Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Ысрайыл Синай тоосунун этегинде

    19:1 Мисир жеринен чыгышкандан кийин, үчүнчү айдын биринчи күнү, ай жаңырган күнү Ысрайыл уулдары Синай чөлүнө келишти.

    19:2 Алар Репидимден чыгып, Синай чөлүнө келип, станы менен жайланышышты. Ысрайыл эли ошол жердеги тоонун бет маңдайына станы менен жайланышты.

    19:3 Муса Кудай менен сүйлөшүү үчүн, тоого чыкты. Тоодон Теңир ага мындай деп кайрылды: «Жакыптын элине, Ысрайыл уулдарына мындай дегин:

    19:4 “Менин мисирликтерге эмне кылганымды көрдүңөр, Мен силерди бүркүт балапанын канатына көтөргөндөй көтөрүп жүрүп, өзүмө алып келдим.

    19:5 Ошондуктан силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники.

    19:6 Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңар”. Сенин Ысрайыл уулдарына айта турган сөзүң ушул».

    19:7 Муса келип, эл аксакалдарын чакырды да, Теңир осуяттаган ушул сөздөрдү айтты.

    19:8 Ошондо бүт эл бир добуштан: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз», – деп жооп берди. Муса элдин айткан сөзүн Теңирге жеткирди.

    19:9 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сени менен сүйлөшкөнүмдү эл угушу үчүн жана сага дайыма ишениши үчүн, Мен сага калың булуттун ичинде келем». Муса элдин айткан сөздөрүн Теңирге айтып берди.

    19:10 Ошондо Теңир Мусага: «үлге барып, аларды бүгүн да, эртең да ыйыкта. Алар кийимдерин жууп тазалашсын.

    19:11 Yчүнчү күнгө даяр болушсун, анткени үчүнчү күнү Теңир бүт элдин көз алдында Синай тоосуна түшүп келет.

    19:12 үл турган жерди тегерете сызып кой. Анан аларга мындай де: “Сак болгула, тоого чыкпагыла, тоонун этегине да жакындабагыла. Ким тоого жакындаса, ал өлүүгө тийиш.

    19:13 Ал адамга үч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алышсын же жаа менен атышсын, мал болобу, адам болобу, тирүү калбасын”. Сурнай үнү чыкканда гана тоого чыкса болот», – деди.

    19:14 Муса тоодон түшүп келип, элди ыйыктады. Алар өз кийимдерин жууп тазалашты.

    19:15 Ошондо Муса элге: «Yчүнчү күнгө даяр болгула. Аялыңарга жакындабагыла», – деди.

    19:16 Yчүнчү күнү таң атары менен күн күркүрөдү, чагылган чартылдады, калың булут тоонун башына келди, анан сурнай үнү катуу жаңырды. Ошондо стандагы эл абдан коркуп кетти.

    19:17 Муса элди стандан Кудай менен жолугушуу үчүн алып чыкты. Алар тоонун этегинде турушту.

    19:18 Теңир от ичинде түшкөндүктөн, Синай тоосу түтөп жатты. Түтүн тоодон мештен чыккан түтүндөй болуп чыгып жатты, тоо катуу солкулдап турду.

    19:19 Сурнай үнү барган сайын катуулай берди. Муса сүйлөп жатты, Кудай болсо катуу эн менен жооп берип жатты.

    19:20 Анан Теңир Синай тоосуна түшүп келип, тоонун башынан Мусаны чакырды, Муса тоонун башына чыкты.

    19:21 Ошондо Теңир Мусага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Теңирди көрөм деп жулунбасын, ошентем деп, көпчүлүгү өлүп калбасын.

    19:22 Теңирге жакындай турган ыйык кызмат кылуучулар болсо, Теңир аларды өлтүрүп салбашы үчүн, өздөрүн ыйыкташсын», – деди.

    19:23 Ошондо Муса Теңирге: «үл Синай тоосуна чыга албайт, анткени Сен бизге: “Тоону тегерете сызып, аны «ыйык» деп жарыяла деп эскерткенсиң”», – деди.

    19:24 Теңир ага: «Ылдый түшүп кел. Кайра өйдө чыгып келе жатканыңда, Арунду ала кел, бирок ыйык кызмат кылуучулар менен эл тоого чыгып, Теңирге барам деп жулунбасын, Теңир аларды кырып салат», – деди.

    19:25 Муса түшүп келип, элге ушунун баарын айты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск