Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Жонатандын эрдиги

    14:1 Шабулдун уулу Жонатан бир күнү курал көтөргөн жигитине: «Жүр, аркы беттеги пелиштиликтердин тобуна өтүп баралы», – деди. Бирок атасына бул жөнүндө айткан жок.

    14:2 Шабул Гибанын чет жагында, Мигрондогу анар жыгачынын түбүндө эле. Анын жанында алты жүздөй адам,

    14:3 ошондой эле Ихаботтун бир тууганы, Акитуптун уулу, Теңирдин Шилодогу ыйык кызмат кылуучусу, эфод кийген Акия да бар эле. Ихабот – Пинехастын уулу, Пинехас – үйлинин уулу. Жонатандын кеткенин эл билген жок.

    14:4 Пелиштиликтердин тобуна жетиш үчүн, Жонатан өтө турган өткөөлдүн эки жагында тең аска бар эле. Бирөөнүн аты – Ботсес, экинчисиники – Сене.

    14:5 Бир аска түндүктөгү Мукмасты, экинчиси түштүктөгү Гибаны карап турчу.

    14:6 Жонатан курал көтөргөн жигитине: «Жүр, бул сүннөткө отургузулбагандардын тобуна өтөлү. Балким, Теңир бизге жардам берер, анткени көп киши аркылуу болобу, аз киши аркылуу болобу, Теңир үчүн куткаруу кыйын эмес», – деди.

    14:7 Ошондо ага курал көтөргөн жигити мындай деп жооп берди: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун бардыгын кыл. Каалаган жагыңа бара бер, мен сени менен барам».

    14:8 Жонатан ага мындай деди: «Биз тиги кишилерге өтөбүз да, аларга көрүнөө турабыз.

    14:9 үгерде алар бизге: “Биз силерге баргыча, токтоп тургула”, – десе, анда ордубузда туруп турабыз, жогору чыкпайбыз.

    14:10 үгерде алар: “Жогору чыгып, бизге келгиле”, – десе, анда жогору чыгабыз, анткени Теңир аларды биздин колубузга салып берди. Бул биз үчүн белги болот».

    14:11 Алар пелиштиликтердин тобуна көрүнөө чыгышканда, пелиштиликтер: «үврейлер жашынган үңкүрлөрүнөн чыгып жатышат», – дешти.

    14:12 Анан Жонатанга жана анын курал көтөргөн жигитине топтогу кишилер мындай деп кыйкырышты: «Жогору чыгып, бизге келгиле, биз силерге бирдеме айтабыз». Ошондо Жонатан курал көтөргөн жигитине: «Артымдан эүрчи, анткени Теңир аларды Ысрайылдын колуна салып берди», – деди.

    14:13 Жонатан тырмышып, жогору чыга баштады, артында анын курал көтөргөн жигити келе жатты. Пелиштиликтер Жонатандын алдында кулап жатты, курал көтөргөн жигити болсо анын артынан аларды өлтүрүп бара жатты.

    14:14 Жонатан менен анын курал көтөргөн жигитинин ушул биринчи соккусунан кош өгүз менен бир күндө иштеткен талаанын жарымына жыйырмага жакын киши сулап калды.

    14:15 Ошондо талаадагы кошуунда жана бүткүл элде коркунуч туулду. Алдыңкы катардагы топторду жана жерди кыйратуучуларды калтырак басты. Бүт жер солкулдады, Теңирдин улуу коркунучу басты.

    Пелиштиликтердин жеңилиши

    14:16 Бенжеминдин Гибасындагы Шабулдун сакчылары элдин чачырап, туш-тушка качканын көрүштү.

    14:17 Ошондо Шабул жанындагы элге мындай деп кайрылды: «Карап чыгып, биздин арабыздан ким чыгып кеткенин билгиле». Карап чыгышканда, Жонатан менен анын курал көтөргөн жигити жок болуп чыкты.

    14:18 Ошондо Шабул Акияга: «Кудайдын келишим сандыгын алып кел», – деди. Анткени Кудайдын келишим сандыгы ал убакта Ысрайыл уулдарынын жанында эле.

    14:19 Шабул ыйык кызмат кылуучу менен сүйлөшүп турганда, пелиштиликтердин кошуунунда дүрбөлөң улам күчөп бара жаткан. Ошондо Шабул ыйык кызмат кылуучуга: «Колуңду түшүр», – деди.

    14:20 Шабул жана анын жанындагы эл кыйкырып, согуш майданына келди. Ошол жерде ар бир адамдын кылычы өз жакынына каршы шилтенип, аябай чоң дүрбөлөң болуп жатыптыр.

    14:21 Ошондо буга чейин эле пелиштиликтердин жанында, алар менен кошуунда чогуу жүргөн эврейлер да Шабул менен Жонатандын жанындагы ысрайылдыктарга кошулушту.

    14:22 үпрайым тоосунда жашынган бардык ысрайылдыктар пелиштиликтердин качканын угуп, салгылашып жаткан өз кишилерине кошулушту.

    14:23 Ошол күнү Теңир Ысрайылды куткарды. Кыргын Бейт-Абенге чейин болду.

    Согуштан кийинки окуялар

    14:24 Ошол күнү Ысрайылдын кишилери чарчашты. Шабул болсо элге мындай каргыш айтты: «Душмандарымдан өчүмдү алгыча, кечке чейин наар алган кишиге каргыш тийсин!» Ошондо элден үч ким тамак жеген жок.

    14:25 Бүткүл эл токойго кетти, токойдун ичиндеги ачык жерде бал бар эле.

    14:26 үл токойго кирип: «Мына, бал агып жатат», – деди. Бирок үч ким колун сунуп оозуна алган жок, анткени эл каргыштан коркту.

    14:27 Атасынын элге каргыш айтканын Жонатан уккан эмес, андыктан колундагы таягынын учун балга малып, оозуна тийгизгенде, жандана түштү.

    14:28 үлдин арасынан бир киши ага мындай деп айтты: «Сенин атаң: “Бүгүн наар алганга каргыш тийсин”, – деген. эл ошондон алсырап турат».

    14:29 Жонатан мындай деди: «Менин атам элди азапка салды, карагылачы, мынабу балдан бир аз ооз тийгенде, жандана түштүм.

    14:30 үл бүгүн душмандан тартып алган олжодон азыктанып алганда, пелиштиликтердин кыйроосу мындан да зор болбойт беле».

    14:31 Алар ошол күнү пелиштиликтерди Мукмастан Айалонго чейин талкалашты. эл абдан алсырады.

    14:32 Анан эл олжого жабылып, койлорду, өгүздөрдү, музоолорду алып, ошол жерде союп, каны менен жеди.

    14:33 Ошондо Шабулга: «үл этти каны менен жеп, Теңирдин алдында күнөө кылып жатат», – деп кабарлашты. Шабул: «Силер күнөө кылдыңар. эми мага бир чоң ташты тоголотуп келгиле», – деди.

    14:34 Шабул дагы мындай деди: «үлди аралап айткыла, ар бири өз өгүзүн, өз коюн мага алып келип, бул жерге союп жесин, бирок Теңирдин алдында күнөө кылбагыла, каны менен жебегиле». Ошондо бүт эл, ар бири өз өгүзүн түнү менен алып келип, ошол жерге сойду.

    14:35 Шабул Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду. Бул анын Теңирге арнап курган биринчи курмандык чалынуучу жайы эле.

    14:36 Анан Шабул мындай деди: «Түн ичинде пелиштиликтерди артынан кууп, таң атканга чейин талап-тонойбуз, бир да кишисин калтырбайбыз». Алар: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – дешти. Ыйык кызмат кылуучу болсо: «Ушул жерден Кудайга кайрылалы», – деди.

    14:37 Ошондо Шабул Кудайдан: «Пелиштиликтердин артынан кууп барайынбы? Аларды Ысрайылдын колуна салып бересиңби?» – деп сурады. Бирок Кудай ошол күнү ага жооп берген жок.

    14:38 Ошондо Шабул мындай деди: «Бардык эл башчылар бул жерге келсин. Бүгүн күнөө кимде экенин иликтеп билишсин.

    14:39 Анткени Ысрайылды куткарган Теңир тирүү, эгер уулум Жонатан күнөөлүү болуп чыкса, ал да өлөт». Бирок бүт элдин ичинен ага үч ким жооп берген жок.

    14:40 Анан Шабул бардык ысрайылдыктарга мындай деди: «Силер бир тарапка тургула, мен жана уулум Жонатан бир тарапка турабыз». эл Шабулга: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – деди.

    14:41 Шабул Теңирге: «Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жышаан бер», – деди. Жонатан менен Шабулдун айыбы ачылып, эл ак болуп чыкты.

    14:42 Ошондо Шабул: «Уулум Жонатан экөөбүздүн ортобузга өкчөмө таш ыргыткыла», – деди. өкчөмө таш Жонатанга түштү.

    14:43 Шабул Жонатанга мындай деди: «үмне кылдың эле? Мага айтып бер». Жонатан ага мындай деп жооп берди: «Колумдагы таяктын учу менен бир аз бал таттым эле. эми мен өлүшүм керек».

    14:44 Шабул ага: «Теңир мени жазаласын, катуу жазаласын, Жонатан, бүгүн сен өлүшүң керек!» – деди.

    14:45 Бирок эл Шабулга мындай деди: «Ысрайылга ушунчалык улуу куткарууну алып келген Жонатан өлүшү керекпи? Мындай болбосун! Теңир тирүү, анын башынан бир да тал чач жерге түшпөйт, анткени бүгүнкү ишти ал Кудай менен кылды». эл Жонатанды бошотту, ал өлбөй калды.

    14:46 Шабул пелиштиликтерди кууганын токтотуп, кайтып келди. Пелиштиликтер болсо өз жерине кетишти.

    Шабулдун согуштагы ийгиликтери

    14:47 Шабул өзүнүн Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгын бекемдеди. Ал бардык тараптагы душмандары менен: мааптыктар, амондуктар, эдомдуктар, шобаптыктар жана пелиштиликтер менен согушуп, кимге каршы чыкпасын, бардык жерде жеңишке жетип турду.

    14:48 Аскерлерин чогултуп, амалыктыктарды да талкалады. Ошентип, Ысрайылды талоончуларынын колунан куткарды.

    14:49 Шабулдун уулдары: Жонатан, Ишпи жана Малкишуа, ал эми эки кызынын аты: улуусунуку Мейрап, кичүүсүнүкү Михал эле.

    14:50 Шабулдун аялынын аты – Акинаам, ал – Акимаастын кызы. Анын аскер башчысынын аты – Абенер, ал Шабулдун агасы Нейирдин уулу болгон.

    14:51 Шабулдун атасы Киш менен Абенердин атасы Нейир Абиелдин уулдары болушкан.

    14:52 Шабулдун өмүрү өткөнчө, пелиштиликтерге каршы айыгышкан согуштар болуп турду. Шабул күчтүү, эр жүрөк адамды көргөндө, аны жанына алчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск