш жигиттеримдин жарымы жумушта болду, жарымы найза, калкан, жаа, соот кармап турду, аскер башчылар жүйүт элинин артында болушту.

    4:17 Дубал тургузуп жаткандар, жүк ташуучулар бир колу менен иш кылып, экинчи колуна найза кармап жүрүштү.

    4:18 Ар бир куруучу белине кылычын байлап иштеп жатты. Ал эми менин жанымда сурнайчы турду.

    4:19 Анан мен атактуу адамдарга, башчыларга жана калган элге мындай дедим: «Жумуш көп, жумуш чоң, биз дубалдын аяк-башында жүрөбүз, арабыз алыс.

    4:20 Ошондуктан силер сурнай үнүн кайсы жерден уксаңар, ошол жерге чогулуп, бизге келгиле. Биз үчүн Кудайыбыз өзү күрөшөт».

    4:21 Биз жумушту ушундай аткардык. Таң сүргөндөн жылдыз чыкканга чейин жарымыбыз найза кармап турдук.

    4:22 Мындан тышкары, Иерусалимде бардыгы өз кулдары менен бирге түнөсүн дедим. Алар түнкүсүн күзөттө турушат да, күндүз иштешет.

    4:23 өзүм да, бир туугандарым да, кишилерим да, кайтарган сакчыларым да кийимибизди чеччү эмеспиз. Сууга барганда да, ар бирибиз кылыч алып жүрчүбүз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск