Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Тимофею 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Биздин Куткаруучубуз Кудайдын жана эмүтүбүз Теңир Ыйса Машайактын буйругу боюнча Ыйса Машайактын элчиси болгон Пабылдан

    1:2 ишеним жолундагы чыныгы уулум Тиметейге салам! Сага Атабыз Кудай жана Теңирибиз Машайак Ыйса ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

    Жалган окутуучулардан сак болуу

    1:3 Македонияга кетип жатканымда, мен сенден муну өтүнгөм: эфесте калып, күү бирөөлөргө эскерт, алар башка окутууларды таратышпасын,

    1:4 тамсилдер жана аягы жок санжыралар менен алек болушпасын, анткени ал нерселер ишенимди бекемдөөнүн ордуна көптөгөн талаш-тартыштарды туудурат.

    1:5 Акыл-насааттын максаты болсо чын жүрөктөн чыккан сүйүү, таза абийир жана чыныгы ишеним болуп эсептелет.

    1:6 Булардан алыстап, күү бирөөлөр куру сөзгө кирип кетишти.

    1:7 Алар мыйзам эйрөтүүчү болууну каалашат, бирок эмне жөнүндө айтып жатышканын, эмнени ырастап жатышканын өздөрү түшүнүшпөйт.

    1:8 Ал эми биз мыйзамга ылайык колдонулган мыйзамдын жакшы экенин билебиз.

    1:9 Мыйзам адил адамдар үчүн эмес, тескерисинче, мыйзамсыздар жана баш ийбестер, кудайсыздар жана күнөөкөрлөр, бузулгандар жана ыйык нерсени булгоочулар, ата-энесин өлтүрүүчүлөр, киши өлтүрүүчүлөр,

    1:10 ойноштук кылып нике бузгандар, бачабаздар, адам уурдап сатуучулар, (ушакчылар, малга жанашуучулар), калпычылар, антты бузуучулар жана туура окутууга каршы тургандар үчүн берилгендигин билебиз.

    1:11 Бул окутуу – берекелүү Кудайдын мага ишенип тапшырган даңктуу Жакшы Кабарына ылайык келген окутуу.

    Кудайдын Пабылга көрсөткөн ырайымы

    1:12 Мага күч берген Теңирибиз Машайак Ыйсага ыраазычылык билдирем, анткени Ал мени ишенимдүү деп таап, кызматка дайындады.

    1:13 Мен мурда Кудайга тил тийгизгем, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктагам, кордогом, бирок мага ырайым кылынды, анткени мен буларды билбестиктен жана ишенбегендиктен кылгам.

    1:14 Биздин Теңирибиздин ырайымы мага ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен кошо мол төгүлдү.

    1:15 «Машайак Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди» деген сөз туура жана бардык жагынан кабыл алынууга татыктуу. Мен ошол күнөөкөрлөрдүн биринчисимин.

    1:16 Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө эү боло тургандарга элгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды.

    1:17 Түбөлүктүү Падыша, өлбөс, көрүнбөс, жалгыз акылман Кудай түбөлүккө урматталып, даңктала берсин! Оомийин.

    1:18 Уулум Тиметей, мен сага өзүң жөнүндө айтылган пайгамбарчылыктарга ылайык жакшы аскер сыяктуу согушуп,

    1:19 ишенимиңди жана абийириңди таза сактагын деп кеңеш берем. Күү бирөөлөр абийирин таза сакташкан жок, ошондуктан алардын ишеними кыйроого учурады.

    1:20 Именей менен Искендер ошондойлордон, Кудайга акарат келтирбөөнү эйрөнүшсүн деп, мен аларды шайтанга тапшырдым.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск