Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Жаңы таш лооктор

    10:1 Ошол учурда Теңир мага мындай деди: “Мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасагын да, тоого чыгып, Мага кел. Жыгачтан сандык жаса.

    10:2 Ал таш лоокторго сен сындырган мурунку таш лоокторго жазылган сөздөрдү жазып берем. Сен аларды сандыкка салып кой”.

    10:3 Ошондо мен акация жыгачынан сандык жасадым да, мурункудай эки таш лоок жасап алып, тоого чыктым. Ал эки таш лоок менин колумда эле.

    10:4 Теңир ал таш лоокторго силер чогулуп келген күнү тоодо от ичинен айткан, мурунку таш лоокторго жазылган он осуятты жазып, аларды мага берди.

    10:5 Анан мен артка кайрылып, тоодон түшүп келдим да, Теңир мага буйругандай, таш лооктор сандыкта болушу үчүн, аларды өзүм жасаган сандыкка салдым.

    10:6 Анан Ысрайыл уулдары Бейрот-Беней-Жаакандан чыгып, Мосейрага жөнөштү. Арун ошол жерде көз жумуп, ошол жерге коюлду. Анын ордуна уулу элазар ыйык кызмат кылуучу болду.

    10:7 Ал жерден Гуткотко жөнөштү, Гуткоттон Жотпатка, дарыялуу жерге келишти.

    10:8 Теңир ошол учурда Леби уруусун өзүнүн келишим сандыгын көтөрүп жүрүшү үчүн, өзүнүн алдына келип турушу үчүн, өзүнө кызмат кылып, өзүнүн атынан бата берип турушу үчүн бөлүп койду, бул ушул күнгө чейин ошондой.

    10:9 Ошондуктан лебилерге бир туугандары менен кошо элүш тийген жок. Кудай-Теңириң ага өзү убада кылгандай, анын энчиси – өзү.

    10:10 Мен тоодо мурункудай эле кырк күн, кырк түн болдум, Теңир мени бул жолу да укту. Ошентип, Теңир сени жок кылбай турган болду.

    10:11 Ошондо Теңир мага мындай деди: “Тур, бул элдин алдына түшүп, жолго чык. Алар барып, Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди эүлеп алышсын”.

    10:12 Ошентип, Ысрайыл, Кудай-Теңириң сенден эмнени талап кылып жатат? Теңир сенден, болгону, Кудай-Теңириңден коркушуңду, Анын жолдору менен жүрүшүңдү, Аны сүйүшүңдү, Ага чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен кызмат кылышыңды,

    10:13 өзүңө жакшы болуш үчүн, мен бүгүн берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын сакташыңды талап кылып жатат.

    10:14 Анткени асман жана асмандардын асманы, жер жана андагынын бардыгы Кудай-Теңириңдин колунда.

    10:15 Азыр өзүңөр көрүп тургандай, Теңир башка элдердин ичинен силердин ата-бабаларыңарды гана сүйүп, алардын тукуму болгон силерди тандап алган.

    10:16 Ошондуктан жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула, мындан ары тоң моюн болбогула.

    10:17 Анткени силердин Кудай-Теңириңер – кудайлардын Кудайы, эгедерлердин эгедери, улуу, кудуреттүү, коркунучтуу Кудай. Ал адамдын жүзүнө карабайт, белек албайт.

    10:18 Ал жетим менен жесирге калыс карайт, келгинди жакшы көрүп, ага нан берип, кийим кийгизет.

    10:19 Силер да келгинди сүйгүлө, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

    10:20 Кудай-Теңириңден корк, жалгыз Ага кызмат кыл. Ага жабышып, Анын аты менен ант бер.

    10:21 Ал сенин даңазаң, Ал – өз көзүң менен көргөн ошол улуу жана коркунучтуу иштерди сен үчүн кылган Кудай.

    10:22 Сенин ата-бабаларың Мисирге жетимиш жан болуп барган, азыр болсо Кудай-Теңириң сени асмандагы жылдыздардай сансыз кылып көбөйттү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск