Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Чыгаша келтиргендер жөнүндө мыйзам

    22:1 үгерде кимдир бирөө өгүз же кой уурдап союп алса же сатса, анда бир өгүз үчүн беш өгүз, бир кой үчүн төрт кой төлөйт.

    22:2 үгерде кимдир бирөө түнкүсүн уурунун үстүнөн чыгып, аны уруп өлтүрүп салса, анын каны үчүн жооп бербейт.

    22:3 үгерде күндүз уурунун үстүнөн чыгып өлтүрүп салса, анда анын каны үчүн жооп берет. Уурдаган киши төлөш керек. эгерде төлөй албаса, анда уурдалгандын ордуна өзү сатылсын.

    22:4 үгерде уурдалган мал: өгүз болобу, эшек болобу, кой болобу, уурунун колунан тирүү табылса, анда эки эселеп төлөсүн.

    22:5 үгерде кимдир бирөө малын коё берип, бирөөнүн талаасын же жүзүмзарын тепсетип талкаласа, анда ал ага өзүнүн талаасынын же жүзүмзарынын түшүмүнүн эң жакшысын берсин.

    22:6 үгерде өрт чыгып, тикендүү жыгачты каптап, бирөөнүн чөмөлөсү, же эгини, же талаасы күйүп кетсе, анда өрт чыгарган адам аны төлөп берсин.

    22:7 үгерде кимдир бирөө жакынына күмүшүн же буюмдарын сактап турууга берсе, алар анын үйүнөн уурдалып кетсе, бирок ууру табылса, ал эки эселеп төлөп берсин.

    22:8 үгерде ууру табылбаса, анда эйдүн эүси соттордун алдына келип, жакынынын менчигине тийбегендигин айтып каргансын.

    22:9 үгерде кимдир бирөө талаш-тартыштуу бир нерсесин: өгүзүн, же эшегин, же коюн, же кийимин, же жоготкон нерсесин жакын адамынан таап алып, “меники” десе, анда экөө тең сотко келсин. Сот кимди күнөөлүү деп тапса, ал жакынына эки эселеп төлөп берсин.

    22:10 Ким өз жакынына эшегин, же өгүзүн, же коюн, же башка бир малын багып берүүгө берсе, анан ал өлүп калса, же майып болсо, же уурдалып кетсе, бирок үч ким көрбөсө,

    22:11 анда ал жакынынын менчигине тийбегендигин айтып, Кудайдын алдында каргансын. Мал эүси анын карганганына ишенсин, ошондо жакыны үч нерсе төлөбөйт.

    22:12 үгерде уурдалып кетсе, анда ал мал эүсине төлөп берсин.

    22:13 үгерде жырткыч жара тартып кетсе, анда далил үчүн жара тартылган өлүктү көрсөтсүн. Жырткыч жара тартып кеткен малды ал төлөбөйт.

    22:14 үгерде кимдир бирөө өз жакынынын малын пайдаланганга алса, ал мал эүси жокто майып болсо же өлүп калса, анда ал төлөп берсин.

    22:15 үгерде малдын эүси жанында болсо, анда ал төлөбөйт. эгерде малды акысын берип жалдап алса, анда ошол акы жалданган малдын ордуна эсептелсин.

    Жүрүм-турум жана адеп-ахлак жөнүндө мыйзамдар

    22:16 үгерде кимдир бирөө үч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын.

    22:17 үгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн.

    22:18 Балчы-сыйкырчыларды тирүү калтырба.

    22:19 Мал менен жанашкан адам өлүм жазасына тартылсын.

    22:20 Теңирден башка кудайларга курмандык чалгандар жок кылынсын.

    22:21 Келгинди кысымга алба, кордобо, анткени силер өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

    22:22 Жесирди да, жетимди да кысымга алба.

    22:23 үгерде аларды кысымга алып кордосоң, алар Мага боздоп кайрылышат. Ошондо Мен алардын ыйын угам.

    22:24 Мен каарданып, силерди кылычтап кырам, аялыңар жесир, балдарыңар жетим калат.

    22:25 үгерде сен Менин элимдин жардыларына карызга акча берсең, анда аны кысымга алып, үстөк кошуп алба.

    22:26 үгерде жакыныңдын кийимин күрөөгө алсаң, күн батканча кайрып бер.

    22:27 Анткени ал кийим – анын жалгыз жамынчысы, ал – анын денесин жаба турган кийими. Ал эмнени кийип жатат? Ал Мага ыйлап кайрылганда, Мен угам, анткени Мен боорукермин.

    22:28 Кудайга акарат келтирбе, өз элиңдин башчыларына тил тийгизбе.

    22:29 үгиниңдин биринчи түшүмүн, жүзүмүңдүн биринчи ширесин Мага кечиктирбей алып кел, уулдарыңдын ичинен тунун Мага бер.

    22:30 Бодо малыңдын да, коюңдун да биринчи төлүн Мага бер. Жети күн алар өз энелеринин жанында болсун, сегизинчи күнү аларды Мага бер.

    22:31 Ошондо силер Менин ыйык элим болосуңар. Талаадан жырткыч жара тартып кеткен малдын этин жебегиле. Аны иттерге ыргытып жибергиле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск