Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Голийаттын Ысрайылды согушка чакыруусу

    17:1 Пелиштиликтер согушуу үчүн аскерин жыйнап, Жүйүт аймагындагы Сохого чогулушту. Алардын кошууну Сохо менен Азейканын ортосуна, эфес-Дамимге жайгашты.

    17:2 Ал эми Шабул жана ысрайылдыктардын кошууну чогулуп, эмендүү өрөөнгө жайланышып, пелиштиликтер менен согушууга даярданды.

    17:3 Пелиштиликтер бир тоонун үстүндө, ысрайылдыктар бир тоонун үстүндө турушту, ал эми алардын ортосунда өрөөн бар эле.

    17:4 Пелишти кошуунунан гаттык Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан чыкты. Анын бою алты чыканак, бир карыш болчу.

    17:5 Башында жез туулга, үстүндө кабырчыктуу соот кийим. Соотунун салмагы беш миң жез шекел.

    17:6 Тизе каптары да, ийининдеги найзасы да жезден эле.

    17:7 Анын найзасынын сабы токуучу куралдын баканындай болчу, ал эми найзасынын өзү алты жүз темир шекел. Анын алдында курал көтөргөн жигити жүрчү.

    17:8 Ал туруп алып, Ысрайылдын аскер топторуна мындай деп кыйкырды: «Силер эмнеге согушууга чыктыңар? Мен пелиштилик, силер болсо Шабулдун кулдары эмессиңерби? Араңардан киши тандагыла, ал менин жаныма түшүп келсин.

    17:9 үгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. эгер мен аны өлтүрүп жеңсем, анда силер бизге кул болосуңар жана бизге кызмат кыласыңар».

    17:10 Пелиштилик: «Бүгүн мен Ысрайылдын аскер топторун маскара кылам. Адамыңарды чыгаргыла, жекеме-жеке кармашалы», – деди.

    17:11 Шабул менен бүт ысрайылдыктар пелиштиликтин бул сөзүн укканда, абдан коркуп эрөйлөрү учту.

    Дөөттүн Шабулдун аскерлерине келиши

    17:12 Дөөт болсо Жүйүт жериндеги Бейт-Лехемден чыккан, эфраталык, сегиз уулу бар Жышай аттуу кишинин баласы болчу. Ал киши Шабулдун убагындагы эркектердин эң карысы болгон.

    17:13 Жышайдын үч улуу уулу Шабул менен согушка кетти. Согушка кеткен үч уулунун аттары: туну – элийап, андан кийинкиси – Аминадап, үчүнчүсү – Шама.

    17:14 Дөөт эң кичүүсү эле. Yч улуу агасы Шабул менен кеткен.

    17:15 Дөөт болсо Бейт-Лехемде атасынын коюн кайтарыш үчүн, Шабулдукунан кайтып келген.

    17:16 Тиги пелиштилик болсо кырк күн бою эртең менен да, кечинде да алдыга чыгып, өзүн көрсөттү.

    17:17 Жышай өз уулу Дөөткө мындай деди: «Бир эйфа бадырак менен бул он нанды ал да, тезирүүк кошуунга, агаларыңа алып бар.

    17:18 Ал эми бул он сырды миң башыга алып барып, бир туугандарыңдын ден соолугун, эмнеге муктаж экенин бил.

    17:19 Алар менен Шабул жана бүт ысрайылдыктар да эмендүү өрөөндө пелиштиликтер менен салгылашууга даярданып жатышат».

    17:20 Дөөт эртең менен эрте туруп, койлорун сакчыга табыштап, жүгүн алып, Жышай буйруган жакка жөнөдү. Ал жүктүү арабалардын жанына жеткенде, аскерлер катарга тизилип, ураан чакыра салгылашка даярданып жатышкан эле.

    17:21 Ысрайылдыктар менен пелиштиликтер бири-биринин каршысында катар-катар болуп тизилип турушту.

    17:22 Дөөт арабалар тобунун күзөтчүсүнө жүгүн калтырып, тизилген катарларга чуркап жетти да, бир туугандарынын ден соолугун сурады.

    17:23 Дөөт алар менен сүйлөшүп жатканда, Гаттан келген пелиштилик Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан пелиштиликтердин катарынан чыгып, баягы эле сөздөрдү айтып жатты. Аны Дөөт да укту.

    17:24 Бүт ысрайылдыктар бул кишини көргөндө, абдан коркуп, андан качышчу.

    17:25 Ысрайылдыктар: «Мына бул алдыга чыккан кишини көрдүңөрбү? Бул Ысрайылды маскара кылуу үчүн чыкты. Ким аны өлтүрсө, падыша ага чоң байлык тартуулап, кызын берип, Ысрайылда анын атасынын үйүн эркин кылмак», – дешти.

    17:26 Дөөт жанында тургандарга: «Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан куткарган адамга эмне кылат? Тирүү Кудайдын аскерин маскаралагыдай, сүннөткө отургузулбаган бул пелиштилик ким экен?» – деди.

    17:27 үл ага: «Аны өлтүргөн кишиге мына ушундай кылынат», – деп, жанагы эле сөздөрдү айтты.

    17:28 Дөөттүн улуу агасы элийап анын эл менен сүйлөшүп жатканын укканда, Дөөткө ачууланып: «Бул жерге эмнеге келдиң? Талаадагы бир аз койду кимге таштадың? Сенин текебер экениңди да, жүрөгүңдүн жаман экенин да билем. Сен салгылашты көргөнү эле келдиң», – деди.

    17:29 Дөөт: «Мен эмне кылдым? Сүйлөшсө эмне экен?» – деди.

    17:30 Дөөт андан бурулуп, жанагы сөздөрдү башкага айтты, эл ага мурдагыдай эле жооп берди.

    17:31 Дөөттүн айткан сөзүн угуп, Шабулга айтышты. Шабул аны өзүнө чакыртты.

    17:32 Дөөт Шабулга: «Андан коркуп, үч кимдин көңүлү чөкпөсүн. Бул пелиштилик менен кармашууга сенин кулуң чыгат», – деди.

    17:33 Шабул Дөөткө: «Бул пелиштилик менен кармашууга сен бара албайсың, анткени сен али жашсың, тигил болсо жаштайынан жоокер», – деди.

    17:34 Бирок Дөөт Шабулга: «Сенин кулуң атасынын коюн кайтарып жүргөндө, койлорго арстан же аюу тийип алып кеткенде,

    17:35 артынан кууп барып, кол салып, анын оозунан сууруп алчумун. эгер ал мага секирсе, мен аны желкесинен алып, кармашып жатып өлтүрчүмүн.

    17:36 Сенин кулуң арстанды да, аюуну да өлтүргөн, тирүү Кудайдын аскерин шылдыңдагандыгы үчүн мына бул сүннөткө отургузулбаган пелиштиликти да дал ошондой кылат», – деди.

    17:37 Дөөт дагы мындай деди: «Арстан менен аюудан куткарган Теңир мени бул пелиштиликтин колунан да куткарат». Ошондо Шабул Дөөткө: «Бар, Теңир өзү сени менен болсун», – деди.

    17:38 Шабул Дөөткө өзүнүн кийимин, башына туулга, үстүнө соот кийгизди.

    17:39 Дөөт кийимдин сыртынан кылычын курчанып, басып көрдү, анткени ал мындай куралданууга көнгөн эмес эле. Анан Дөөт Шабулга: «Мен муну менен баса албайм, анткени көнгөн эмесмин», – деп, баарын чечип салды.

    17:40 Анан Дөөт колуна таягын алып, арыктан беш жылмакай таш тандап алып, аларды жанындагы малчы баштыгына салды. Анан баштыгы жана колундагы салмоору менен пелиштиликке каршы алдыга чыкты.

    Дөөттүн Голийатты жеңиши

    17:41 Пелиштилик да алдыга чыгып, Дөөткө жакындады, алдында курал көтөрүүчүсү келе жатты.

    17:42 Пелиштилик Дөөттү көргөндө, жекире карады, анткени Дөөт жаш, кызыл жүздүү жана келишимдүү жигит эле.

    17:43 Анан пелиштилик Дөөткө: «Мага таяк көтөргүдөй, мен итминби?» – деди. Пелиштилик Дөөткө өзүнүн кудайларын оозанып каргыш айтты.

    17:44 Пелиштилик Дөөткө: «Бери кел, сенин денеңди асман куштары менен талаа жырткычтарына салып берейин», – деди.

    17:45 Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: «Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин, атынан келе жатам.

    17:46 Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет.

    17:47 Ошондо бул жерге чогулгандардын баары Теңирдин кылычсыз, найзасыз куткарарын билет, анткени бул – Теңирдин согушу. Ал силерди биздин колубузга салып берет».

    17:48 Пелиштилик туруп, Дөөттү карай басканда, Дөөт катарды көздөй тез жүгүрүп, анын алдынан чыкты.

    17:49 Дөөт баштыктан таш алып, салмоорго салып, пелиштиликти маңдайга соккондо, таш анын чекесине батып кетти, ал бети менен жерге жыгылды.

    17:50 Ошентип, Дөөт салмоор жана таш менен пелиштиликти жеңди, ал пелиштиликти өлтүрдү. Дөөттүн колунда кылыч жок эле.

    17:51 Ошондо Дөөт чуркап барып, пелиштиликтин үстүнө бутун коюп, анын кылычын кынынан сууруп алып, анын башын кыя чапты. Пелиштиликтер балбанынын өлгөнүн көрүп, качып жөнөштү.

    17:52 Ысрайыл менен Жүйүт аймагынын эркектери жапырт көтөрүлүп, ураан чакырышып, пелиштиликтерди Гатка киргенче, экрондун дарбазасына чейин кууп барышты. Пелиштиликтер Шаарайым жолунда Гат менен экронго чейин сулап жатышты.

    17:53 Ысрайыл уулдары пелиштиликтерди кууп барып, кайра кайтып келишкенден кийин, алардын кошуунун талап-тоношту.

    17:54 Дөөт пелиштиликтин башын алып, аны Иерусалимге алып барды, ал эми анын куралын өзүнүн чатырына койду.

    17:55 Шабул Дөөттүн пелиштиликке каршы чыкканын көргөндө, аскер башчысы Абенерден мындай деп сурады: «Абенер! Бул жаш жигит кимдин уулу?» Абенер ага: «Сенин өмүрүң менен ант берем, падышам, мен билбейм», – деп жооп берди.

    17:56 Падыша ага: «Бул жаш жигит кимдин уулу экенин сура», – деди.

    17:57 Дөөт пелиштиликти өлтүрүп кайткандан кийин, Абенер аны Шабулга алып келди. Пелиштиликтин башы Дөөттүн колунда эле.

    17:58 Шабул андан: «Жаш жигит, сен кимдин уулусуң?» – деп сурады. Дөөт: «Бейт-Лехемдик кулуң Жышайдын уулумун», – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск