Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Фессалоникийцам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Cыйынып туруу жөнүндө өтүнүч

    3:1 Бир туугандар, биз үчүн сыйынып тургула, силердегидей эле бизде да Кудайдын Сөзү таратылсын жана даңкталсын.

    3:2 Адепсиз, жаман адамдардан кутулушубуз үчүн да сыйынгыла, анткени баарында эле ишеним жок.

    3:3 Бирок Теңир ишенимдүү, Ал силерди бекемдейт жана амалкөйдөн сактайт.

    3:4 Теңир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыңар жана аткарасыңар.

    3:5 Теңир силердин жүрөгүңөрдү Кудайдын сүйүүсүнө жана Машайактын чыдамдуулугуна багыттасын.

    Жалкоолукка каршы эскертүү

    3:6 Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буюрабыз: биздин силерге эйрөткөнүбүз боюнча эмес, оюна келгенин кылган ар бир бир туугандан алыс болгула.

    3:7 Бизден кандай элгү алуу керектигин билесиңер, анткени биз силердин араңарда жүргөнүбүздө, адепсиздик кылган эмеспиз.

    3:8 үч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз, үч кимиңерге оорчулук келтирбеш үчүн, болгон күчүбүздү жумшап, күнү-түнү иштедик.

    3:9 Укугубуздун жоктугунан эмес, силер бизди туурашыңар үчүн, силерге элгү бололу деп ошенттик.

    3:10 Анткени биз араңарда жүргөнүбүздө, силерге «Ким иштегиси келбесе, ал жебеши да керек» деген көрсөтмө бергенбиз.

    3:11 Бирок силердин араңардан күү бирөөлөр иштебей, болбогон иштер менен алек болуп, оюна келгенин кылып жатышканын угуп жатабыз.

    3:12 Мындайларга Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буйрук кылабыз жана алардан өтүнөбүз: тынч иштеп, өз нанын таап жешсин.

    3:13 Ал эми силер, бир туугандар, жакшылык кылуудан чарчабагыла.

    3:14 Ушул каттагы сөздөрүбүзгө кулак салбаган адамга эскертүү бергиле жана уяткарыш үчүн, аны менен мамиле түзбөгүлө.

    3:15 Бирок аны душман катары көрбөй, бир тууганыңар катары акыл айткыла.

    3:16 Тынчтыктын булагы болгон Теңир өзү силерге ар дайым бардык нерседе тынчтык берсин! Теңир баарыңар менен болсун!

    3:17 Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам. Ар бир катымдагы белгим ушул. Мен ушундай жазам.

    3:18 Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск