Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    9:1 Кулак сал, Ысрайыл, көк тиреген чептүү чоң шаарлары бар, сенден алда канча көп жана күчтүү элди басып алыш үчүн, сен азыр Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бара жатасың.

    9:2 Ал эл – саны көп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жөнүндө билесиң жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сөздү угуп жүрөсүң.

    9:3 Билип кой азыр, Кудай-Теңириң бардыгын жалмап жиберүүчү оттой болуп, сенин алдыңда бара жатат. Теңир аларды кырат, сага багынтып берет; Теңир сага айткандай, сен аларды кууп жибересиң, тез эле кырып саласың.

    9:4 Кудай-Теңириң аларды сен үчүн кууп чыкканда, өз жүрөгүңдө: “Адил болгонум үчүн Теңир мени бул жерге эү кылды, мыйзамсыз болгону үчүн Теңир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.

    9:5 Сен алардын жерин адил болгонуң үчүн, жүрөгүң таза болгону үчүн мурастаганы бара жаткан жоксуң. Бирок сенин Кудай-Теңириң ал элдерди мыйзамсыз иштери үчүн жана сенин ата-бабаң Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш үчүн, сенин алдыңан кууп жатат.

    9:6 Ошондуктан билип кой, Кудай-Теңириң бул жер соорусун сага адил болгондугуң үчүн берип жаткан жок, сен тоң моюн элсиң.

    9:7 Кудай-Теңириңди чөлдө канча жолу каардантканыңды эсиңден чыгарба, Мисир жеринен чыккан күндөн тартып, дал ушул жерге келгенге чейин, Теңирге моюн сунган жоксуң.

    9:8 Хорепте да силер Теңирди каарданткансыңар, ошондо Ал каарданып, силерди кырып салгысы келген.

    9:9 Мен Теңирдин силер менен түзгөн келишими жазылган лоокторун, таш лоокторду, алганы тоого чыгып, нан жебей, суу ичпей, ал тоодо кырк күн, кырк түн болдум.

    9:10 Ошондо Теңир мага өз сөөмөйү менен жазган эки таш лоокту берди. Алардын бетине силер тоого чогулуп келген күнү Теңирдин силерге от ичинен айткан сөздөрү жазылган.

    9:11 Кырк күн, кырк түн өткөндөн кийин, Теңир мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.

    9:12 Анан Теңир мага: “Тоодон тезирүүк түш, анткени Мисирден алып чыккан элиң бузулду. Ал Мен көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп кетти, ал өзүнө буркан жасап алды”, – деди.

    9:13 Анан Теңир мага дагы мындай деди: “Мен бул элди билем, ал – тоң моюн эл.

    9:14 Мени токтотпо, Мен аны жок кылам, анын атын жер үстүнөн өчүрөм. Сенден болсо андан алда канча көп, күчтүү эл чыгарам”.

    9:15 Ошондо мен тоодон кайтып келдим. Тоо болсо жалындап күйүп жатты. Келишим жазылган эки таш лоок эки колумда эле.

    9:16 Мен силердин алтындан музоо куюп, Теңир көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп, Кудай-Теңириңерге каршы күнөө кылганыңарды көрдүм.

    9:17 Ошондо мен эки колумдагы эки таш лоокту силердин көзүңөрчө жерге ыргытып, талкалап салдым.

    9:18 Анан Теңирдин алдына жыгылып, силердин Теңирге жакпаган иш кылып, Аны каардантып, күнөөгө батканыңар үчүн, мен нан жебей, суу ичпей, мурункудай эле кырк күн, кырк түн сыйындым.

    9:19 Анткени Теңирдин каарданып, силерди жок кылып салгысы келгенинен корктум. Теңир мени бул жолу да укту.

    9:20 Теңир Арунга да каарданып, аны өлтүргүсү келди, бирок мен ошол учурда Арун үчүн да сыйындым.

    9:21 Силердин күнөөңөрдү – силер жасаган музоону алып, отко өрттөп салдым. Мен аны талкалап, топурактай майдалап, тоодон түшкөн сууга чачып жибердим.

    9:22 Силер Теңирди Табейрада да, Масада да, Киброт-Атаапта да каарданттыңар.

    9:23 Теңир силерди Кадеш-Барнейиден: “Баргыла да, Мен силерге берген жерди эүлеп алгыла”, – деп жөнөткөндө, силер Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар, Ага ишенген жоксуңар, Анын үнүн укпай койдуңар.

    9:24 Мен силерди билген күндөн бери силер Теңирге баш ийбей келе жатасыңар.

    9:25 Ошондо мен Теңирдин алдына жыгылып, кырк күн, кырк түн жалынып сыйындым, анткени Теңир силерди кырып салгысы келген.

    9:26 Мен Теңирге мындай деп сыйындым: “О эгедер Теңирим, өз элиңди, өз энчиңди жок кыла көрбө, Сен ал элди улуу кудуретиң менен куткарып, Мисирден күчтүү колуң менен алып чыккансың.

    9:27 өзүңдүн кулдарың Ыбрайым, Ыскак, Жакыпты үстегин. Бул элдин тоң моюндугуна, бузулгандыгына, күнөөсүнө караба.

    9:28 Сен бизди алып чыккан жерде жашагандар: «Теңир өзү убада кылган жерге алып бара алган жок, аны жек көргөндүктөн, чөлдө өлтүрүп салыш үчүн алып чыккан», – деп айтпасын.

    9:29 Алар Сенин элиң, Сенин энчиң, Сен аларды өзүңдүн сунулган колуң, күчтүү билегиң менен Мисир жеринен алып чыккансың”.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск