Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Шабулдун амондуктарды жеңип алышы

    11:1 Амондук Нахаш келип, Гилаттагы Жабешти курчады. Ошондо Жабештин бүт тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, ошондо биз сага кызмат кылабыз», – дешти.

    11:2 Амондук Нахаш аларга: «Баарыңардын оң көзүңөрдү чукуп алып, бүт Ысрайылды маскаралап туруп, анан силер менен келишим түзөм», – деди.

    11:3 Жабештин аксакалдары ага мындай дешти: «Бизге жети күн мөөнөт бер, бүт Ысрайыл жерине элчилерди жиберели, эгер бизге үч ким жардам кылбаса, анда биз сага багынып беребиз».

    11:4 Шабул жашаган Гибага келип, ушул сөздөрдү элге жарыя кылышты. Ошондо бүт эл боздоп ыйлады.

    11:5 өгүздөрдүн артынан, талаадан келген Шабул: «үлге эмне болгон, эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ага Жабеш тургундарынын сөздөрүн айтып беришти.

    11:6 Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды.

    11:7 Анан ал кош өгүздү алып, аларды жиликтеп бөлүп, ошол элчилер аркылуу Ысрайылдын бүт жерине мындай деп айттырып жиберди: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын өгүздөрү ушундай болот». Ошондо элди Теңирдин коркунучу басып, баары бир кишидей аттанышты.

    11:8 Шабул аларды Безекте санаганда, Ысрайыл уулдарынан үч жүз миң, Жүйүт эркектеринен отуз миң болуп чыкты.

    11:9 Келген элчилерге мындай дешти: «Гилаттагы Жабештин тургундарына: “үртең күн ысыган маалда силерге жардам болот”, – дегиле». элчилер келип, Жабештин тургундарына айтышканда, алар кубанып кетишти.

    11:10 Анан Жабештин тургундары Нахашка: «үртең силерге багынып беребиз, бизди эмне кылам десеңер, өз эркиңер», – дешти.

    11:11 үртеси күнү Шабул элди үч топко бөлдү. Алар эртең мененки күзөт убагында кошуундун ортосуна киришти да, амондуктарды күн ысыганча талкалашты. Калгандары чачырап кетти, алардын экиден жүргөнү да калган жок.

    11:12 Ошондо эл Шемуелге мындай деди: «“Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” – дегендер ким? Ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз».

    11:13 Бирок Шабул мындай деди: «Бүгүн үч кимди өлтүрүүгө болбойт, анткени бүгүн Теңир Ысрайылды куткарды».

    11:14 Шемуел элге: «Гилгалга баралы, ошол жерде падышачылыкты жаңыртабыз», – деди.

    11:15 Бүткүл эл Гилгалга барды да, Гилгалда, Теңирдин алдында Шабулду падыша көтөрүштү, анан ошол жерде, Теңирдин алдында тынчтык курмандыктарын чалышты. Шабул менен ысрайылдыктар ошол жерде аябай көңүл ачышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск