Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иакова 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Дүйнө менен болгон достук – Кудайга каршы кастык

    4:1 Ортоңордогу чыр-чатак, талаш-тартыш кайдан чыгат? Дене мүчөлөрүңөрдө согушуп жаткан кумарларыңардан эмеспи?

    4:2 Каалап жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар; киши өлтүрүп, көрө албастык кылып жатасыңар, бирок үч нерсеге жете албай жатасыңар; талашып-тартышып, чатакташып жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар, анткени сураган жоксуңар.

    4:3 Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени жакшы нерсе үчүн эмес, өзүңөрдүн кумарларыңарды канааттандыруу үчүн сурап жатасыңар.

    4:4 Бузуктук кылуучулар, бул дүйнө менен болгон достук Кудайга каршы кастык экенин билбейсиңерби? Бул дүйнө менен дос болууну каалаган адам Кудайдын душманы болуп калат.

    4:5 Же силер Ыйык Жазуудагы «Кудай ичибизге салган Рух кызганчаактык менен сүйөт» деген сөз жөн эле айтылган деп ойлойсуңарбы?

    4:6 Бирок Ал көп ырайым кылат, Ыйык Жазууда: «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат», – деп айтылган.

    4:7 Ошондуктан Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат.

    4:8 Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла!

    4:9 Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлгөндүн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла.

    4:10 Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт.

    4:11 Бир туугандарым, бири-бириңерди жамандабагыла. Ким бир тууганын жамандаса же соттосо, ал мыйзамды жамандап, мыйзамды соттогон болот. эгерде сен мыйзамды соттоп жатсаң, анда мыйзамды аткаруучу эмес эле, соттоочусуң.

    4:12 Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирөө. Ал куткара да, жок кыла да алат. Жакыныңды соттогудай сен кимсиң?

    4:13 «Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз», – дегендер, кулак салгыла,

    4:14 силер, эртең эмне болорун билбегендер, силердин өмүрүңөр эмне? Пайда болуп, кайра тез эле жок болуп кеткен буу.

    4:15 Анын ордуна «Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз» дешиңер керек эле.

    4:16 Бирок силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе.

    4:17 Демек, ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал күнөө кылган болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск