Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Жыйын чатыры үчүн алып келине турган тартуулар жөнүндө

    25:1 Теңир Мусага мындай деди:

    25:2 «Ысрайыл уулдарына айт, алар Мага курмандыктарын алып келишсин. Ар бир адамдын чын жүрөктөн берген курмандыгын Мага алып келгиле.

    25:3 Силер алардан ала турган тартуулар булар: алтын, күмүш жана жез,

    25:4 ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөр, зыгыр буласы, эчкинин тыбыты,

    25:5 кызылга боёлгон кой терилери, деңиз жаныбарынын терилери, акация жыгачы,

    25:6 чырактан үчүн зайтун майы, майлоочу май үчүн жана түтөтүү үчүн жыпар жыттуу заттар,

    25:7 ыйык кызмат кылуучунун эфодуна, төш чөнтөгүнө салынуучу оникс ташы жана башка асыл таштар.

    25:8 Мага арнап ыйык жай курушсун, Мен алардын арасында жашайм.

    25:9 Жыйын чатырын, анын бардык идиштерин Мен сага көрсөтүп жаткан элгү боюнча жасагыла.

    Келишим сандыгы жөнүндө

    25:10 Акация жыгачынан таш лооктор салынуучу келишим сандыгын жасагыла. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болсун.

    25:11 Анын ичи-тышын таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.

    25:12 Ал сандык үчүн алтындан төрт шакекче куюп, аларды ылдыйкы төрт бурчуна бекит: эки шакекти бир жагына, эки шакекти экинчи жагына бекит.

    25:13 Акация жыгачынан эки шыргый жасап, аларды алтын менен капта.

    25:14 Ал шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакекчелерге киргизип кой, сандыкты ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.

    25:15 Сандыктын шакекчелерине шыргыйлар киргизилип турсун жана андан чыгарылбасын.

    25:16 Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.

    25:17 Капкагын да таза алтындан жаса. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.

    25:18 Алтындан эки керуп чегип жасап, аларды сандыктын капкагынын эки четине орнот.

    25:19 Бир керупту бир четине, экинчи керупту экинчи четине орнот, алар капкактын эки четинен чыгып турсун.

    25:20 Ал керуптардын канаттары капкакты жаап тургудай болуп, жогору жайылып турсун. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турсун.

    25:21 Капкакты келишим сандыгынын үстүнө кой. Мен сага бере турган келишим жазуусун келишим сандыгына салып кой.

    25:22 Ошол жерде Мен сага ачылып берип турам, мыйзам салынган сандыктын капкагынын үстүндө турган эки керуптун ортосунан Мен Ысрайыл уулдарына сен аркылуу эмнени осуяттай турган болсом, ошолордун баарын сага айтып, сени менен сүйлөшүп турам.

    Нан тартуусу коюла турган үстөл жөнүндө

    25:23 Анан акация жыгачынан үстөл жаса, анын узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, ал эми бийиктиги бир жарым чыканак болсун.

    25:24 Аны таза алтын менен капта, үстүнө таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.

    25:25 Анын капталдарына алакандын эниндей жүүк чыгарып, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жасап чык.

    25:26 Ал үстөл үчүн алтындан төрт шакекче жасап, аларды үстөлдүн төрт бурчундагы төрт бутуна бекит.

    25:27 Єстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, анын капталдарында шыргый кийгизиле турган шакекчелер болсун.

    25:28 Ал шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен капта, үстөлдү ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүшсүн.

    25:29 Ал үстөл үчүн табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, кумгандарды жана чөйчөктөрдү жаса. Алардын баарын таза алтындан жаса.

    25:30 Дайыма Менин алдымда болушу үчүн, ал үстөлгө нан тартууларын коюп тур.

    Чырактан жөнүндө

    25:31 Анан таза алтындан чырактан жаса. Ал чырактан чегилип жасалсын. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыксын.

    25:32 Анын эки капталынан алты бутак чыгып турсун: бир капталынан үч бутак, экинчи капталынан үч бутак.

    25:33 Бир бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен, экинчи бутакта бадам гүлүнө окшош үч чөйчөкчө мөмөчөсү жана гүлдөрү менен болсун. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары ошондой болсун.

    25:34 Ал эми чырактандын өзөгүндө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө мөмөчөлөрү жана гүлдөрү менен болсун.

    25:35 өзөктөн чыгып турган алты бутактын экөөнүн астында да, экинчи экөөнүн астында да, үчүнчү эки бутактын астында да мөмөчө болсун.

    25:36 Мөмөчөлөрү менен бутактары анын өзүнөн чыгып турсун. Ал бүт бойдон таза алтындан чегилип жасалсын.

    25:37 Ага жети чырак жаса, алды жагына жарык бере тургандай кылып, аларды чырактандын үстүнө орнот.

    25:38 Анын кычкачтары менен чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жаса.

    25:39 Чырактанды жана ага тиешелүү нерселердин баарын бир талант таза алтындан жаса.

    25:40 Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн элгү боюнча жаса.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск