Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Кудайдын сөзүн аткаргандарга бата, аткарбагандарга каргыш

    11:1 Кудай-Теңириңди сүй, Анын аткар деп берген көрсөтмөлөрүн, мыйзамдарын, осуяттарын өмүрүң өткөнчө аткар.

    11:2 Бүгүн билип койгула, силердин балдарыңар Кудай-Теңириңердин жазаларын, улуулугун, сунулган колу менен күчтүү билегин,

    11:3 Мисирде Мисир падышасы фараонго, анын бүт жерине көрсөткөн кереметтери менен иштерин,

    11:4 Мисир аскерлери силердин артыңардан кууп келгенде, аларды аттары, майдан арабалары менен кошо Кызыл деңизге чөктүрүп, толугу менен жок кылганын,

    11:5 силер бул жерге жеткиче, чөлдө силер үчүн эмне кылганын,

    11:6 Рубейин уулу элийаптын уулдары Датан менен Абырамды эмне кылганын, аларды жана алардын эй-бүлөлөрүн чатырлары, болгон мал-мүлктөрү менен кошо Ысрайыл элинин көз алдында жер араанын ачып жутуп алганын билишкен эмес, көрүшкөн эмес.

    11:7 Силер болсо Теңирдин бардык улуу иштерин өз көзүңөр менен көргөнсүңөр.

    11:8 Күч алып, эүлегени бара жаткан жериңерди эүлеп алышыңар үчүн,

    11:9 Теңир ата-бабаларыңарга жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган, сүт менен бал аккан жерде узак жашашыңар үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткаргыла.

    11:10 Анткени сен эүлегени бара жаткан жер сен чыккан Мисир жериндей эмес. Мисирде сен эрөн сүүп, аны бутуңду тындырбай, зайтун багын сугаргандай сугарчусуң.

    11:11 Ал эми силер эүлегени бара жаткан жер – тоолуу, өрөөндүү, жамгыр менен сугарылган жер.

    11:12 Ал жер – Кудай-Теңириң кам көргөн жер. Кудай-Теңириңдин көзү жылдын башынан аягына чейин ошол жерде.

    11:13 үгерде силер Мен бүгүн берип жаткан осуяттарды уксаңар, Кудай-Теңириңерди сүйсөңөр, Ага чын жүрөгүңөр менен, жан-дилиңер менен кызмат кылсаңар,

    11:14 анда жериңерге кеч күздөгү, эрте жаздагы жамгырды өз учурунда жаадырып турам. Ошондо сен түшүм жыйнап, жүзүм ширесин, зайтун майын алып турасың.

    11:15 Талааңа малың үчүн чөп өстүрөм. Тамак-ашың мол болот.

    11:16 Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып, четтеп кетпегиле, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетпегиле.

    11:17 Ошондо Теңир силерге каарданып, асманды бекитип салат да, жамгыр жаабай калат. Жер түшүм бербей калат, Теңир берип жаткан асыл жерде тез эле кырылып каласыңар.

    11:18 Ошондуктан Менин бул сөздөрүмдү көңүлүңөргө түйүп, эсиңерден чыгарбагыла. Унутпаш үчүн, аларды колуңарга жана чекеңерге байлап алгыла.

    11:19 Аларды балдарыңа эйрөт, аларды эйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да айт.

    11:20 Аларды эшигиңдин кашектерине жана үйүңдүн дарбазасына жазып кой.

    11:21 Ошондо асман жер үстүндө канча күн турса, Кудай-Теңириңер ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерде силердин өмүрүңөр жана балдарыңардын өмүрү ошончо көп күн болот.

    11:22 үгерде мен силерге аткар деп берген ушул осуяттардын баарын аткарсаңар, Кудай-Теңириңерди сүйсөңөр, Анын жолдору менен жүрсөңөр жана Ага жабышсаңар,

    11:23 анда Теңир ушул элдердин баарын силердин алдыңардан кууп чыгат. Ошондо силер өзүңөрдөн алда канча көп жана күчтүү элди басып аласыңар.

    11:24 Таманыңар баскан жердин баары силердики болот. Чөлдөн Лебанонго чейин, эфрат дарыясынан Жер ортолук деңизине чейин силердин жериңер болот.

    11:25 Силерге үч ким каршы тура албайт. Кудай-Теңириңер таманыңар баскан жердин баарына өзү айткандай коркунуч каптатат.

    11:26 Мына, мен силерге бүгүн батаны жана каргышты сунуш кылып жатам:

    11:27 үгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар;

    11:28 үгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарбасаңар, жолдон чыгып, өзүңөр билбеген башка кудайларды эүрчисеңер, каргышка каласыңар.

    11:29 үүлеп алыш үчүн бара жаткан жериңе Кудай-Теңириң алып барганда, Гаризим тоосунда бата сөздөрүн айт, ал эми эйбал тоосунда каргыш сөздөрүн айт.

    11:30 Ал тоолор Иордандын аркы өйүзүндө, күн батыш тарапта, Море токоюна жакын Гилгалдын каршысындагы түздүктө жашаган канаандыктардын жеринде.

    11:31 Анткени Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге барып, аны эүлеп алыш үчүн, Иордандан өтөсүңөр, анан ал жерди эүлеп, анда жашап каласыңар.

    11:32 Ошондуктан Анын мен бүгүн силерге берип жаткан көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарганга аракет кылгыла.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск