Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Шабулдун өз билгенин кылуусу

    13:1 Шабул Ысрайылга падышачылык кылганына бир жыл болгондон кийин, экинчи жылы падышачылык кылып жатканында, өзүнө ысрайылдыктардан үч миң кишини тандап алды.

    13:2 Мукмаста жана Бейтел тоосунда Шабул менен эки миң киши болду, миңи болсо Бенжеминдин Гибасында Жонатан менен болчу. Калган элди ал үйлөрүнө коё берди.

    13:3 Жонатан пелиштиликтердин Гибадагы күзөт тобун талкалады. Бул жөнүндө пелиштиликтер угушту, Шабул болсо: «үврейлер угушсун!» – деп, бүт өлкөгө сурнай тартты.

    13:4 Бүт Ысрайыл Шабулдун пелиштиликтердин күзөт тобун талкалаганын жана пелиштиликтерге Ысрайыл жек көрүндү болгонун укту. Ошондо эл Гилгалга, Шабулдун алдына чогулду.

    13:5 Пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн чогулушту: отуз миң майдан араба, алты миң атчан, деңиз жүүгиндеги кумдай сансыз эл. Пелиштиликтердин кошууну Бейт-Абендин чыгышындагы Мукмаска жайланышты.

    13:6 Ысрайылдыктар өздөрүнүн коркунучтуу абалда экенин, кысымга алынганын көрүшкөндө, үңкүрлөргө, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана аңгектерге жашынышты.

    13:7 үврейлердин күү бирлери Иордандын аркы өйүзүнө Гат жана Гилат өлкөсүнө өтүштү. Шабул Гилгалда болчу жана анын жанындагы бардык элдин эрөйү учуп турган эле.

    13:8 Шабул жети күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү, Шемуел болсо Гилгалга келбей жатты. эл Шабулду таштап, туш-тушка тарай баштады.

    13:9 Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыктарына даярдалганды мага алып келгиле», – деди. Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөдү.

    13:10 Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп бүтөрү менен Шемуел келди. Шабул аны менен саламдашуу үчүн, алдынан тосуп чыкты.

    13:11 Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» – деди. Шабул ага: «үл мени таштап, туш-тушка тарай баштады. А сен белгиленген убакта келген жоксуң. Пелиштиликтер болсо Мукмаска жыйналып калышты.

    13:12 Ошондо мен: “Пелиштиликтер эми Гилгалга келип, мага кол салышат, мен болсо Теңирдин эркин алиге чейин сурай элекмин”, – деп ойлодум. Ошондуктан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөөгө батындым», – деп жооп берди.

    13:13 Шемуел Шабулга: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың, анткени Теңир ушул күндө сенин Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгыңды түбөлүккө бекемдемек.

    13:14 үми сенин падышачылыгың туруштук бере албайт. Теңир өз жүрөгүнө жаккан кишини таап, аны өз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Теңирдин буйругун аткарган жоксуң», – деди.

    13:15 Шемуел туруп, Гилгалдан чыгып, Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Шабул болсо жанында калган адамдарын санады, алардын саны алты жүзгө жакын болду.

    13:16 Шабул өз уулу Жонатан менен, өздөрүнүн жанындагы кишилер менен Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Пелиштиликтердин кошууну Мукмаста турган эле.

    13:17 Бул жерди кыйратуу үчүн, Пелишти кошуунунан үч топ бөлүнүп чыкты. Топтордун бири Опраны көздөй кеткен жол менен Шубал аймагына кетти.

    13:18 үкинчи топ Бейт-Хорон жолу менен кетти. Єчүнчү топ Себоим өрөөнүнө, чөлдү көздөй кеткен жол менен бет алды.

    13:19 Бүт Ысрайыл жеринде темир усталар жок эле, анткени кылыч же найза жасашпасын деп, пелиштиликтер эврейлерден сактанышкан.

    13:20 Бүт ысрайылдыктар сокосунун тиштерин, темир күрөктөрүн, балталарын, керкилерин курчутууга,

    13:21 соконун тишинде, темир күрөктүн, айрынын, балтанын мизинде кетик болсо, же сынган бычагын оңдоо керек болсо, пелиштиликтерге барышы керек болчу.

    13:22 Ошондуктан согуш убагында Шабул менен Жонатандын жанындагы элде кылыч да, найза да жок эле, алар Шабул менен анын уулу Жонатанда гана бар эле.

    13:23 Пелиштиликтердин алдыңкы катардагы тобу Мукмас кечүүсүнө чыкты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск