Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Притчи 27

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    27-БөЛЄМ

    Уландысы. өзүн өзү мактоодон алыс болуу

    27:1 үртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң.

    27:2 Сени өз оозуң эмес, башка бирөөнүн оозу мактасын. Сени өз тилиң эмес, бөлөк бирөөнүн тили мактасын.

    27:3 Таш оор, кум да салмактуу, бирок акылсыздын ачуусу экөөнөн тең оор.

    27:4 Каар катаал, жаал тыйылгыс, бирок кызганчаактыкка ким туруштук бере алат?

    27:5 Жашыруун сүйүүгө караганда ачык айтылган ашкере жакшы.

    27:6 Сүйгөн адамдын жемеси чын жүрөктөн чыгат, жек көргөн адамдын өбүүсү жалган.

    27:7 Курсагы ток адам балды да тебелейт, ачка кишиге ачуунун баары таттуу.

    27:8 өз жерин таштап кеткен адам уясын таштап кеткен канаттуудай.

    27:9 Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу.

    27:10 өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба. Башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө барба, алыстагы бир тууганыңдан жаныңдагы кошунаң артык.

    27:11 Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам.

    27:12 Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.

    27:13 Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.

    27:14 Досун таң заардан катуу мактай баштаган адамды жамандап жаткан адам катары эсептешет.

    27:15 Ажаан аял жамгыр жааган күнү тынымсыз тамчылаган тамчыдай,

    27:16 аны жашыргысы келген адам шамалды жашыргысы келген адамдай жана өзү жөнүндө билдирип турган майды оң колуна жашыргысы келген адамдай.

    27:17 Темирди темир курчутат, адамды адам курчутат.

    27:18 Анжырды кайтарган адам анын мөмөсүн жейт. Мырзасын сактаган адам урматка эү болот.

    27:19 Адамдын жүзүнүн кандай экенин суу көрсөтөт, адамдын өзү кандай экенин жүрөгү көрсөтөт.

    27:20 өлгөндөр жаткан жай менен Абадон – тойбогон жай. Адамдын көзү да ошолор сыяктуу эле тойбойт.

    27:21 Күмүш үчүн эритүүчү меш, алтын үчүн көөрүктүн очогу кандай болсо, адам үчүн аны мактаган ооз ошондой.

    27:22 Акылсызды сокуга салып, сокбилек менен жанчсаң да, андан акылсыздык ажырабайт.

    27:23 Бодо малыңды жакшы кара, майда малыңды бак.

    27:24 Анткени байлык түбөлүк эмес, ал тургай, бийлик да муундан муунга өтпөйт.

    27:25 Чөп чабылат, кайра чөп чыгат, анан тоонун чөбү чабылат.

    27:26 Койлоруң кийим, эчкилериң жер сатып алууга кетет.

    27:27 үчкинин сүтү өзүңдүн да, үйүңдөгүлөрдүн да, үйүңдөгү күңдөрүңдүн да тамак-ашына жетет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск