Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    23:1 Ошондо Билам Балакка: «Мага бул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.

    23:2 Балак Билам айткандай кылды. Ар бир курмандык чалынуучу жайда Балак менен Билам бирден букачар, бирден кочкор чалышты.

    23:3 Анан Билам Балакка: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен барып келейин. Балким, Теңир мага жолугар. Ал мага эмнени айтса, ошону сага айтам», – деп айтып, бийик жерге чыгып кетти.

    23:4 Ошондо Кудай Биламга жолукту. Билам Кудайга: «Мен жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалдым», – деди.

    23:5 Ошондо Теңир Биламдын айтчу сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.

    23:6 Билам Балакка кайтып келсе, ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур.

    23:7 Ошондо Билам мындай деди: «Маап падышасы Балак мени Месопотамиядан, чыгыш тоолорунан алдырып алып: “Кел, Жакыпты каргап бер, кел, Ысрайыл элин каргап бер”, – деди.

    23:8 Кудай аны каргабаса, мен аны кантип каргайын? Теңир ага жамандык кылбаса, мен ага кантип жамандык кылайын?

    23:9 Мен аны аскалардын чокусунан көрүп турам, адырлардын башынан карап турам: бул өзүнчө жашаган, эсепке кирбеген эл экен.

    23:10 Кумдай сансыз Жакыпты ким санап чыгат да, Ысрайылдын төрттөн бир бөлүгүн ким эсептеп чыгат? Ошол адил адамдар өлгөн сыяктуу өлсөм экен, күнүм ошолордуку сыяктуу эле бүтсө экен!»

    23:11 Ошондо Балак Биламга: «Бул эмне кылганың? Мен сени кас душмандарымды каргап берсин деп алдырбадым беле, сен болсо бата берип жатасың!» – деди.

    23:12 Билам болсо: «Теңир оозума эмнени салса, мен так ошону айтышым керек эмеспи», – деп жооп берди.

    Биламдын экинчи пайгамбарчылыгы

    23:13 Балак ага: «Жүр мени менен башка жерге, сен ал элди ошол жерден көрөсүң, бирок бүт бойдон көрбөйсүң, бир бөлүгүн гана көрөсүң, ошол жерден каргап бер», – деди.

    23:14 Анан аны Пизги тоосунун чокусундагы сакчылар турган жерге алып келип, жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.

    23:15 Ошондо Билам Балакка: «Ушул жерде, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңдын жанында туруп тур, мен болсо тигил жакка Кудай менен жолукканы барып келейин», – деди.

    23:16 Теңир Биламга жолугуп, айтар сөзүн оозуна салып: «Балакка кайра барып, ушул сөздөрдү айт», – деди.

    23:17 Ал кайра келсе, Балак өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгынын жанында Маап төрөлөрү менен туруптур. Ошондо Балак андан: «Теңир эмне деп айтты?» – деп сурады.

    23:18 Ал мындай сөздөрдү айтты: «Тур, Балак, мени ук, Сипор уулу, сөзүмө кулак сал.

    23:19 Калп айткыдай, Кудай адам эмес, өзгөрүлүп кеткидей, Кудай адам баласы эмес. Ал айтканын аткарбай коймок беле? Ал дегенин кылбай коймок беле?

    23:20 Мына, мен бата бере баштадым, анткени Ал өзү бата берип жатат, ошондуктан мен муну өзгөртө албайм.

    23:21 Жакыптын башына мүшкүл түшөрү көрүнбөйт, Ысрайылдын башына бактысыздык келери билинбейт. Кудай, анын Теңири, аны менен, Ысрайылдан падыша сурнайынын үнү чыгат.

    23:22 Аларды Мисирден Кудай алып чыккан, алардын күчү буйволдун күчүндөй.

    23:23 Жакыпка үч кандай көз байлоочулук таасир этпейт, Ысрайылга сыйкыр таасир этпейт. өз учурунда Жакып тууралуу, Ысрайыл тууралуу: “Карагылачы, Кудай кандай укмуштарды жаратты!” – деп айтышат.

    23:24 Бул эл ургаачы арстандай комдонуп, эркек арстандай турду. эми ал олжосун басып жемейинче, жайлаганынын канына канмайынча жатпайт».

    23:25 Балак Биламга мындай деди: «Аны каргабасаң каргабай эле кой, бата бербесең бербей эле кой».

    23:26 Билам Балакка мындай деп жооп берди: «Теңир мага эмнени айтса, ошону аткарам деп, мен сага айтпадым беле?»

    Биламдын үчүнчү пайгамбарчылыгы

    23:27 Ошондо Балак Биламга: «Жүр, мен сени башка жерге алып барайын, балким, бул Кудайга жагар, ошол жактан элди каргап берерсиң», – деди.

    23:28 Анан Балак Биламды чөлдү караган Пейор тоосунун чокусуна алып чыкты.

    23:29 Билам Балакка: «Мага ушул жерге жети курмандык чалынуучу жай орнотуп, жети букачар, жети кочкор даярдап бер», – деди.

    23:30 Балак Билам айткандай кылып, ар бир курмандык чалынуучу жайда бирден букачар, бирден кочкор чалды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск