Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    10:1 Шемуел зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куйду, анан аны өөп, мындай деди: «Теңир сени өз мурасын башкарууга майлап жатат.

    10:2 Азыр сен менин жанымдан кеткенден кийин, Бенжемин жериндеги Селсахтан, Рахелдин бейитинин жанынан эки кишиге жолугасың, алар сага мындай дешет: “Сен издеп жүргөн ургаачы эшектер табылды, атаң эшектерин ойлобой эле: "Уулум эмне болду?" – деп, силер үчүн тынчсызданып жатат”.

    10:3 Андан өткөндөн кийин, Табор эмен багына келесиң, ал жерден сага Бейтелге, Кудайга бара жаткан үч киши кезигет. Бири үч улак, экинчиси үч нан, үчүнчүсү бир чанач шарап көтөрүп алган.

    10:4 Алар сени менен саламдашып, сага эки нан беришет, аны сен алардын колунан аласың.

    10:5 Андан кийин пелиштилик күзөт тобу турган Кудайдын дөбөсүнө келесиң. Ал жерден шаарга киргенде, бийик жерден түшүп келе жаткан бир топ пайгамбарга жолугасың, алар пайгамбарчылык кылып бара жатышат, алардын алдында забур ырдап, дап кагып, чоор тартып, гусли чертип бара жатышат.

    10:6 Ошондо сенин үстүңө Теңирдин Руху түшүп, алар менен кошо пайгамбарчылык кылып, башка адам болуп каласың.

    10:7 Ушул жышаандар ордунан чыкканда, колуңдан эмне келсе, ошону кыл, анткени Кудай сени менен.

    10:8 Анан сен менден мурда Гилгалга бар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалуу үчүн, мен да ал жерге, сага барам. Мен сага баргыча, мени жети күн күт, ошондо мен сага эмне кылышың керек экендигин айтам».

    10:9 Шабул бурулуп, Шемуелдин жанынан кетейин дегенде, Кудай ага башка жүрөк берди, ошол күнү ошол жышаандардын бардыгы орундалды.

    10:10 Алар дөбөгө келгенде, алардын алдынан бир топ пайгамбар чыкты. Ошондо Шабулга Кудайдын Руху түштү, ал алардын арасында пайгамбарчылык кылды.

    10:11 Аны мурун тааныгандардын баары анын пайгамбарлар менен пайгамбарчылык кылып жатканын көрүшүп, эл бири-бирине: «Киштин уулуна эмне болгон? Кантип эле Шабул да пайгамбар болуп калсын?» – деди.

    10:12 Анан ошол жердегилердин бирөө: «Ал эми тигилердин атасы ким эле?» – деди. «Кантип эле Шабул да пайгамбар болуп калсын?» деген сөз ошондон улам лакап болуп айтылып калган.

    10:13 Анан ал пайгамбарчылык кылганын токтотуп, бийик жерге кетти.

    10:14 Шабулдун атасынын бир тууганы андан жана анын кулунан: «Силер кайда бардыңар?» – деп сурады. «Ургаачы эшектерди издеп жүрдүк, бирок аларды таппай койгондо, Шемуелге бардык», – деп жооп берди Шабул.

    10:15 Анан Шабулдун атасынын бир тууганы: «Айтып берчи, Шемуел силерге эмне деди?» – деп сурады.

    10:16 Шабул атасынын бир тууганына: «Ал бизге: “үшектер табылды”, – деп айтты», – деп жооп берди. Бирок Шабул ага Шемуелдин падышачылык жөнүндө айткан сөзүн айткан жок.

    Шабулдун падыша болуп жарыяланышы

    10:17 Шемуел элди Теңирдин алдына, Миспага чакырды.

    10:18 Ошондо ал Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым, силерди мисирликтердин колунан жана силерди эзген бардык падышачылыктардын колунан куткардым”.

    10:19 Силер болсо бардык кыйынчылыктарыңардан, азап-кайгыңардан куткарган Кудайыңарды четке кактыңар да, Ага: “Биздин үстүбүзгө падыша кой”, – дедиңер. эми өз урууңар, тукумуңар менен Теңирдин алдына келип тургула».

    10:20 Анан Шемуел Ысрайылдын бүт урууларынын келишин буйруду. Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү.

    10:21 Бенжемин уруусуна тукумдарга бөлүнүп келүүнү буйруганда, Матрий тукуму көрсөтүлдү. Матрий тукумунун эркектери келгенде, Киштин уулу Шабулдун аты аталды, аны издеп таппай коюшту.

    10:22 Анан Теңирден дагы: «Ал бул жерге келди беле?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Ал жүктүү арабалардын арасында жашынып турат», – деп жооп берди.

    10:23 Алар чуркап барып, аны ал жактан алып келишти. Ал элдин ортосуна турду. Бардык эл анын ийининен келчү.

    10:24 Анан Шемуел бүт элге мындай деди: «Теңир кимди тандаганын көрдүңөрбү? Бүт элде буга тең келе турган үч ким жок». Ошондо бүт эл: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.

    10:25 Шемуел падышачылык укуктарды элге айтып берип, китепке жазып, Теңирдин алдына койду. Анан бүт элди коё берди, ар кимиси өз үйүнө тарады.

    10:26 Ошондой эле Шабул да өз үйүнө, Гибага кетти. Кудай каалоо берген эр жүрөк адамдар аны менен жөнөштү.

    10:27 Ал эми начар кишилер: «Бизди сактачу ушул бекен?» – дешти. Аны жек көрүп, ага белек беришкен жок. Бирок ал муну байкамаксан болуп койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск