Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 4 Царств 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Иерусалимдин курчоого алынышы

    25:1 Бабыл падышасы Небухаданасар өз падышачылыгынын тогузунчу жылынын онунчу айынын онунчу күнү бүт аскери менен Иерусалимге келип, аны курчап, тегерете жал эйдү.

    25:2 Ситкия падышанын падышачылыгынын он биринчи жылына чейин шаар курчоодо турду.

    25:3 Айдын тогузунчу күнү шаарда ачарчылык күчөгөндүктөн, ал жердин элинин жегенге наны жок эле.

    25:4 Шаар басылып алынып, бардык аскерлер түн ичинде падыша багынын жанындагы, эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгып, качып кетишти. Каздимдер болсо шаарды курчап турушкан, падыша ошол жол менен түздүккө чыгып кетти.

    25:5 Каздим аскерлери падышанын артынан түшүп, аны Жерихо түздүгүндө кууп жетишти. Бүт аскерлери аны таштап, туш-тушка качып кетишти.

    25:6 Падышаны кармап, Бабыл падышасына, Риблага алып кетишти. Анан анын үстүнөн сот жүргүзүштү.

    25:7 Ситкиянын балдарын анын көзүнчө мууздап өлтүрүштү. Ал эми Ситкиянын көзүн оюп, кишендеп, Бабылга алып кетишти.

    Ийбадаткананын кыйратылышы

    25:8 Бешинчи айдын жетинчи күнү, башкача айтканда, Бабыл падышасы Небухаданасардын падышачылыгынын он тогузунчу жылында Бабыл падышасынын кызматчысы, сакчылардын башчысы Небузарадан Иерусалимге келди.

    25:9 Ал Теңир үйүн, падыша сарайын, Иерусалимдеги бардык үйлөрдү өрттөдү, бардык чоң үйлөрдү өрттөдү.

    25:10 Сакчылардын башчысы менен келген каздим аскерлери Иерусалимди курчаган дубалдарды бузушту.

    25:11 Шаарда калган элди, Бабыл падышасы тарапка өтүп кеткендерди, калган карапайым элди сакчылардын башчысы Небузарадан туткундап кетти.

    25:12 Сакчылардын башчысы жүзүм багындагы жумуштарга жана жер айдоого ал жердин жарды элинен бир нече кишини гана калтырды.

    25:13 Каздимдер Теңир үйүндөгү жез устундарды, дөңгөлөктүү койгучтарды, жезден жасалган чоң чараны талкалап, алардын жезин Бабылга алып кетишти.

    25:14 Теңир үйүндө кызмат кылууда пайдаланылуучу бардык казандарды, калактарды, бычактарды, кашыктарды, жез идиштерди алып кетишти.

    25:15 Сакчылардын башчысы жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөктөрдү, алтындан жана күмүштөн жасалган бардык нерселерди, идиштерди алып кетти.

    25:16 Сулайман Теңир үйүнө жасаткан эки мамыга, чоң чарага, дөңгөлөктүү койгучтарга кеткен жездин салмагы белгисиз болчу.

    25:17 Ар бир мамынын бийиктиги он сегиз чыканак. Башында жез таажы, ал эми таажынын бийиктиги үч чыканак, таажыны курчаган тор менен анарлардын баары жезден болчу. Мамылар ушундай жасалган эле.

    Жүйүттөрдүн Бабылга туткундалып кетиши

    25:18 Сакчылардын башчысы башкы ыйык кызмат кылуучу Сераяны, экинчи ыйык кызмат кылуучу Сепанияны, Теңир үйүнүн кире беришинде күзөттө турган үч сакчыны алып кетти.

    25:19 Шаардан аскерлерди башкарган бир эбнухту, падышанын алдында турган беш кишини, ал жердин элин аскерге каттаган башкы катчыны, ошол жердин элинин ичинен шаарда болгон алтымыш кишини алып кетти.

    25:20 Сакчылардын башчысы Небузарадан аларды Риблага, Бабыл падышасына алып кетти.

    25:21 Бабыл падышасы аларды Хамат жеринде, Риблада өлтүрдү. Ошентип, жүйүттөр өз жеринен туткундалып кетишти.

    Гедалия – Жүйүт башчысы

    25:22 Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт жеринде калтырган элге Шапан уулу, Акикам уулу Гедалияны башчы кылып койду.

    25:23 Бардык аскер башчылар жана алардын кишилери Бабыл падышасынын Гедалияны башкаруучу койгонун угушканда, Гедалияга, Миспага келишти, атап айтканда, алар: Нетаниянын уулу Ысмайыл, Карейахтын уулу Жоханан, нетопалык Танхуметтин уулу Серая, маахалык бир кишинин уулу Жазания жана алардын кишилери.

    25:24 Гедалия аларга, алардын кишилерине мындай деп ант берди: «Каздимдердин бийлиги астында болуудан коркпогула, ушул жерде жашай бергиле, Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо силерге жакшы болот».

    25:25 Бирок жетинчи айда падыша тукумунан болгон элишама уулу, Нетания уулу Ысмайыл он киши менен келип, Гедалияны жана Миспада аны менен жүргөн жүйүттөр менен каздимдерди өлтүрүп салды.

    25:26 Ошондо бүт эл, кичинесинен чоңуна чейин, аскер башчылар да Мисирге кетишти, анткени каздимдерден коркушту.

    Жайахиндин зындандан чыгарылышы

    25:27 Жүйүт падышасы Жайахиндин туткундалып келгенине отуз жети жыл болгондо, он экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү Бабыл падышасы эбил-Мередах такка отурганына бир жыл болгондо, Жүйүт падышасы Жайахинди зындандан чыгарды.

    25:28 Аны менен жакшы сүйлөштү, анын тактысын Бабылдагы падышалардын тактыларынан жогору койду.

    25:29 Анын зындан кийимдерин алмаштырды. Жайахин өмүрүнүн акырына чейин аныкынан тамактанды.

    25:30 өмүрүнүн акырына чейин ага Бабыл падышасы эбил-Мередах тарабынан кам көрүлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск