Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Амалыктыктар менен болгон согуш

    15:1 Шемуел Шабулга мындай деди: «Теңир өз эли Ысрайылдын үстүнөн сени падыша кылып майлоого мени жиберген. эми Теңирдин үнүнө кулак сал.

    15:2 Себайот Теңир мындай дейт: “Мен амалыктыктардын Ысрайылга эмне кылганын, ал Мисирден келе жатканда, жолдо ага кандай каршы чыкканын үстедим.

    15:3 үми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал”».

    15:4 Шабул элди чогултуп, Телаимде санап чыкканда, ысрайылдыктардан эки жүз миң, Жүйүт уруусунан он миң жөө аскер болду.

    15:5 Анан Шабул амалыктыктардын шаарына жетип, өрөөнгө буктурма койду.

    15:6 Анан ал кейниликтерге мындай деди: «Мен силерди амалыктыктар менен кошо кырып салбашым үчүн, алардын арасынан бөлүнүп чыгып кеткиле, анткени силер ысрайылдыктарга Мисирден келе жатышканда жакшылык кылгансыңар». Ошондо кейниликтер амалыктыктардын арасынан бөлүнүп чыгышты.

    15:7 Ошондо Шабул амалыктыктарды Хабиладан тартып Мисирдин алдындагы Шур аймагына чейин талкалады.

    15:8 Амалыктыктардын падышасы Агакты тирүүлөй колго түшүрдү, ал эми бүт элди кылычтап кырды.

    15:9 Бирок Шабул жана эл Агакты, эң жакшы койлор менен өгүздөрдү, бордолгон козуларды, бардык жакшы нерселерди жок кылууну каалашкан жок, начар жана үч нерсеге арзыбаган нерселерди гана жок кылышты.

    Теңирдин Шабулду четке кагышы

    15:10 Ошондо Шемуелге Теңирден мындай сөз болду:

    15:11 «Мен Шабулду падыша кылып койгондугума өкүнүп жатам, анткени ал Менден бурулуп кетти, Менин сөзүмдү аткарган жок». Ошондо Шемуел кайгыга батып, түнү бою Теңирге сыйынды.

    15:12 Шемуел эртең менен эрте туруп, Шабулга жолукканы жөнөдү. Шабулдун Кармелге чыгып, өзүнө үстелик тургузуп, Гилгалга түшкөнүн Шемуелге билдиришти.

    15:13 Шемуел Шабулга келгенде, Шабул ага мындай деди: «Сага Теңир батасын берсин, мен Теңирдин сөзүн аткардым».

    15:14 Шемуел ага: «Анда эмнеге мага койлордун маараганы, өгүздөрдүн өкүргөнү угулуп жатат?» – деди.

    15:15 Шабул ага: «Буларды амалыктыктардан алып келишти, сенин Кудай-Теңириңе курмандыкка чалуу үчүн, эл эң мыкты койлор менен өгүздөрдү өлтүрүшкөн жок. Башкасын кырып салдык», – деп жооп берди.

    15:16 Ошондо Шемуел Шабулга: «Коё тур, түндө Теңир мага эмне деп айтканын сага айтып берейин», – деди. Шабул ага: «Айт», – деди.

    15:17 Шемуел мындай деди: «Ысрайыл урууларынын башчысы болгонуңда, Теңир сени падыша кылып майлаганда, сен өзүңдү кичинекей эле адаммын деп эсептечү эмес белең.

    15:18 Теңир сени: “Бар, күнөөкөр амалыктыктарды кыйрат, аларды кырып жок кылгыча согуш”, – деп жөнөткөн.

    15:19 үмне үчүн сен Теңирдин тилин албай, олжого жутунуп, Теңирдин алдында жаман иш кылдың?»

    15:20 Шабул Шемуелге мындай деп жооп берди: «Мен Теңирге тил алдым, Теңир жиберген жакка барып, амалыктыктардын падышасы Агакты алып келдим, амалыктыктарды болсо кырып салдым.

    15:21 Бирок эл Гилгалда Кудай-Теңириңе курмандык чалуу үчүн, колго түшкөн олжонун, койлордун, өгүздөрдүн эң жакшыларын алды».

    15:22 Шемуел мындай деди: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык.

    15:23 Анткени моюн сунбастык сыйкырчылыктай эле, каршы болуу бутка табынуучулуктай эле күнөө. Сен Теңирдин сөзүн четке каккандыктан, падыша болбошуң үчүн, Ал да сени четке какты».

    15:24 Шабул Шемуелге: «Мен күнөө кылдым, анткени Теңирдин буйругун да, сенин сөзүңдү да аткарган жокмун, элден коркуп, алардын айтканын кылдым.

    15:25 үми менин күнөөмдү кечир, мени менен кайт, мен Теңирге табынайын», – деди.

    15:26 Шемуел Шабулга: «Мен сени менен кайтпайм, анткени сен Теңирдин сөзүн четке кактың, Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Теңир да сени четке какты», – деди.

    15:27 Анан Шемуел бурулуп, кетмекчи болду. Бирок Шабул аны этегинен кармаганда, этеги айрылып кетти.

    15:28 Ошондо Шемуел мындай деди: «Теңир бүгүн сенден Ысрайыл падышачылыгын тартып алып, аны сенден жакшы жакыныңа берди.

    15:29 Ысрайылдын Ишенимдүүсү жалган айтпайт, өкүнбөйт, анткени өкүнгүдөй, Ал адам эмес».

    15:30 Шабул: «Мен күнөө кетирдим, бирок сенден суранам, бүгүн элимдин аксакалдарынын жана Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен кайт, мен Кудай-Теңириңе табынайын», – деди.

    15:31 Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды.

    15:32 Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди.

    15:33 Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди. Ошентип, Шемуел Агакты Теңирдин алдында, Гилгалда жара чапты.

    15:34 Анан Шемуел Рамага кетти, Шабул болсо өзүнүн үйүнө, Шабулдун Гибасына кетти.

    15:35 Шемуел көзү өткөнчө Шабул менен көрүшкөн жок, бирок Шемуел Шабул үчүн кайгырды, себеби Теңир Шабулду Ысрайылга падыша койгонуна өкүндү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск