Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Жүйүт падышасынын үйүнө кайрылуу

    22:1 Теңир мындай деди: «Жүйүт падышасынын үйүнө түшүп, мына бул сөздү айт:

    22:2 Мындай деп айт: “Дөөттүн тагында отурган Жүйүт падышасы, Теңирдин сөзүнө кулак сал, бул дарбазадан кирген сен да, кызматчыларың да, элиң да – баарыңар Теңирдин сөзүн уккула.

    22:3 Теңир мындай дейт: "Адилеттик жана акыйкаттык кылгыла, ыза көргөндү эзүүчүнүн колунан куткаргыла, келгинди, жетимди жана жесирди таарынтпагыла, кысымга албагыла, бул жерде жазыксыз кан төкпөгүлө.

    22:4 үгерде силер бул сөздөрдү аткара турган болсоңор, анда бул эйдүн дарбазасы аркылуу Дөөттүн ордунда, анын тагында отурган падышалар, арабага түшүп жүргөндөр, атка минип жүргөндөр – өздөрү да, кызматчылары да, эли да кирет.

    22:5 үгерде силер бул сөздөрдү укпай турган болсоңор, анда өзүм менен ант берем, – дейт Теңир, – бул эй эүн калат".

    22:6 Анткени Жүйүт падышасынын үйүнө Теңир мындай дейт: Менин Гилатым, сен Лебанондун чокусусуң, бирок Мен сени чөлгө, эл жашабаган шаарга айлантам.

    22:7 Сага каршы ар биринин колунда өз куралы бар кыйратуучуларды даярдайм, алар сенин эң жакшы кедрлериңди кыйып, отко ыргытышат.

    22:8 Ошондо бул шаар аркылуу көптөгөн элдер өтүшөт жана бири-биринен: "үмне үчүн Теңир бул улуу шаарды ушундай кылды?" – деп сурашат.

    22:9 Ошондо мындай жооп айтышат: "Анткени алар өз Кудай-Теңиринин келишимин таштап коюшту, башка кудайларга табынышты, ошолорго кызмат кылышты"”».

    Шалум жөнүндөгү пайгамбарчылык

    22:10 өлгөн кишини жоктоп ыйлабагыла, аны аябагыла, бирок туткунга кетип бара жаткан адам үчүн катуу ыйлагыла, анткени эми ал кайрылып келбейт, өзүнүн туулган өлкөсүн көрбөйт.

    22:11 Анткени өз атасы Жошиядан кийин падышачылык кылган Жүйүт падышасы – ушул жерден туткунга кеткен Жошия уулу Шалум жөнүндө Теңир мындай дейт: «үми ал бул жерге кайрылып келбейт.

    22:12 Ал туткундалып кеткен жеринде өлөт, мындан кийин бул жерди көрбөйт».

    Жайаким жөнүндөгү пайгамбарчылык

    22:13 өз үйүн адилетсиздик менен курган, өзүнүн жаткан бөлмөлөрүн мыйзамсыздык менен курган, өз жакынын акысыз иштөөгө мажбур кылган, анын эмгек акысын төлөп бербеген адамга кайгы!

    22:14 Ал: «өзүмө заңгыраган эй, кенен бөлмөлөрдү курам», – деп, өзүнө терезе чыгарып, кедр тактайлары менен каптап, кызыл боёк менен боёйт.

    22:15 Сен өзүңө бардыгын кедр жыгачы менен куруп алгандыгың үчүн, падыша болом деп ойлойсуңбу? Сенин атаң жеди, ичти, бирок акыйкаттык жана адилеттик кылып турду, ошондуктан ага жакшы болгон.

    22:16 Ал жакыр адамдын жана муктаж адамдын ишин териштирип турган, ошондуктан ага жакшы болгон. «Бул Мени билгендикти билдирбейт бекен?» – дейт Теңир.

    22:17 Бирок сенин көздөрүң менен жүрөгүң өз кызыкчылыгыңа, жазыксыз кан төгүүгө, кысымчылык, зордук-зомбулук кылууга гана бурулган.

    22:18 Ошондуктан Теңир Жүйүт падышасы – Жошия уулу Жайаким тууралуу мындай дейт: «Аны жоктоп: “Аттиң ай, бир боорум! Аттиң, карындашым!” – деп ыйлашпайт. Аны жоктоп: “Аттиң ай, падыша! Аттиң, улуу урматтуум!” – деп ыйлашпайт.

    22:19 Аны эшекти көмгөндөй көмүшөт: аны сыртка сүйрөп чыгып, Иерусалим дарбазасынын сыртына, алыс ыргытышат».

    Иерусалим жөнүндөгү пайгамбарчылык

    22:20 «Лебанонго чыгып кыйкыр, Башанга чыгып үнүңдү жаңырт, Абарымдан кыйкыр, анткени сенин бардык шериктериң кыйрады.

    22:21 Мен сага сен тынчтык мезгилде жашап жатканда сүйлөгөм, бирок сен: “Укпайм”, – деп койгонсуң. Сенин жүрүш-турушуң жаш чагыңда эле ушундай болчу, сен Менин үнүмө кулак салчу эмессиң.

    22:22 Сенин бардык койчуларыңды шамал учуруп кетет, досторуң туткунга кетет, ошондо сен өзүңдүн бардык кыянаттыгың үчүн уятка каласың, маскара болосуң.

    22:23 Кедр дарагында уялаган Лебанондун тургуну! Сага төрөп жаткан аялдыкындай толгоо, кыйноо келгенде, сен ушунчалык аянычтуу болосуң!»

    Жайахиндин жазаланышы

    22:24 «Мен тирүүмүн, – деди Теңир. – эгерде Жүйүт падышасы Жайаким уулу Жайахин Менин оң колумдагы шакек болсо да, Мен сени ошол жерден да сууруп алам.

    22:25 Анан сени өзүңдү өлтүргүсү келгендердин колуна, өзүң корккондордун колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, каздимдердин колуна берем.

    22:26 Сени да, сени төрөгөн энеңди да өзүңөр төрөлбөгөн чоочун өлкөгө ыргытып жиберем, ошол жерде өлөсүңөр.

    22:27 Бирок алар өздөрүнүн жаны кайтып келүүнү каалаган жерге кайрылып келишпейт».

    22:28 Чын эле, Жайахин жек көрүндү, катардан чыккан адамбы? Же ал керектен чыккан идишпи? Ал жана анын тукуму эмне үчүн өздөрү билбеген өлкөгө ыргытылды?

    22:29 Оо жер, жер, жер! Теңирдин сөзүнө кулак сал!

    22:30 Теңир мындай дейт: «Бул адамды балдарынан ажыраган, өз өмүрүндө жолу болбогон адам деп жазып койгула, анткени эми анын тукумунан үч ким Дөөттүн тагына отурбайт, Жүйүт аймагында бийлик жүргүзбөйт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск