Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Он осуят

    20:1 Ошондо Теңир мына бул сөздөрдү айтты:

    20:2 «Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.

    20:3 Менден башка кудайларың болбосун.

    20:4 өзүңө буркан жана жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселердин түспөлүн жасаба.

    20:5 Аларга табынба, кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң Менмин. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган кызганчаак Кудаймын.

    20:6 Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды сактагандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.

    20:7 Кудай-Теңириңдин атын курулай эле айта бербе, анткени Анын атын курулай эле айта бергендерди Теңир жазасыз калтырбайт.

    20:8 Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба.

    20:9 Алты күн иштеп, ар кандай ишиңди кыл.

    20:10 Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңэң да, малың да, үйүңдө жүргөн келгин да үч кандай жумуш кылбасын.

    20:11 Анткени алты күндө Теңир асманды, жерди, деңизди жана аларда жашагандын бардыгын жаратып бүткөн, ал эми жетинчи күнү эс алган. Ошондуктан Теңир ишемби күнгө батасын берип, аны ыйыктап койгон.

    20:12 Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла.

    20:13 Киши өлтүрбө.

    20:14 Ойноштук кылба.

    20:15 Уурдаба.

    20:16 Жакыныңа жалаа жаппа.

    20:17 Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Жакыныңдын аялына, кулуна, күңэнө, өгүзүнө, эшегине, үч нерсесине көз артпа».

    Ысрайылдыктардын коркушу

    20:18 Бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, сурнай үнүн угуп, жалынды, түтөгөн тоону көрүп турду. Муну көргөн эл артка кетенчиктеп, алыс барып турду.

    20:19 Анан алар Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угалы, биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз», – дешти.

    20:20 Муса элге кайрылып: «Коркпогула, Кудай силерди сыноо үчүн, Андан коркушуңар үчүн, күнөөгө батпашыңар үчүн келди», – деди.

    20:21 үл алыста турду. Муса болсо Кудай турган караңгы булутка кирди.

    Курмандык чалынуучу жай жөнүндө мыйзам

    20:22 Ошондо Теңир Мусага: «Ысрайыл уулдарына айт: “Менин силерге асмандан кантип сүйлөгөнүмдү көрдүңөр.

    20:23 Менин алдымда өзүңөргө күмүштөн же алтындан кудай жасабагыла”.

    20:24 Мага курмандык чалынуучу жайды топурактан жаса. Анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңды, тынчтык курмандыктарыңды, койлоруңду, өгүздөрүңдү курмандыкка чал. Ошондо Мен Менин ысымымды үстетип турган жерге келип, сага батамды берем.

    20:25 үгерде Мага курмандык чалынуучу жайды таштан жасай турган болсоң, анда аны жылмаланган таштан жасаба. Анткени сүргүч тийгизер замат, аны булгап койгон болосуң.

    20:26 Жылаңач этиң көрүнүп калбашы үчүн, Мен үчүн курган курмандык чалынуучу жайга тепкич менен чыкпа.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск