Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Бытие 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Ыбрамдын Лоттон бөлүнүшү

    13:1 Ыбрам аялы жана өзүнүн кишилери менен Мисирден чыгып, түштүктү карай жөнөдү. Аны менен Лот да жөнөдү.

    13:2 Ыбрам малга да, күмүшкө да, алтынга да аябай бай эле.

    13:3 Ал түштүктөн Бейтелди көздөй жүрүп отуруп, Бейтел менен Айдын ортосундагы мурда чатыры турган жерге келди.

    13:4 Курмандык чалынуучу жай курган мурдагы жерине келип, Ыбрам Теңирдин атын чакырды.

    13:5 Ыбрам менен жүргөн Лоттун да майда жана бодо малы, чатырлары болгон.

    13:6 Аларга бирге жашаганга жер тардык кылды, анткени алардын мал-мүлкү өтө көп болгондуктан, бирге жашоого мүмкүн болбой калган эле.

    13:7 Бир күнү Ыбрам менен Лоттун койчуларынын ортосунда талаш болду. Ал жерде ошол кезде канаандыктар менен периздиктер жашап турушкан эле.

    13:8 Ошондо Ыбрам Лотко мындай деди: «Сен экөөбүздүн, малчыларыбыздын ортосунда чыр-чатак болбосун, анткени экөөбүз тууганбыз.

    13:9 Мына, бардык жер сенин алдыңда. Менден бөлүн. эгерде сен сол тарапка кетсең, мен оң тарапка кетейин. эгерде сен оң тарапка кетсең, мен сол тарапка кетейин».

    13:10 Лот көз чаптырып, Иордандын бүт тегерек-четин көрдү. Теңир Содом менен Аморду жок кыла электе, Соарга чейинки бардык жерлер Теңирдин багындай, Мисир жериндей сугарылып турчу.

    13:11 Ошондо Лот өзүнө Иордандын бүт тегерек-четин тандады да, чыгышты көздөй жөнөдү. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүштү.

    13:12 Ыбрам Канаан жеринде жашап калды, ал эми Лот тегерек-четтеги шаарларда жашап, өз чатырларын Содомго чейин тикти.

    13:13 Содомдун тургундары болсо Теңирдин алдында күнөөгө баткан жаман адамдар эле.

    Ыбрамдын Хебронго көчүп келиши

    13:14 Лот Ыбрамдан бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир Ыбрамга мындай деди: «Азыркы турган ордуңдан түндүккө, түштүккө, чыгышка жана батышка көз чаптырып кара.

    13:15 Анткени сен көрүп турган жердин бардыгын Мен сага жана сенин укум-тукумуңа түбөлүккө берем.

    13:16 Сенин укум-тукумуңду кумдай көп кылам. Ким кумду санай алат? эгерде ал саналса, анда сенин укум-тукумуң да саналат.

    13:17 Тургун да, мына бул жерди узун-туурасынан аралап чык, анткени Мен аны сага берем».

    13:18 Ыбрам чатырын жыйнап, Хеброндогу Мамрей деген эмен токоюнун жанына барып жайланышты. Ал жерде Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск