Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Иерусалимдин талкаланышы жөнүндө алдын ала айтуу

    21:1 Теңирден Жеремияга сөз болгондо, Ситкия падыша Малкиянын уулу Пашкурду жана ыйык кызмат кылуучу Маасейдин уулу Сепанияны Жеремияга:

    21:2 «Теңирден биз жөнүндө сура, анткени Бабыл падышасы Небухаданасар биз менен согушуп жатат. Ал бизден чегиниши үчүн, Теңир, балким, биз үчүн өзүнүн бардык кереметтерине окшош бир кереметти көрсөтөр», – деп айттырыш үчүн жиберди.

    21:3 Ошондо Жеремия аларга мындай деди: «Ситкияга мындай деп айткыла:

    21:4 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мына, дубалдын сыртында силерди курчап турган Бабыл падышасы жана каздимдер менен салгылашып жаткан колуңардагы согуштук курал-жарактарды Мен артка бурам, анан аларды ушул шаардын ортосуна чогултам.

    21:5 Силер менен Мен өзүм согушам. Каарымды төгүп, ачууланып, жаалданып сунулган колум, күчтүү билегим менен согушам.

    21:6 Бул шаарда жашагандардын баарын: адамдарды да, малды да кырам, алар чоң жугуштуу оорудан кырылат.

    21:7 Ошондон кийин, – дейт Теңир, – Жүйүт падышасы Ситкияны, анын кызматчыларын, элди жана бул шаарда жугуштуу оорудан, кылычтан, ачарчылыктан кырылган элдин калганын Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, өздөрүнүн душмандарынын колуна жана алардын жандарын издеп жүргөндөрдүн колуна салып берем. Ошондо ал аларды кылычтын мизине алып кырат, аларды аябайт, аларга боор оорубайт, ырайым кылбайт”».

    21:8 «Бул элге айт: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен силерге өмүрдүн жолун жана өлүмдүн жолун сунуш кылып жатам:

    21:9 Бул шаарда калган адам кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан өлөт. Ал эми чыгып, силерди курчап алган каздимдерге багынып берген адам аман калат, ага өзүнүн жаны олжо ордуна болот.

    21:10 Анткени Мен өз жүзүмдү ушул шаарга каршы бурдум, – дейт Теңир, – жакшылыкка эмес, жамандыкка бурдум. Шаар Бабыл падышасынын колуна берилет, ал аны өрттөйт”.

    Жүйүт падышасынын тукумун жазалоо

    21:11 Ал эми Жүйүт падышасынын тукумуна айт: “Теңирдин сөзүн уккула:

    21:12 Дөөт тукуму! Теңир мындай дейт: "Менин каарым оттой жалындабашы үчүн, силердин кыянат иштериңердин себебинен үч ким өчүрө албай тургандай болуп жалбырттап күйбөшү үчүн, таң заардан акыйкаттык кылгыла, тонолгонду талап-тоноочунун колунан куткаргыла.

    21:13 Мына, Мен сага каршымын, өрөөндүн тургуну, түздүктүн аскасы, – дейт Теңир. – 'Бизге ким каршы чыга алат жана биздин турагыбызга ким кире алат?' – деп айткан силерге каршымын.

    21:14 Бирок Мен силерди иштериңердин жемиштерине жараша жазалайм, – дейт Теңир, – силердин токоюңарга от коём, ал от анын тегерегиндегилердин баарын жалмайт"”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск