Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Ыйса Машайактын кулу, элчи болууга чакырылган, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу үчүн тандалып алынган Пабылдан салам!

    1:2 Кудай бул Жакшы Кабарды мурда эле өзүнүн пайгамбарлары аркылуу Ыйык Жазууларда убада кылган болчу.

    1:3 Бул Жакшы Кабарда дене жагынан Дөөттүн тукумунан чыккан Кудай Уулу жөнүндө,

    1:4 өлгөндөрдүн арасынан тирилүүсү аркылуу, ыйыктоочу Рух боюнча Кудайдын Уулу болуп өзүнүн күч-кубаты менен ачылган Теңирибиз Ыйса Машайак жөнүндө айтылат.

    1:5 Ыйса Машайактын ысымынын урматына бүт элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайым көрсөттү жана элчилик кызматты ыйгарды.

    1:6 Ошол элдердин арасында Ыйса Машайак аркылуу чакырылган силер да барсыңар.

    1:7 Кудайдын Римдеги бардык сүйүктүүлөрү, ыйык болууга чакырылгандар, силерге Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    үлчинин Римге барсам деген каалоосу

    1:8 Силердин ишенимиңер жөнүндө бүт дүйнөгө жарыяланып жатат. Ошондуктан мен баарынан мурда бүт бардыгыңар үчүн Кудайыма Ыйса Машайак аркылуу ыраазычылык билдиремин.

    1:9 Уулу жөнүндө Жакшы Кабар таратып, жан-дилим менен кызмат кылып жүргөн Кудай өзү силерди дайыма үстеп сыйынып жатканыма,

    1:10 ошондой эле Кудайдын эрки болсо, силерге баруума жол ачылса экен деп, дайыма сыйынып, суранып жатканыма күбө.

    1:11 Силерди көрүүгө куштармын, анткени силердин бекемделишиңер үчүн, мен күү бир рухий жөндөмдүүлүктөр менен бөлүшсөм,

    1:12 башкача айтканда, силердин жана менин – баарыбыздын ишенимибиз аркылуу кайраттансак дейм.

    1:13 Бир туугандарым, силерге көп жолу келгим келгенин, бирок ушул учурга чейин тоскоолдуктарга учураганымды, башка элдерден көргөнүмдөй эле, силерден да эмгегимдин кандайдыр бир жемишин көргүм келгенин билишиңерди каалайм.

    1:14 Мен эллиндерге да, варварларга да, акылдууларга да, акылсыздарга да кызмат кылууга милдеттүүмүн.

    1:15 Ошондуктан мен колумдан келишинче Римде турган силерге да Жакшы Кабар таратууга даярмын.

    Жакшы Кабардын күчү

    1:16 Себеби мен Жакшы Кабар таратуудан уялбаймын. Анткени Жакшы Кабар – бардык ишенгендерди: алгач жүйүттөрдү, андан кийин эллиндерди да куткара турган Кудайдын күчү.

    1:17 Ыйык Жазууда: «Адил адам ишеними менен тирүү болот», – деп жазылгандай, Жакшы Кабарда Кудайдын адилеттиги ишеним аркылуу ачылып, ишенимге жеткирет.

    Адамзаттын күнөөкөрдүгү

    1:18 Анткени чындыкты адилетсиздик менен басып турган адамдардын кудайсыздык менен кылган бардык иштерине жана адилетсиздигине каршы асмандан Кудайдын каары төгүлөт.

    1:19 Себеби Кудай жөнүндө эмнени билүү мүмкүн болсо, ошол аларга белгилүү, анткени Кудай аларга билдирген.

    1:20 Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт.

    1:21 Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок, тескерисинче, куру кыялдарга батышты, алардын үч нерсени түшүнбөгөн жүрөктөрү караңгыланды.

    1:22 өздөрүн акылдуу эсептеп, акылынан ажырашты.

    1:23 өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнелерине алмаштырышты.

    1:24 Ошондуктан Кудай алардын өз жүрөктөрүндөгү кумардуу каалоолору менен бузуктукка батуусуна жол берди. Ошентип, алар өз денелерин өздөрү булгашты.

    1:25 Алар Кудайдын чындыгын жалганга алмаштырышты, Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышты, кызмат кылышты. Ал эми Кудай түбөлүккө даңкталууга татыктуу! Оомийин.

    1:26 Ошондуктан Кудай алардын ыпылас кумарга батуусуна жол берип койду, анткени алардын аялдары да табигый жыныстык байланышты табигый эмес байланышка алмаштырышты.

    1:27 Ошондой эле эркектер да аялдар менен болгон табигый жыныстык байланышты таштап, бири-бирине кумарын арттырышты. эркектер бири-бири менен ыпылас ишке барышты. Адашкандыктары үчүн алардын денеси жазаланды.

    1:28 Алар Кудайды таанып билүүнүн кажети жок дешкендиктен, ыпылас иштерди жасаган аларды Кудай ыпылас ойлорунун жетегине таштап койду.

    1:29 Ошондуктан алардын жүрөгү ар кандай адилетсиздикке, бузуктукка, арамзалыкка, ач көздүккө, ачууга, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, чатакташууга, алдамчылыкка, терс кыялдарга толгон.

    1:30 Алар – тили заар, жалаа жабуучу, Кудайды жек көрүүчү, таарынтуучу, мактанчаак, текебер, жамандык ойлоп чыгаруучу, ата-энесине тил албас,

    1:31 акылсыз, сөзүнө турбаган, мүүримсиз, элдешпес, ырайымсыз адамдар.

    1:32 Алар Кудайдын адилет сотун, ушундай кылуучулар өлүмгө татыктуу экенин билип туруп, ушуларды жасашат. Жасап эле тим болбостон, ушундай кылгандарды кубатташат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск