Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 26

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    26-БөЛЄМ

    Жыйын чатыры жөнүндө

    26:1 Жыйын чатырын болсо чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөрдөн токулган он жабуу менен жап. Жабууларга чеберчилик менен керуптарды түшүр.

    26:2 Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы төрт чыканак болсун. Бардык жабуулардын өлчөмү бирдей болсун.

    26:3 Беш жабуу бири-бирине, калган беш жабуу бири-бирине бириктирилсин.

    26:4 Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жаса. Ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык көк жиптен илмек жаса.

    26:5 Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жана экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жабуусунун четине элүү илмек жаса. Илмектер бири-бирине дал келиши керек.

    26:6 Алтындан элүү илгич жасап, жабууларды илгичтер менен бири-бирине бириктир, ошондо бир бүтүн чатыр болуп калат.

    26:7 үчкинин тыбытынан жыйын чатырынын үстүн жаба турган жабууларды току. Ошондой жабуудан он бирди жаса.

    26:8 Бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болсун. Он бир жабуунун өлчөмү бирдей болсун.

    26:9 Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктир. Алтынчы жабууну жыйын чатырынын алды жагынан каттап бүктөп кой.

    26:10 Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине жана алты жабуунун акыркы жабуусунун четине бири-бирине бириктирүү үчүн элүү илмек жаса.

    26:11 Анан жезден элүү илгич жасап, аларды илмектерге киргизип, бир жабуу болгудай кылып, бардык жабууларды бириктир.

    26:12 Ал эми жыйын чатырынын акыркы жабуусунун жартысы жыйын чатырынын арт жагынан ашып турсун.

    26:13 Ал эми жабуулар жыйын чатырынын эки капталын жаап, астынкы жабуулардын бир жагынан бир чыканак, экинчи жагынан бир чыканак ашып турсун.

    26:14 Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жаса, анын үстүнөн жабуу үчүн, деңиз жаныбарынын терисинен жабуу жаса.

    26:15 Жыйын чатырын тургузуу үчүн, акация жыгачынан төрт кырдуу устундарды жаса.

    26:16 Устундардын узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болсун.

    26:17 Ар бир устундун бири-бирине тушташ экиден шакекчеси болсун. Жыйын чатырынын бүт устундарында ошондой болсун.

    26:18 Жыйын чатырынын устундарын ушундай жаса: түштүк жагына жыйырма устун жаса.

    26:19 Ал жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жаса. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки түүкке экиден таканыч болсун.

    26:20 Жыйын чатырынын түндүк жагына да жыйырма устун жаса.

    26:21 Алар үчүн да кырк күмүш таканыч жаса. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки түүкке экиден таканыч болсун.

    26:22 Жыйын чатырынын арт жагына, батыш жакка алты устун орнот.

    26:23 Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчуна эки устун орнот.

    26:24 Алар ылдый жагынан бекитилип, өйдө жагынан бир шакекке бекитилсин: экөө тең ушундай болсун. Алар жыйын чатырынын эки бурчу үчүн бекитилсин.

    26:25 Ошондо сегиз устун болот, алар үчүн он алты күмүш таканыч болот. Ар бир устундун астында экиден таканыч болот.

    26:26 Акация жыгачынан шыргый сомдо: жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,

    26:27 жыйын чатырынын экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы, батыш жагындагы устундар үчүн беш шыргый.

    26:28 Ички шыргый болсо бир башынан экинчи башына чейин устундардын ортосунан өтөт.

    26:29 Устундарды алтын менен капта, шыргый кийгизиле турган шакектерин да алтындан жаса, шыргыйларды да алтын менен капта.

    26:30 Ошентип, жыйын чатырын Мен сага тоодо көрсөткөн элгү боюнча тургуз.

    26:31 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөрдөн, чыйратылган зыгыр буласынан көшөгө жаса. Ага чеберчилик менен керуптар түшүрүлсүн.

    26:32 Ал көшөгөнү күмүштөн жасалган төрт таканычтын үстүндө турган, акация жыгачынан жасалган, алтын менен капталган, алтын илгичтүү төрт мамыга илип кой.

    26:33 Көшөгөнү илгичтерге илип, ичине келишим сандыгын алып кир. Ал көшөгө ыйык жайды ыйыктын ыйыгынан бөлүп турат.

    26:34 Ыйыктын ыйыгындагы келишим сандыгына капкак жап.

    26:35 Көшөгөнүн сыртына үстөл кой, чырактанды үстөлдүн каршысына, жыйын чатырынын түштүк жагына кой. Yстөлдү болсо түндүк жагына кой.

    26:36 Анан жыйын чатырынын эшигине ачык көк, кочкул кызыл жана ачык кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймалуу көшөгө жаса.

    26:37 Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан беш мамы орнотуп, аларды алтын менен капта. Көшөгөнүн илгичтери алтындан болсун, беш мамынын беш таканычын жезден куй.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск