Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Фессалоникийцам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Машайак келерден мурун мыйзамсыз адам ачыкка чыгат

    2:1 Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын келиши жөнүндө жана биздин Аны менен биригүүбүз жөнүндө айта турган болсок, мындай өтүнүчүбүз бар:

    2:2 «Машайак келип калды» деген рухка же сөзгө, же биздин атыбыздан жазылгансыган катка таянып, дүрбөлөңгө түшпөгүлө, эрөйүңөрдү учурбагыла.

    2:3 Силерди үч ким үч бир жол менен адаштырбасын, анткени адегенде Кудайдан четтей турган учур келет; өлүм уулу, күнөөнүн адамы, ачыкка чыгат;

    2:4 ал Кудай деп аталгандын же ыйык деп аталгандын бардыгына каршы чыгып, өзүн жогору көтөрөт; Кудайдын ийбадатканасында отуруп, өзүн Кудай кылып көрсөтөт.

    2:5 Араңарда жүргөнүмдө, ушул жөнүндө айтканым эсиңерде жокпу?

    2:6 Белгиленген убакытта ачыкка чыгышы үчүн, аны азыр эмне токтотуп жатканын силер билесиңер.

    2:7 Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт.

    2:8 Ошондон кийин гана мыйзамсыз адам ачыкка чыгат, аны Теңир Ыйса оозунун деми менен өлтүрөт, өзүнүн келгендеги көрүнүшү аркылуу жок кылат.

    2:9 Мыйзамсыз адамдын келиши шайтандын аракети боюнча болот. Анын келиши ар кандай күчтөр, белгилер жана жалган ажайыптар менен,

    2:10 куткара турган чындыкты сүйбөгөндүктөрү үчүн өлүмгө дуушар боло тургандарды адаштыруучу азгырыктар менен коштолот.

    2:11 Ошондуктан жалган нерселерге ишениши үчүн, Кудай аларга адаштыруучу күч жиберет.

    2:12 Ошентип, жалганды жакшы көрүп, чындыкка ишенбегендердин баары соттолот.

    Ишеним жолунда бекем болуу

    2:13 Теңир сүйгөн бир туугандарым, биз силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз, анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылышыңар үчүн, Кудай силерди башында эле тандап алган.

    2:14 Ал силерди биз тараткан Жакшы Кабар аркылуу куткарылып, Теңирибиз Ыйса Машайактын даңкына жетишиңер үчүн чакырып алды.

    2:15 Ошентип, бир туугандарым, бекем тургула! Сөзүбүз аркылуу, катыбыз аркылуу эйрөткөндөрүбүздү сактагыла.

    2:16 Теңирибиз Ыйса Машайак өзү жана бизди сүйгөн, өз ырайымы менен бизди түбөлүк соороткон, бизге жакшы эмүт берген Кудай Атабыз

    2:17 силерди сооротсун жана силерге ар кандай жакшы иштерди кылууга, жакшы сөз сүйлөөгө күч берсин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск