Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Кулдар жөнүндө мыйзамдар

    21:1 Сен аларга бере турган мыйзамдар мындай:

    21:2 үгерде эврей кул сатып алсаң, ал алты жыл иштесин. Ал эми жетинчи жылы эркиндикке бекер чыксын.

    21:3 үгерде ал жалгыз келсе, жалгыз чыксын. эгерде анын аялы бар болсо, аялы менен чыксын.

    21:4 үгерде кулдун кожоюну ага аял алып берсе, аялы ага уул же кыз төрөп берсе, анда аялы менен балдары кожоюнунда калып, ал өзү жалгыз чыксын.

    21:5 үгерде кулу: “Мен кожоюнумду да, аялымды да, балдарымды да жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм”, – десе,

    21:6 анда кожоюну аны башкаруучулардын алдына алып келип, эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешсин, ошондо ал ага өмүр бою кул болуп калат.

    21:7 үгерде кимдир бирөө кызын күңдүккө сатса, анда анын кызы башка кулдардай болуп эркиндикке чыга албайт.

    21:8 үгерде күң өз кожоюнуна жакпаса, кожоюну аны албаса, анда күңдүн кунун төлөп алууга башкага уруксат берсин. Бирок ал өзү андан баш тарткандыктан, аны бөтөн элге сатууга акысы жок.

    21:9 үгерде аны өз уулуна никелеп койсо, анда өз кызындай көрсүн.

    21:10 үгерде уулуна башка аял алып берсе, анда ал күң тамактан, кийимден жана жубайлык укугунан ажырабашы керек.

    21:11 үгерде кожоюн ал күң үчүн ушул үч шартты аткарбаса, анда ал эркиндикке кунсуз, бекер чыксын.

    Кордук көрсөткөндөр жөнүндө мыйзам

    21:12 Кимдир бирөө бирөөнү уруп жибергенде, ал өлүп калса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.

    21:13 Бирок ал атайылап өлтүрбөсө, анын өлүмүнө Кудай жол берген болсо, анда өлтүргөн киши качып кете турган жерди сага өзүм көрсөтөм.

    21:14 Ал эми кимдир бирөө жакынын атайылап өлтүрсө, анда аны Менин курмандык чалынуучу жайымдан алып кетип, өлүм жазасына тарт.

    21:15 Ким атасын же энесин урса, ал өлүм жазасына тартылсын.

    21:16 Ким киши уурдап сатса же ал анын колунан табылса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.

    21:17 Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын.

    Денеге зыян келтиргендер жөнүндө мыйзам

    21:18 үки адам чатакташа кетип, бири экинчисин таш менен же муштум менен урса, ал тирүү калып, бирок төшөккө жатып калса,

    21:19 ордунан туруп, таяк таянып эйдөн чыгууга жараса, урган киши өлүм жазасына тартылбайт, бирок анын токтоп калган жумушу үчүн жана дарылануусу үчүн төлөп берсин.

    21:20 Ким өз кулун же күңэн таяк менен уруп, ал анын колунан өлүп калса, анда ал жазалансын.

    21:21 үгерде ал бир-үки күндөн кийин туруп кетсе, ал жазаланбасын, анткени алар анын күмүшүнө келген.

    21:22 үки адам мушташа кетип, бири кош бойлуу аялды уруп жиберип, аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян тартпаса, анда ал аялдын күйөөсү салган салыкты төлөп берсин, ал салыкты соттордун көзөмөлү астында төлөп берсин.

    21:23 үгерде аялдын денеси зыян тарткан болсо, анда жанга жан,

    21:24 көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут,

    21:25 күйүккө күйүк, жараатка жараат, көгөргөн жер үчүн көгөргөн жер.

    21:26 Ким кулун же күңэн көзгө уруп, көзүнө зыян келтирсе, анда көзү үчүн аларды эркиндикке чыгарсын.

    21:27 Ким кулунун же күңүнүн тишин ыргыта урса, анда тиши үчүн да аларды эркиндикке чыгарсын.

    21:28 үгерде эркек кишини же аял кишини бука сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, бирок этин жебегиле, ал эми буканын эүси күнөөлүү эмес.

    21:29 үгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин эүси билип туруп карабаса, ал эркекти же аялды сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, эүси да өлүм жазасына тартылсын.

    21:30 үгерде андан кун талап кылышса, өз жаны үчүн ошол кунду төлөп берсин.

    21:31 Бирөөнүн уулун сүзсө да, кызын сүзсө да, ага ушул эле мыйзам колдонулсун.

    21:32 үгерде бука кулду же күңдү сүзсө, анда алардын кожоюнуна буканын эүси отуз күмүш шекел төлөсүн, ал эми бука таш бараңга алынсын.

    21:33 үгерде кимдир бирөө жабык чуңкурду ачып же чуңкур казып, үстүн жаппай койсо, ага бука же эшек түшүп кетсе,

    21:34 анда чуңкурдун эүси мал эүсине күмүш төлөп берсин, ал эми өлгөн мал аныкы болот.

    21:35 үгерде кимдир бирөөнүн букасы коңшусунун букасын сүзүп өлтүрсө, анда өлтүргөн буканы сатып, акчасын тең бөлүп алышсын. Ошондой эле өлгөн буканы да тең бөлүп алышсын.

    21:36 үгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин билип туруп, эүси аны карабаса, анда ал буканын ордуна бука төлөп берсин, ал эми өлгөн бука аныкы болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск