Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    18:1 өз дегенин бербеген адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат.

    18:2 Акылсыз адам билимди сүйбөйт, бирок ал өзүнүкүн гана айткысы келет.

    18:3 Мыйзамсыздын келиши менен жек көрүү кошо келет, ал эми кордук менен кошо шылдың келет.

    18:4 Адамдын оозунан чыккан сөз – терең суу. Акылмандыктын башаты – кайнар булак.

    18:5 Адил адамды сотто айыпка жыгыш үчүн, мыйзамсыз адамга бет карамалык кылган жакшы эмес.

    18:6 Акылсыздын тили чатак чыгарат, айткан сөзү үчүн таяк жейт.

    18:7 Акылсыздын тили – өзүнө өлүм, оозу – жаны үчүн жайылган тор.

    18:8 Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.

    18:9 өз ишине кош көңүл болгон адам – ысырапчыл адамдын тууганы.

    18:10 Теңирдин ысымы – бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот.

    18:11 Байдын мал-мүлкү – анын бекем шаары, ал ага бийик чеп болуп сезилет.

    18:12 Жыгылардын алдында адамдын жүрөгү текеберденет, ал эми моюн сунгандык атак-даңкка жеткирет.

    18:13 Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат.

    18:14 Адамдын руху адамдын алсыздыгын көтөрөт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?

    18:15 Акылдуу адамдын жүрөгү билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт.

    18:16 Берилген белек адамдын жолун ачып, аны төрөлөргө чейин жеткирет.

    18:17 Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат.

    18:18 өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп, күчтүүлөрдүн ортосундагы талаш-тартышты чечет.

    18:19 Каарданган бир тууган кире алгыс чептүү шаардан да бекем. Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош.

    18:20 Адамдын ичи өз тилинин жемишине толот, ал өз оозунун чыгармасына тоёт.

    18:21 өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде, аны сүйгөндөр анын жемишинен татышат.

    18:22 Жакшы аял тапканы – ырыс тапканы, Теңирден ырайым көргөнү.

    18:23 Жакыр жалбарып сүйлөйт, бай орой жооп берет.

    18:24 Дос күткүсү келген адам досторчо мамиле кылышы керек. Бир тууганыңдан да жакын дос болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск