Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Шемуелдин элге кайрылышы

    12:1 Шемуел бүткүл Ысрайылга мындай деди: «Мен силердин айтканыңардын баарын угуп, үстүңөргө падыша койдум.

    12:2 Мына, падыша алдыңарда жүрөт. Мен болсо карыдым, чачым агарды. Уулдарым да силер менен. Мен жаш чагымдан ушул күнгө чейин силердин алдыңарда жүрдүм.

    12:3 Мына мен. Теңирдин алдында, Анын майланган адамынын алдында айткыла, кимдин өгүзүн алсам, кимдин эшегин алсам, кимди таарынтсам, кимди кысымга алсам, кимден пара алып, көзүмдү жумуп, ишин жаап койсом, кайтарып берем».

    12:4 Алар: «Сен бизди таарынткан жоксуң, кысымга алган жоксуң, үч кимден үч нерсе алган жоксуң», – деп жооп беришти.

    12:5 Анан ал аларга: «Силер менден үч нерсе тапкан жоксуңар, буга бүгүн Теңир жана Анын майланган адамы күбө», – деди. Алар: «Ооба, Теңир күбө», – дешти.

    12:6 Ошондо Шемуел элге мындай деп кайрылды: «Мусаны жана Арунду дайындап, ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан Теңир күбө.

    12:7 үми болсо бул жерге келгиле, мен Теңирдин алдында Анын силерге жана ата-бабаларыңарга кылган бардык жакшы иштери жөнүндө айтып, силерди айыптайын.

    12:8 Жакып Мисирге келгенден кийин, ата-бабаларыңар Теңирге боздоп кайрылышты, ошондо Теңир Муса менен Арунду жиберди. Алар ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыгып, ушул жерге отурукташтырышты.

    12:9 Бирок алар өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп коюшту. Ошондо Ал аларды хатсордук аскер башчы Сисранын, пелиштиликтердин жана Маап падышасынын колуна салып берди. Алар ата-бабаларыңар менен согушушту.

    12:10 Бирок алар Теңирге: “Биз күнөө кылдык, анткени Теңирди таштап, Ашейралар менен Баалдарга кызмат кылдык. эми бизди душмандарыбыздын колунан куткар, ошондо биз Сага кызмат кылабыз”, – деп боздоп кайрылышканда,

    12:11 Теңир Жеруп-Баалды, Баракты, Иптахты жана Шемуелди жиберип, тегерегиңердеги душмандарыңардын колунан куткарды. Анан силер коопсуз жашадыңар.

    12:12 Бирок Амон падышасы Нахаштын силерге каршы келе жатканын көргөнүңөрдө, падышаңар өзүңөрдүн Кудай-Теңириңер экенине карабастан, “Жок, биздин үстүбүздөн падыша падышачылык кылсын”, – дедиңер.

    12:13 Ошентип, өзүңөр тандап, өзүңөр талап кылган падышаңар мына. Теңир үстүңөргө падыша койду.

    12:14 үгер Теңирден корксоңор, Ага кызмат кылсаңар, Анын үнүн уксаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыкпасаңар, анда силер да, силерге бийлик кылган падышаңар да Кудай-Теңириңерди эүрчип жүрөсүңөр.

    12:15 үгер Теңирдин үнүн укпасаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыксаңар, анда Теңирдин колу ата-бабаларыңарга каршы болгондой, силерге да каршы болот.

    12:16 үми ордуңардан тургула, Теңирдин силердин көз алдыңарда жасай турган улуу ишин көргүлө.

    12:17 Азыр буудайды оруу-жыюу маалы эмеспи? Бирок мен Теңирге кайрылам, Ал күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрөт. өзүңөргө падыша сурап, Теңирдин алдында кылган күнөөңөр кандай чоң экенин ошондо билесиңер жана көрөсүңөр».

    12:18 Шемуел Теңирге кайрылды. Теңир ошол күнү күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрдү. Ошондо бүт эл Теңирден жана Шемуелден абдан коркуп калды.

    12:19 Бүт эл Шемуелге кайрылды: «Биз өлүп калбашыбыз үчүн, Кудай Теңириңдин алдында кулдарың үчүн сыйына көр, анткени өзүбүзгө падыша сурап, күнөөлөрүбүздүн үстүнө күнөө кошуп алдык».

    12:20 Шемуел элге мындай деп жооп берди: «Коркпогула, силер күнөө кылдыңар, бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла.

    12:21 үч нерсеге жарабаган жасалма кудайларга кайрылбагыла, аларды эүрчибегиле, алар куткарбайт, пайда алып келбейт, анткени алар – үч нерсеге арзыбаган нерселер.

    12:22 Теңир болсо өзүнүн улуу ысымы үчүн өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди өз каалоосу менен өз эли кылып тандап алган.

    12:23 Мен да силер үчүн сыйынуумду токтотуп, Теңирдин алдында күнөөлүү болууга өзүмө жол бербейм, силерди жакшы, түз жолго багыттайм.

    12:24 Негизгиси, Теңирден корккула, Ага жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн кызмат кылгыла, анткени Анын силер үчүн кандай улуу иштерди кылганын көрдүңөр.

    12:25 үгерде силер жамандык кыла турган болсоңор, анда падышаңар да, өзүңөр да өлөсүңөр».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск