Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    үлдин курмандык чалынуучу жайдын алдында берген убадасы

    24:1 Анан Теңир Мусага мындай деди: «Арунду, Надапты, Абыйутту жана Ысрайылдын жетимиш аксакалын алып, тоого чыгып, Мага алыс туруп таазим кылгыла.

    24:2 Теңирге Муса гана жакындасын. Ал эми тигилер жакындабасын, эл аларга кошулуп келбесин».

    24:3 Муса келип, Теңирдин сөздөрү менен мыйзамдарынын баарын элге айтып берди. Ошондо бүт эл бир ооздон: «Теңир эмнени айтса, ошону аткарабыз», – деди.

    24:4 Муса Теңирдин бардык сөздөрүн жазып алды. эртеси эртең менен эрте туруп, тоонун түбүнө курмандык чалынуучу жай куруп, Ысрайылдын он эки уруусу үчүн он эки таш тизди.

    24:5 Анан ал Ысрайыл уулдарынан уландарды жөнөттү. Алар Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты жана тынчтык курмандыгына букачарларды союшту.

    24:6 Муса кандын жарымын чараларга куюп, жарымын курмандык чалынуучу жайга чачты.

    24:7 Анан келишим жазылган китепти алып, элге угуза окуп берди. Ошондо эл: «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз, тил алабыз», – деди.

    24:8 Муса элге кан чачып, мындай деди: «Бул кан – ушул сөздөрдүн негизинде Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан».

    24:9 Андан кийин Муса менен Арун, Надап менен Абыйут жана Ысрайылдын жетимиш аксакалы тоонун башына чыгышты.

    24:10 Ошондо алар Ысрайылдын Кудайын көрүштү. Анын бутунун астында таза сапфирден жасалгандай болгон, ачык асман түстүү нерсе жаткан эле.

    24:11 Ал Ысрайылдын тандалган уулдарын өлтүргөн жок. Алар Кудайды көрүштү, ичип-жешти.

    Муса Синай тоосунда

    24:12 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тоого чыгып, Мага кел да, ошол жерде бол. Аларды эйрөтүш үчүн, Мен сага таш лоокторду жана өзүм жазган мыйзам менен осуяттарды берем».

    24:13 Муса жана анын кызматчысы Жашыя ордунан турушту. Муса Кудайдын тоосуна жөнөдү.

    24:14 Аксакалдарга: «Биз кайрылып келгиче, ушул жерде болгула. Арун менен Хур силер менен болот. Кимдин жумушу болсо, ошолорго келсин», – деди.

    24:15 Муса тоого чыгары менен тоону булут каптады.

    24:16 Теңирдин даңкы Синай тоосун чулгады. Булут тоону алты күн каптап турду, ал эми жетинчи күнү Теңир булуттун арасынан Мусаны чакырды.

    24:17 Тоонун башындагы Теңирдин даңкы Ысрайыл уулдарынын көзүнө бардыгын жалмап салуучу оттой болуп көрүндү.

    24:18 Муса булуттун ичине кирип, тоонун башына чыкты. Муса ал тоодо кырк күн, кырк түн болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск