Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Бабыл мунарасы

    11:1 Жер жүзүндө бир эле тил болгон, адамдар бир эле тилде сүйлөшкөн.

    11:2 Алар чыгыштан көчүп чыгып, Шинар жеринен түздүк таап, ошол жерге отурукташышты.

    11:3 Анан алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы», – дешти. Алар таш ордуна кыш, акиташ ордуна жер чайырын колдонушту.

    11:4 Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы», – дешти.

    11:5 Ошондо Теңир адам уулдары куруп жаткан шаар менен мунараны көргөнү төмөн түштү.

    11:6 Теңир мындай деди: «Мына, бир эл, бардыгынын тили бир. Булардын баштаган иши ушул. Булар кылам дегенинен кайтышпайт.

    11:7 Төмөн түшүп баралы да, бири-биринин тилин түшүнбөгүдөй кылып, ошол жерде булардын тилдерин аралаштырып салалы».

    11:8 Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондо алар шаар курууну токтотушту.

    11:9 Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды, Теңир аларды бүт жер бетине ошол жерден таратып жиберди.

    Шемдин тукуму

    11:10 Шемдин санжырасы мындай: топон суу каптагандан кийин, эки жыл өткөндө, Шем жүзгө чыкканда, андан Арпакшат төрөлдү.

    11:11 Арпакшат төрөлгөндөн кийин, Шем беш жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:12 Арпакшат отуз беш жашка чыкканда, андан Шелах төрөлдү.

    11:13 Шелах төрөлгөндөн кийин, Арпакшат төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:14 Шелах отуз жашка чыкканда, андан эйбер төрөлдү.

    11:15 үйбер төрөлгөндөн кийин, Шелах төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:16 үйбер отуз төрт жашка чыкканда, андан Пелек төрөлдү.

    11:17 Пелек төрөлгөндөн кийин, эйбер төрт жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:18 Пелек отуз жашка чыкканда, андан Рейу төрөлдү.

    11:19 Рейу төрөлгөндөн кийин, Пелек эки жүз тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:20 Рейу отуз эки жашка чыкканда, андан Серук төрөлдү.

    11:21 Серук төрөлгөндөн кийин, Рейу эки жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:22 Серук отуз жашка чыкканда, андан Нахор төрөлдү.

    11:23 Нахор төрөлгөндөн кийин, Серук эки жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:24 Нахор жыйырма тогуз жашка чыкканда, андан Терах төрөлдү.

    11:25 Терах төрөлгөндөн кийин, Нахор жүз он тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

    11:26 Терах жетимиш жашка чыкканда, андан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү.

    Терахтын санжырасы

    11:27 Терахтын санжырасы мындай: Терахтан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү. Арандан Лот төрөлдү.

    11:28 Аран өз атасы Терах тирүү кезинде, өзү туулган жерде, каздимдердин Ур шаарында көз жумган.

    11:29 Ыбрам менен Нахор аял алышты. Ыбрамдын аялынын аты Сара, Нахордун аялынын аты Милка эле. Милка Арандын кызы болчу. Аран – Милка менен Исканын атасы.

    11:30 Саранын боюна бүтпөгөндүктөн, балдары жок эле.

    11:31 Канаан жерине баруу үчүн, Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу, небереси Лотту, өз уулу Ыбрамдын аялы, келини Сараны алып, каздимдердин Ур шаарынан чыкты. Харанга барып, ошол жерде туруп калышты.

    11:32 Терах эки жүз бешке чыгып, Харанда көз жумду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск