Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    19:1 Жалган сүйлөгөн, анан калса, акылсыз байга караганда такыбаа жашаган кембагал артык.

    19:2 Билимсиз болуу жакшы эмес, шашкан адам мүдүрүлөт.

    19:3 Акылсыздыгы адамды жолунан адаштырат, жүрөгү болсо Теңирге кыжырданат.

    19:4 Байлык досту көбөйтөт, ал эми жакырды досу да таштап кетет.

    19:5 Жалган күбө жазасыз калбайт, калп айткан адам качып кутулбайт.

    19:6 Адамдардын көбү атактууларга кошомат кылат, белек берген адамга баары дос.

    19:7 Жакыр адамды өзүнүн бүт бир туугандары жек көрөт, достору андан бетер андан качышат, алар менен сүйлөшөйүн деп, ал алардын артынан чуркайт, бирок сүйлөшө албайт.

    19:8 Акылга жеткен адам өз жанын сүйөт, акыл-үсти сактаган адам бакыт табат.

    19:9 Жалган күбө жазасыз калбайт, жалган айткан адам өлөт.

    19:10 Акылсыз адамга сөөлөт жарашпайт, андан бетер кулга төрөлөргө бийлик кылуу жарашпайт.

    19:11 Акыл-үстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу – ал үчүн даңк.

    19:12 Падышанын ачуусу арстандын айкырыгындай, ал эми ырайымы чөптүн үстүндөгү шүүдүрүмдөй.

    19:13 Акылсыз уул – өз атасына кайгы, ажаан аял – тынымсыз тамчылаган суу.

    19:14 Yй менен мал-мүлк – ата-энеден калган мурас, ал эми акылдуу аял – Теңирден.

    19:15 үринчүүктик уйкуга чөмүлтөт, шалаакы адам ачка калат.

    19:16 Мыйзамды сактаган адам өз жанын сактайт, ал эми өз жолуна кайдыгер адам өлөт.

    19:17 Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, кылган жакшылыгын Теңир кайтарымсыз калтырбайт.

    19:18 Yмүтүң барда уулуңду жазала, анын ыйына көңүл бөлбөй эле кой.

    19:19 Ачуулуу адам жазасын алсын, аяп койсоң, андан көбүрөөк жазалоого туура келет.

    19:20 Акылдуу болом десең, кеңешти ук, айыбыңды ачса, кабыл ал.

    19:21 Адам жүрөгүндө көп нерсени ниет кылат, бирок Теңирдин белгилеп койгону гана ишке ашат.

    19:22 Кайрымдуулугу адамга кубаныч алып келет. Калпычы адамга караганда жарды адам артык.

    19:23 Теңирден коркуу өмүргө алып барат, Теңирден корккон адам дайыма ыраазы болот, анын башына жамандык келбейт.

    19:24 үринчүүк адам колун чөйчөккө салат да, аны оозуна жеткиргиси келбейт.

    19:25 Шылдыңчыл адамды жазаласаң, жөнөкөй адам да үстүү болуп калат. Акылдуу адамдын айыбын ачсаң, ал акыл-насаатты түшүнөт.

    19:26 Абийири жок, уятсыз уул атасынын мүлкүн чачып, энесин эйдөн кууп чыгат.

    19:27 Уулум, насаат сөздөн четтөөнү эгүттөгөндөрдү укканыңды токтот!

    19:28 Жалган күбө акыйкаттыкты шылдың кылат, мыйзамсыз адамдардын оозу жалганды жутат.

    19:29 Шылдыңчыл адамдарга жаза, акылсыз адамдарга токмок даяр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск