Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иакова 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Байларга эскертүү

    5:1 Байлар, кулак салгыла, башыңарга келе турган оор күндөр үчүн боздоп ыйлагыла.

    5:2 Байлыгыңар чириди, кийимиңерди күбө жеди.

    5:3 Алтын-күмүшүңөр карарды. Алардын карарганы силерге каршы күбө болуп, денеңерди оттой жалмайт. Силер байлыкты акыркы күндөргө жыйнадыңар.

    5:4 үгиниңерди жыйнаган жумушчуларга төлөнбөгөн эмгек акы өзүңөргө каршы айгак болуп, боздоп жатат, орокчулардын боздогон үнү Себайот Теңирге жетти.

    5:5 Силер жер үстүндө доорон сүрүп, ыракат алып жашадыңар. өзүңөрдү бордоп, союлчу күнүңөргө даярдадыңар.

    5:6 Силер адил адамды айыптап, аны өлтүрдүңөр. Ал силерге каршылык көрсөткөн жок.

    Теңирдин келер убагы жакындады

    5:7 Ошентип, бир туугандар, Теңирдин келишин чыдамдуулук менен күткүлө. Дыйканды карагылачы, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн, эрте жаздагы жана кеч күздөгү жамгырды чыдамдуулук менен күтөт.

    5:8 Силер да чыдамдуулук менен күткүлө, бекем болгула, анткени Теңирдин келер убагы жакындап калды.

    5:9 Бир туугандар, соттолбош үчүн, бири-бириңердин үстүңөрдөн арызданбагыла. Соттоочу босогодо турат.

    5:10 Бир туугандар, Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан элгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан.

    5:11 Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер.

    Ант бербөө жөнүндө

    5:12 Бир туугандарым, баарынан мурун айтарым: асманды да, жерди да, башка нерселерди да оозанып ант бербегиле. Соттолбошуңар үчүн, «ооба» деп айтуу керек болсо, «ооба» дегиле; «жок» деп айтуу керек болсо, «жок» дегиле.

    Адил адамдын сыйынуусу

    5:13 Ким кыйналып жатса, ал сыйынсын. Ким кубанып жатса, ал Кудайды даңктап ырдасын.

    5:14 Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын.

    5:15 Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат. эгерде оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет.

    5:16 Ошондуктан айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла. Адил адамдын күчтүү сыйынуусу көп нерсени аткара алат.

    5:17 Илияс пайгамбар бизге окшогон эле адам болгон. Ал жамгыр жаабасын деп сыйынганда, үч жыл, алты ай бою жамгыр жааган эмес.

    5:18 Ал кайра сыйынганда, жамгыр жаап, жер түшүм берген.

    Адашкан бир туугандарды сүйүү

    5:19 Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун:

    5:20 күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат жана көп күнөөлөрүн жаап коёт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск