Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Дөөттүн падыша болуп майланышы

    16:1 Теңир Шемуелге: «Ысрайылга падыша болбошу үчүн Мен четке каккан Шабул үчүн качанкыга чейин кайгырасың? Мүйүзүңдү зайтун майына толтургун да, баргын, Мен сени бейт-лехемдик Жышайга жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан Мен өзүм үчүн падыша тандадым», – деди.

    16:2 Шемуел Ага: «Мен кантип барам? Шабул укса, мени өлтүрөт», – деди. Теңир мындай деди: «Бир кунажын ала барып: “Теңирге курмандык чалганы келдим”, – де.

    16:3 Анан курмандык чалууга Жышайды чакыр. Мен сага эмне кылуу керектигин айтам, Мен сага кимди айтсам, ошону Мен үчүн зайтун майы менен майла».

    16:4 Теңир кандай айтса, Шемуел ошондой кылды. Ал Бейт-Лехемге келгенде, алдынан чочулаган шаардын аксакалдары чыгып: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурашты.

    16:5 Ал: «Тынчтык менен, Теңирге курмандык чалганы келдим. Ыйыкталгыла да, курмандык чалууга мени менен кошо жүргүлө», – деп жооп берди. Жышайды жана анын уулдарын ыйыктап, курмандык чалууга чакырды.

    16:6 Алар келгенде, ал элийапты көрүп: «Чын эле, бул – Теңирдин алдындагы Анын майланган адамы!» – деди.

    16:7 Бирок Теңир Шемуелге: «Анын өңэнө, боюна караба. Аны Мен четке кактым. Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңэнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт», – деди.

    16:8 Анан Жышай Аминадапты чакырып, Шемуелдин алдына алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди.

    16:9 Анан Жышай Шаманы алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди.

    16:10 Ушинтип, Жышай Шемуелге өзүнүн жети уулун алып келди, бирок Шемуел Жышайга: «Теңир булардын үч кимисин тандаган жок», – деди.

    16:11 Анан Шемуел Жышайдан: «Балдарыңдын баары бул жердеби?» – деп сурады. Жышай ага: «Дагы эң кичүүсү бар, ал кой кайтарып жүрөт», – деп жооп берди. Ошондо Шемуел Жышайга: «Киши жиберип, аны алдыр. Ал бул жерге келмейинче, биз тамакка отурбайбыз», – деди.

    16:12 Жышай киши жиберип, аны алдырды. Ал кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган, сүйкүмдүү жигит эле. Теңир Шемуелге: «Тур, ушуну майла, анткени ал – ушул», – деди.

    16:13 Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, бир туугандарынын ичинен аны майлады. Ошол күндөн тартып Теңирдин Руху Дөөт менен болду. Шемуел турду да, Рамага кетти.

    Дөөт Шабул падышанын сарайында

    16:14 Шабулду болсо Теңирдин Руху таштап салды, ошондо Теңир жол берген бир жаман рух аны кыйнады.

    16:15 Ошондо Шабулга кулдары мындай дешти: «Мына, Теңир жол берген бир жаман рух сени кыйнап жатат.

    16:16 Мырзабыз өзүнүн алдындагы кулдарына буйрук берсин, алар гуслини мыкты черткен кишини издеп таап келишсин. Кудай жол берген жаман рух келгенде, ал гусли чертип, сени тынчтандырат».

    16:17 Шабул өз кулдарына: «Мага жакшы черткен кишини таап, алдыма алып келгиле», – деди.

    16:18 Ошондо анын кулдарынын бири: «Мен бейт-лехемдик Жышайдын күү аспап черткенди билген, эр жүрөк, жоокер, орундуу сүйлөгөн, келишимдүү уулун көрдүм. Теңир да аны менен экен», – деди.

    16:19 Шабул Жышайга кабарчыларды жиберип: «Кой кайтарып жүргөн уулуң Дөөттү мага жибер», – деди.

    16:20 Жышай эшекке нан, бир чанач шарап, бир улак артып берип, Дөөттү Шабулга жөнөттү.

    16:21 Дөөт Шабулга келип, анын алдында кызмат кылып жүрдү. Ага абдан жагып, анын курал көтөрүүчүсү болуп калды.

    16:22 Шабул Жышайга киши жиберип: «Дөөт мага кызмат кылсын, анткени ал менин алдымда ырайым тапты», – деди.

    16:23 Шабулга Кудайдан рух келгенде, Дөөт гуслини алып чертчү. Ошондо Шабулдун көңүлү көтөрүлүп, абалы жеңилдей түшчү, жаман рух андан четтеп кетчү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск