Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иеремия 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Ишенимсиз койчуларга болгон Кудайдын каары

    23:1 «Менин короомдун койлорун кырган жана туш-тушка кууп жиберген койчуларга кайгы!» – дейт Теңир.

    23:2 Ошондуктан Ысрайылдын Кудай-Теңири Менин элимди кайтарып жүргөн койчуларга мындай дейт: «Силер Менин койлорумду чачыратып жибердиңер, туш-тушка кууп жибердиңер, аларды карабай койдуңар. Мына, Мен силерди кыянат иштериңер үчүн жазалайм, – дейт Теңир.

    23:3 Мен койлорумдун калдыгын, аларды кайсы өлкөлөргө кууп жиберсем, ошол өлкөлөрдөн чогултуп, өз короолоруна алып келем, ошондо алар укумдап-тукумдап көбөйүшөт.

    23:4 Алардын үстүнөн аларды кайтара турган койчуларды коём, ошондон кийин алар коркушпайт, чочушпайт, жоголушпайт, – дейт Теңир.

    23:5 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Дөөткө адилеттүү Бутак өстүрүп чыгарам, Падыша такка отурат, акылмандык менен иш кылат, жер үстүндө акыйкаттык жана адилеттик кылат.

    23:6 Анын убагында Жүйүт куткарылат, Ысрайыл коопсуз жашайт. Мына, аны мындай ат менен аташат: “Теңир биздин адилеттигибиз!”

    23:7 Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү: “Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыккан Теңир тирүү!” – деп айтпай калышат.

    23:8 Бирок: “Ысрайылдын урууларын өзү кууп жиберген түндүк жеринен жана башка жерлерден кайра алып чыгып, өз жерлерине алып келген Теңир тирүү”, – деп айтышат. Ысрайыл өз жеринде жашайт».

    Жалган пайгамбарлар жөнүндөгү пайгамбарчылык

    23:9 Пайгамбарлар жөнүндө. Ичимде жүрөгүм тилинип жатат, сөөктөрүмдүн баары титиреп жатат. Мен Теңирим үчүн, Анын ыйык сөздөрү үчүн шарапка жеңилген мас кишиге окшоп турам.

    23:10 Анткени жер ойноштук кылгандарга толду, анткени жер каргыштан улам боздоп турат. Чөлдөгү жайыттар куурап калды, алардын максаты – жамандык, алардын күч-кубаты – анткорлук.

    23:11 Анткени пайгамбар да, ыйык кызмат кылуучу да эки жүздүү, атүгүл, «Мен өз үйүмдө да алардын мыйзамсыздыгын таптым, – дейт Теңир.

    23:12 Ошон үчүн аларга өздөрүнүн жолдору караңгыдагы тайгалак жердей болот. Аларды түртүп кетишет, ошондо алар ошол жерге жыгылышат, анткени Мен аларды жазалай турган жылы алардын башына мүшкүл түшүрөм, – дейт Теңир.

    23:13 Мен Самариянын пайгамбарларынан да акылсыздыкты көрдүм. Алар Баалдын атынан пайгамбарчылык кылып, Менин элим Ысрайылды адаштырышты.

    23:14 Иерусалимдин пайгамбарларынан да өтө жаман нерселерди көрдүм, алар бузуктук кылып, жалганчылык менен жүрүшөт, үч ким өзүнүн мыйзамсыздыгынан бурулбасын деп, кылмышкерлерди колдоп жатышат. Алардын бардыгы Менин алдымда Содом сыяктуу, анын тургундары Амор сыяктуу».

    23:15 Ошондуктан Себайот Теңир пайгамбарлар жөнүндө мындай дейт: «Мен аларга эрмен жедирем, өт кошулган суу ичирем, анткени эки жүздүүлүк бүт жер жүзүнө Иерусалимдин пайгамбарларынан тарады».

    23:16 Себайот Теңир мындай дейт: «Силерге пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын сөздөрүнө кулак салбагыла: алар силерди алдап жатышат, алар Теңирдин оозунан чыккан сөздү эмес, өз жүрөгүнүн кыялдарын айтып жатышат.

    23:17 Алар Мага акарат келтиргендерге дайыма: “Теңир айтты, Силерде тынчтык болот”, – деп жатышат. өз жүрөгүнүн өжөрлүгү менен жүргөн ар бир кишиге: “Силерге кайгы келбейт”, – деп айтып жатышат.

    23:18 Анткени ким Теңирдин кеңешмесинде турду? Анын сөзүн ким көрүп, ким укту? Анын сөзүн ким угуп, ким түшүндү?

    23:19 Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал ыймансыздардын башына түшөт.

    23:20 Теңир өз жүрөгүнүн ниетин аткармайынча, аны жүзөгө ашырмайынча, Анын каары кайтпайт. Келе жаткан күндөрдө силер муну ачык түшүнөсүңөр.

    23:21 Мен бул пайгамбарларды жиберген эмесмин, алар өздөрү жүгүрүп кетишти. Мен аларга сүйлөгөн эмесмин, алар өздөрү пайгамбарчылык кылышты.

    23:22 үгерде алар Менин кеңешмемде турушса, анда Менин элиме Менин сөзүмдү жарыя кылышмак, аларды жаман жолдорунан жана жаман иштеринен буруп кетишмек.

    23:23 Мен жакын турганда эле Кудай, алыс турганда Кудай эмес бекем? – дейт Теңир.

    23:24 Адам Мен көрбөй турган жашыруун жерге жашынып кала алабы? – дейт Теңир. Асман менен жерди толтуруп турган Мен эмес бекем? – дейт Теңир.

    23:25 Менин ысымым менен жалган пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын эмне деп жаткандарын Мен уктум. Алар: “Түшүмө кирди, түшүмө кирди”, – дешет.

    23:26 Бул качанкыга чейин жалганды пайгамбарчылык кылган, өздөрүнүн жүрөгүндөгү куру кыялды пайгамбарчылык кылган пайгамбарлардын жүрөгүндө жүрө берет?

    23:27 Алардын ата-бабалары Баалдын айынан Менин ысымымды унутуп коюшкандай, алар бири-бирине айтып берген түштөрү аркылуу Менин элимди Менин атымды унутканга чейин жеткирүүнү ойлоп жатышабы?

    23:28 Түш көргөн пайгамбар түшүн түш катары айтып берсин. Ал эми кимде Менин сөзүм бар болсо, ал Менин сөзүмдү туура айтсын. Топон менен таза дандын кандай жалпылыгы бар? – дейт Теңир.

    23:29 Менин сөзүм от сыяктуу эмеспи? – дейт Теңир. – Менин сөзүм асканы талкалаган барскандай эмеспи?

    23:30 Ошондуктан мына, Мен Менин сөзүмдү бири-биринен уурдаган пайгамбарларга каршымын, – дейт Теңир.

    23:31 Мына, Мен: “Теңир айтты”, – деп коюп, өздөрүнүн тили менен иш кылган пайгамбарларга каршымын, – дейт Теңир.

    23:32 Мына, Мен жалган түш көргөн пайгамбарларга каршымын, – дейт Теңир. Мен аларды жибербесем да, аларга буйрук бербесем да, өздөрүнүн түштөрүн айтып берип, Менин элимди өздөрүнүн куру кыялы менен, азгырыгы менен тескери жолго салып жатышат, – дейт Теңир. Алар бул элге үч кандай пайда алып келишпейт», – дейт Теңир.

    «Теңирден оордук» деген сөз жөнүндө

    23:33 «үгерде ушул эл, же пайгамбар, же ыйык кызмат кылуучу сенден: “Теңирден кандай оордук болот?” – деп сураса, анда аларга айт: “Кандай оордук? "Мен силерди таштап кетем", – дейт Теңир”.

    23:34 үгерде пайгамбар, же ыйык кызмат кылуучу, же эл: “Теңирден оордук келет”, – десе, Мен ал адамды да, анын үйүн да жазалайм.

    23:35 Бири-бириңерден, бир тууган бир туугандан: “Теңир эмне деп жооп берди?” же болбосо: “Теңир эмне деп айтты?” – деп сурасын.

    23:36 Ал эми “Теңирден оордук болот” деген сөздү мындан ары колдонбогула, анткени аны айткан адамга өз сөзү өзүнө оордук болот. Анткени силер Кудайыбыз Себайот Теңирдин, тирүү Кудайыбыздын, сөздөрүн бурмалап жатасыңар.

    23:37 Пайгамбарга: “Сага Теңир эмне деп жооп берди?” же болбосо: “Теңир эмне деп айтты?” – де.

    23:38 үгерде силер: “Теңирден оордук келди”, – деп дагы айта турган болсоңор, анда Теңир мындай дейт: “Теңирден оордук келди”, – деп айтпагыла деп айттырып жибергениме карабастан, “Теңирден оордук келди” деген сөздү айтканыңар үчүн,

    23:39 мына, Мен силерди таптакыр эсимден чыгарып коём, силерди таштап коём, силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген бул шаарды өзүмдүн жүзүмдөн четке кагам.

    23:40 Силерди түбөлүккө унутулгус шылдың жана маскара кылам».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск