Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Акыйкаттык жөнүндө

    23:1 Ушак таратпа, жалган күбө болбош үчүн, кудайсызга кол сунба.

    23:2 Көпчүлүктү эүрчип жамандыкка барба, талаш-тартышты көпчүлүккө карап чечпе, чындыктан четтебе.

    23:3 Жардынын ишин жардылыгына карап коргобо.

    23:4 үгерде душманыңдын адашкан өгүзүн же эшегин тапсаң, аны эүсине алып барып бер.

    23:5 үгерде душманыңдын эшеги жыгылып, көтөргөн жүгүнүн астында калганын көрсөң, талаага таштабай, анын жүгүн чечиш.

    23:6 Жакырдын ишин туура эмес соттобо.

    23:7 Калптан кач, айыпсызды, адилеттүүнү өлтүрбө, анткени Мен мыйзамсыздык кылган адамды актабайм.

    23:8 Пара алба, анткени пара көздүүнү сокур кылып, актын ишин бурмалайт.

    23:9 Келгинди таарынтпа, анткени силер келгин болгон кандай экенин билесиңер, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

    Жетинчи күн жана жетинчи жыл жөнүндө мыйзам

    23:10 Жериңди алты жыл иштетип, түшүмүн ал.

    23:11 Ал эми жетинчи жылы жериң эс алсын, элиңдин жакырлары жанын баксын, алардан калганын талаадагы жаныбарлар жесин. Жүзүмзарың менен зайтун дарагыңды да ошондой кыл.

    23:12 Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Ошондо өгүзүң да, эшегиң да, күңэңдүн баласы да, келгин да эс алат.

    23:13 Силерге айтканымдын баарын аткаргыла. Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттарын оозуңарга албагыла.

    Єч чоң майрам жөнүндө мыйзам

    23:14 Мага арнап, бир жылда үч жолу майрам өткөр.

    23:15 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, Абыт айынын белгиленген убагында жети күн ачыткысыз нан же, анткени ошол убакта Мисирден чыккансың. үч ким Менин алдыма куру кол келбесин.

    23:16 Талаага эккен эгиниңдин биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, эгин жыйноо майрамын өткөр; жыл аягында түшүм жыйнаганыңда, Түшүм майрамын өткөр.

    23:17 Бардык эркек аттууларың эгедер Теңирдин алдына жылына үч жолу келишсин.

    23:18 Мага арнап чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Мага арнап чалган майрамдык курмандыктын майы эртең мененкиге калбасын.

    23:19 Жериңден алган биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты энесинин сүтүнө бышырба.

    Убадалар жана акыл-насааттар

    23:20 Мен даярдап койгон жерге сени жолдо сактап жеткириш үчүн, алдыңа бир периштени жиберип жатам.

    23:21 Анын алдында абайлап жүр, анын үнүнө кулак сал, ага каршы чыкпа. эгерде каршы чыксаңар, ал силердин күнөөңөрдү кечирбейт, анткени Менин ысымым анда.

    23:22 үгерде анын үнүнө кулак салып, Мен айткандын баарын аткарсаң, анда сенин душмандарыңа душман, кастарыңа кас болом.

    23:23 Менин периштем алдыңа түшүп, сени аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, канаандыктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, Мен аларды жок кылганда,

    23:24 алардын кудайларына табынба, аларга кызмат кылба, алардын иштерин туураба, тескерисинче, аларды талкала, мамыларын кыйрат.

    23:25 өз Кудай-Теңириңе кызмат кыл, ошондо Ал жеген наныңа, ичкен сууңа батасын берет. Мен сага оору-сыркоо жолотпойм.

    23:26 Сенин жериңде ара төрөгөндөр жана төрөбөгөндөр болбойт. өмүрүңдү узун кылам.

    23:27 Сенин алдыңан өзүмдүн коркунучумду жиберем, сен арасына барган элдердин баарын дүрбөлөңгө түшүрөм, бардык душмандарыңды сенден качырам.

    23:28 Сенин алдыңан чоң аарыларды жиберем, алар сенден хибиликтерди, канаандыктарды жана хеттиктерди кууп чыгат.

    23:29 Жер эүн калып, жырткыч айбандар көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, Мен аларды сенден бир эле жылдын ичинде кууп чыгарбайм.

    23:30 Сен тукумдап көбөйүп, ал жерди эүлемейинче, ал элдерди сенден аз-аздан кууп чыгып турам.

    23:31 Сенин чек араңды Кызыл деңизден Пелишти деңизине чейин жана чөлдөн дарыяга чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын сенин колуңа берем, сен аларды кууп чыгасың.

    23:32 Алар менен да, алардын кудайлары менен да байланыш түзбө.

    23:33 Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск