Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Ысрайыл элинин Шитимде жалган кудайларга табынышы

    25:1 Ысрайыл Шитимде жашап турду. Ошондо Ысрайыл эли Маап кыздары менен ойноштук кылып бузула баштады.

    25:2 Алар Ысрайыл элин өз кудайларына курмандык чалганда чакырып турушту. эл алардын курмандыгынан жеп, алардын кудайларына табына баштады.

    25:3 Ошентип, Ысрайыл Баал-Пейор деген жасалма кудайга табына баштады. Ошондо Теңир Ысрайылга каарданды.

    25:4 Теңир Мусага мындай деди: «Бардык эл башчыларды алып, күн астында, Теңирдин алдында асып сал, ошондо Теңирдин Ысрайылга болгон жалындаган каары кайтат».

    25:5 Муса Ысрайыл башкаруучуларына: «Ар бириңер Баал-Пейорго жабышкан адамдарыңарды өлтүргүлө», – деди.

    25:6 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты жыйын чатырынын алдында ыйлап жатканда, Ысрайыл уулдарынан бирөө Мусанын жана жамааттын көз алдында бир мидиандык кызды өз бир туугандарына алып келди.

    25:7 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу, элазардын уулу Пинехас муну көрүп, жамааттын ортосунан тура калып, найзасын колуна алып,

    25:8 жанагы ысрайылдыктын артынан кирди да, экөө жаткан жеринен ысрайылдыкты да, аялды да ичке сайды. Ошондон кийин Ысрайыл уулдарынын кырылганы токтоду.

    25:9 Кырылган ысрайылдыктардын саны жыйырма төрт миң эле.

    25:10 Теңир Мусага мындай деди:

    25:11 «Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу, элазардын уулу Пинехас Ысрайыл уулдарынын арасында Мага болгон кызганычын көрсөтүп, Менин аларга болгон каарымды кайттырды, ошондуктан Мен кызганычым менен аларды толук жок кылып салган жокмун.

    25:12 Ошондуктан ага мындай деп айт: “Мына, Мен ага өзүмдүн тынчтык келишимимди берип жатам.

    25:13 Ал келишим ага жана анын укум-тукумуна ыйык кызмат кылуучулукту түбөлүккө калтыруу келишими болот, анткени ал өз Кудайына болгон кызганычын көрсөтүп, Ысрайыл уулдарын куткарып калды”».

    25:14 Мидиандык аял менен бирге өлтүрүлгөн ысрайылдыктын аты Шымон уруусунун башчысы Саланын уулу Зимри болчу.

    25:15 Ал эми өлтүрүлгөн мидиандык аялдын аты Козби эле. Ал Мидиандагы Омот уруусунун башчысы Сурдун кызы болчу.

    25:16 Теңир Мусага дагы мындай деди:

    25:17 «Мидиандыктарга каршы согуш ачып, аларды талкалагыла.

    25:18 Анткени алар силерге жаман ой менен кастык кылып, силерди Пейор менен, мидиандык башчынын кызы – өздөрүнүн бир тууган карындашы Козби менен азгырды. Козби Пейор үчүн кыргын болгон күнү өлтүрүлдү».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск