Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    24:1 Билам Ысрайыл элине бата берүү Теңирге жагарын көрүп, мурдагыдай сыйкырчылык кылбай, бурулуп, чөлдү карап туруп калды.

    24:2 Анан Билам көз чаптырып, өз-өз уруусу менен турган Ысрайыл элин көрдү. Ошондо анын үстүнө Кудайдын Руху түштү.

    24:3 Ошондо ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат,

    24:4 Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат:

    24:5 Жакып, чатырларың, Ысрайыл, үйлөрүң кандай сонун!

    24:6 Алар дарыя боюндагы бактардай, Теңир отургузган алой дарактарындай, суу боюндагы кедр дарактарындай, өрөөндөй созулуп жатат.

    24:7 Анын чакаларынан суу ашып-ташып төгүлүп турат, анын укум-тукуму чоң суулардай жайылат. Анын падышасы Агактан да өтүп, падышачылыгынын зоболосу артат.

    24:8 Аны Мисирден Кудай алып чыккан. Анын күчү буйволдун күчүндөй, ал өзүнө каршы чыккан элди жеп салат, сөөктөрүн талкалап, жебеси менен жексен кылат.

    24:9 Ал тизе бүктү, эркек арстандай, ургаачы арстандай жатат, аны ким тургуза алат? Сага бата берген бата алат, сени каргаган каргышка калат!»

    24:10 Ошондо Балактын Биламга каары кайнап, колун серпип, ага мындай деди: «Мен сени душманымды каргасын деп чакыргам, бирок сен аларга үч жолу бата бердиң.

    24:11 өз жолуңа түш, мен сени сыйлайын дедим эле, бирок Теңир сени сыйдан ажыратып жатат».

    24:12 Ошондо Билам Балакка мындай деди: «Мен сенин мага жиберген элчилериңе:

    24:13 “Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Теңирдин буйругун буза албайм, өз эрким менен жакшылык же жамандык кыла албайм. Теңир эмнени айтса, мен ошону айтам”, – деп айтпадым беле.

    Биламдын акыркы пайгамбарчылыктары

    24:14 Мен өз элиме кетип бара жатам. Жүр мени менен, мен сага келечекте бул эл сенин элиңди эмне кыларын айтып берем».

    24:15 Анан ал мындай сөздөрдү айтты: «Бейордун уулу Билам сүйлөп жатат, ачык көргөн адам айтып жатат.

    24:16 Кудайдын сөзүн угуп жаткан, Бардыгынан Жогору Тургандан акылмандуулук алган, Кудуреттүүнүн аянын көрүп жаткан адам айтып жатат. Ал жыгылып бара жатат, бирок ал ачык көрүп турат.

    24:17 Аны көрүп турам, бирок ал азырынча жок. Аны көрүп турам, бирок али ал жакын эмес. Жакыптан жылдыз чыгат, Ысрайылдын бийлик таягы көтөрүлөт, ал Мааптын төрөлөрүнө сокку урат, Шет уулдарынын бардыгын кыйратат.

    24:18 үдом бийлик астында болот, Сеир өз душмандарынын бийлиги астында болот, Ысрайыл болсо өз күчүн көрсөтөт.

    24:19 Жакыптын тукуму калган шаарларды басып алып талкалайт».

    24:20 Анан ал амалыктыктарды көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Амалык – байыркы элдердин бири, бирок ал акырында кыйрап жок болот».

    24:21 Анан ал кейниликтерди көрүп, мындай сөздөрдү айтты: «Сенин турагың бекем, сенин уяң аскага салыныптыр.

    24:22 Бирок Ашур сени колго түшүрүп, туткундап кетерине аз калганда, Кабыл бүлгүнгө учурайт».

    24:23 Анан ал дагы мындай сөздөрдү айтты: «О, кандай кайгы, Кудай муну кылганда ким тирүү калат!

    24:24 Китимден кемелер келип, Ашурду багынтып алат, эйберди да багынтып алат, бирок алар да ойрон болушат!»

    24:25 Анан Билам ордунан туруп, келген жагына, өз жерине кетти, Балак да өз жолу менен кетти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск